ДҮЙНӨ
2 мүнөт окуу
Европадагы куш тумоосу түрк жумарткасына болгон талапты жогорулатты
Европанын эң чоң жумуртка өндүрүүчүсү Польшада куш тумоосунан улам өндүрүштүн азайышы Түркиянын экспортун ылдамдатты.
Европадагы куш тумоосу түрк жумарткасына болгон талапты жогорулатты
Канаттуулар тумоосу Европанын жумурткага болгон суроо-талабын Түркияга бурду

Эгей экспорттоочулар ассоциацияларынан алынган маалыматтарга ылайык, Түркия январь-май айларында 92 494 тонна жумуртка экспорттоп, 240 079 000 доллар киреше алды.

Ирак 47 577 000 доллар экспорт менен тармактын эң ири рыногу болуп, ал эми жылдын алгачкы беш айында эң олуттуу өсүш Европа рыногунда байкалды.

Өткөн жылдын январь-май айларында 2 204 000 долларды түзгөн Италияга жаслаган жумуртка экспорту быйылкы жылдын ошол мезгилинде 24 773 000 долларга чейин өскөн. Италияга жөнөтүлгөн жумуртканын көлөмү 1200 тоннадан 13 200 тоннага чейин өстү. Ушундайча Италияга экспорттун наркы 1024 пайызга, ал эми саны 1000 пайызга өстү.

Европанын жумуртка борбору Түркияга багыт алды

Европадагы алдыңкы жумуртка өндүрүүчүлөрдүн бири болгон Польшада куш тумоосунан улам өндүрүштүн төмөндөшү өлкөнүн импортун көбөйттү.

Өткөн жылдын алгачкы беш айында Польша Түркиядан 109 000 долларлык жумуртка импорттогон; бул көрсөткүч быйылкы жылдын ушул эле мезгилинде 19 681 000 долларга чейин өстү. Өлкөгө экспорттолгон жумурткалардын көлөмү 15 тоннадан 11 000 тоннага чейин көбөйдү.

Измир жумуртка өндүрүүчүлөр ассоциациясынын президенти Нериман Дере Чатмадаш Түркиянын жылына болжол менен 20 миллиард жумуртка өндүрөрүн билдирди.

Чатмадаш Түркиянын жумуртка өндүрүүчү алдыңкы 10 өлкөнүн катарына кирерин жана өндүрүшүнүн дээрлик 25% экспорттой турганын белгилеп, бул жерде өндүрүлгөн жумуртканын жогорку сапатын баса белгиледи.

Чатмадаш түрк өндүрүүчүлөрү акыркы жылдары тоют жана өндүрүш жаатында олуттуу тажрыйба топтогонун жана бул тармак чийки заттын сапаты жана жаныбарлардын ден соолугу жагынан олуттуу ийгиликтерге жетишкенин кошумчалады.

Түркия жумуртка өндүрүү боюнча дүйнөдө 9-орунда, ал эми Европада 2-орунда турат.

Иликте
Украина Президенти Зеленский Россияга каршы жаңы операцияларга уруксат бергенин жарыялады
Министр Фидан Кудс боюнча министрлер жыйынына катышат
Wildberries 2027-жылы Казакстанда 260 000 чарчы метр аянтты ээлеген жаңы кампа ачууну пландап жатат
Түркия Кара деңизде кол салууга кабылган кемелердеги жарандарынын абалын кылдат көзөмөлдөп жатат
Apple компаниясы Telegram тиркемесин App Store дүкөнүнөн убактылуу алып салды
Армениянын президенти Хачатурян Пашиняндын жаңы кабинетин бекитти
Иран президенти: Аймактык бүтүндүгүбүздү коргойбуз, бирок согушту кеңейтүүнү каалабайбыз
Президент Эрдоган Сауд Арабиясынын мураскер ханзаадасы Салман менен сүйлөштү
Жогорку аскердик кеңеш жыйналууда
Ибрахим Калын Газадагы тынчтык планын талкуулоо үчүн Хамастын лидери менен жолугушту
Түркия, Египет жана Катар  геноцидчи Израилди айыптады
Дрондор түнү бою Орусиянын аймактарына сокку уруп, Москвада беш адам каза болду
Министр Фидандын дипломатиялык иш-аракеттери
Казакстан Арал менен Каспийди бириктире турган стратегиялык автожолдун курулушун баштады
Коргоо жана авиация тармагы 1,12 миллиард долларлык экспортту ишке ашырды