ДҮЙНӨ
1 мүнөт окуу
Зеленский Украинанын минага каршы келишимден чыгуусу үчүн жарлыкка кол койду
Украина Орусиянын миналарды интенсивдүү колдонгону жана келишимге катышпаганы үчүн Оттава келишиминен чыгууну чечти.
Зеленский Украинанын минага каршы келишимден чыгуусу үчүн жарлыкка кол койду
Zelenskyy has not yet officially confirmed Kostenko’s statement. / AP
 

Украинанын президенти Владимир Зеленский, Украинанын миналарды колдонууга жана сактоого тыюу салган эл аралык келишимден чыгуусун көздөгөн жарлыкка кол койгонун билдирди.

Украинанын Жогорку Радасынын Улуттук коопсуздук, коргонуу жана чалгындоо комитетинин башчысы Роман Костенко жекшемби күнү Facebook баракчасында бул чечим тууралуу билдирүү жасады.

Костенко: “Украинанын президенти, Улуттук коопсуздук жана коргонуу кеңешинин Оттава конвенциясынан чыгуу чечимин ишке ашыруусу боюнча жарлыкка кол койгонун мага жаңы эле кабарлашты”, – деди.

Бул чечимдин себеби катары Орусиянын аталган келишимге катышпаганын жана Москванын Украинага каршы миналарды “кеңири” колдонуп жатканын айтты.

“Душман эч кандай чектөөлөргө дуушар болбогон кырдаалга байланып кала албайбыз”, – деген Костенко, бул маселе эми Жогорку Радада караларын кошумчалады.

Зеленский азырынча Костенконун билдирүүсүн расмий түрдө тастыктай элек.

1997-жылы кабыл алынган Оттава конвенциясы миналарды сатып алууга, өндүрүүгө, сактоого, өткөрүүгө жана колдонууга тыюу салат. Украина бул келишимге 1999-жылы кол коюп, 2005-жылы ратификациялаган.

Иликте
Министр Болат: «Акыркы 6 айда биз ай сайын экспорттун бардык рекорддорун жаңыладык»
Украина: «Россиянын Кривой Рог шаарына жасаган чабуулунан 2 адам каза болуп, 52 адам жаракат алды»
Австралия, Канада жана Жаңы Зеландия Россияны Украинадагы согушту токтотууга чакырды
"Оруч реис" сейсмикалык изилдөө кемеси Пакистанга чалгындоо иштерин баштоо үчүн барды
Тышкы иштер министри Фидан Европа Комиссиясынын төрага орун басары Фитто менен Анкарада жолугушту
WSJ: АКШ "Украина Россияга аймактарды берүү менен НАТОго мүчөлүгүн" күн тартибине алып келүүдө
Трамп Путинди досу катары атап, Европаны Украинага жардамды токтотууга чакырды
KIZILELMA дүйнөлүк басылмаларда чоң кызыгуу жаратты
Израилдин чабуулдарынан улам 6 миңден ашуун палестиналык кайрадан жер которууга аргасыз болду
Йылмаз: "Түркия менен Өзбекстандын ортосунда ийгиликтүү инвестициялык чөйрөнү түзүшүбүз керек"
Россия: "Украинанын энергетикалык жана порттук инфраструктуралык объектилерине чабуул жасадык"
Трамп Си Цзиньпин жана Путин менен өтө турган тарыхый саммит баштала электе эле «жеңиш» деп мүнөздү
Эрдоган: "Израиль Газаны дүйнөдөгү эң ири концлагерге айландырууда"
Министр Курум: "Антальяда бирдиктүү жана бекем макулдашууга жетишүүгө чечкиндүүбүз"
ЕБдан Украинада  ыктымалдуу тынчтык келишими үчүн коопсуздук кепилдиктерин талап кылды