Украинанын тышкы иштер министри Андрей Сиыбиха шейшемби күнү венгриялык кесиптеши Петер Сиярто менен Россиянын Украинага кол салуусу, эки тараптуу мамилелер жана Киевдин Европа Биримдигине мүчөлүк жолундагы жылышы боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөргөнүн билдирди.
Сыбиха Telegram аркылуу билдирүүсүндө төмөнкүлөрдү белгиледи: "Жолугушуубузда Петер Сияртого Россиянын террордук аракеттери күчөп жатканын билдирдим жана Украинанын тынчтык аракеттерине берилгендигин кайталадым. Россияга болгон кысымды күчөтүү жана тынчтык процессин алдыга жылдыруу үчүн эл аралык коомчулуктун колдоосуна муктажбыз."
Сыбиха сүйлөшүүлөрдө Украинанын вице-премьер-министри Тарас Качканын Будапештке жасай турган сапары жана венгер улуттук азчылыгынын укуктары боюнча кеңешмелердин талкууланганын билдирип :"Украина бардык эки тараптуу маселелер боюнча өз ара урмат сый менен иштөөгө даяр”,- деди.
Сыбиха Украинанын Европа Биримдигине кошулуу сүйлөшүүлөрүндө кластерлерди мүмкүн болушунча тезирээк ачуу зарылдыгын баса белгилеп, бардык Европа Биримдигине мүчө мамлекеттерди бул кадамды колдоого чакырды.
Өзгөчө Венгриянын Shell компаниясы менен 10 жылдык газ жеткирүү келишимин кубаттап, бул кадамды “регионубуздун жана бүтүндөй Европанын энергетикалык коопсуздугун бекемдөөдө маанилүү кадам” деп мүнөздөдү.
“Украинанын жана Европанын коопсуздугу бөлүнгүс жана аны бекемдөө биздин жалпы кызыкчылыгыбыз. Эки элдин ортосундагы прагматикалык жана өз ара пайдалуу кызматташтык негизги мааниге ээ жана биз венгр тарапты бул багытта конструктивдүү иштөөгө чакырабыз,” – деди Сыбиха.
Сүйлөшүүлөр Украинанын Россияга таандык "Дружба" мунай кууруна кайталанган чабуулдарынан кийин болду, алардын акыркысы дем алыш күндөрү болгон.
Украинанын учкучсуз учуучу аппараттар күчтөрүнүн командири Роберт Бровди жекшемби күнү Telegram каналында билдиргендей, Украина Россиянын Брянск облусундагы "Дружба" мунай кууруна кол салып "өрттөн чоң зыянга учуроосуна” себеп болду.
Аталган транзиттик куур Россиянын мунайын Венгрия менен Словакияга жеткирип турат. Бул өлкөлөр 2022-жылы Россия Украинага кол салгандан кийин Европа Биримдигинин башка өлкөлөрү энергетикалык байланыштарын үзсө дагы, Россиядан энергия алууну улантууда.










