ДҮЙНӨ
3 мүнөт окуу
Россия менен Белоруссия НАТО менен чыңалуу күчөп жаткан учурда биргелешкен аскердик машыгуу баштады
"Запад" машыгуулары орус аскерлеринин Украинадагы кеңири фронттук тилкеде алдыга жылып, Украинанын шаарларына абадан сокку урууну күчөтүп жаткан учурда башталды.
Россия менен Белоруссия НАТО менен чыңалуу күчөп жаткан учурда биргелешкен аскердик машыгуу баштады
/ AFP

Россия жана негизги өнөктөшү Белоруссия жума күнү эртең менен ири масштабдагы биргелешкен аскердик машыгууларды баштады. Бул кадам Польшанын Москваны аба мейкиндигине чабуул жасоочу дрондорду жөнөтүп, чыңалууну күчөтүүдө деген айыптоосунан кийин НАТОну кооптондурду.

"Запад" машыгуулары орус күчтөрүнүн Украинадагы кеңири фронттук тилкеде алдыга жылышы жана Украинанын шаарларына абадан сокку урууларынын күчөшү менен бир убакка туш келди.

Белоруссия чек арасына коңшу болгон НАТОнун чыгыш канатынын мүчөлөрү Польша, Литва жана Латвия борбор шаар Минсктин чыгышындагы Борисов шаарына жакын жерде өткөрүлөрү билдирилген машыгуулардан улам даярдыктарды күчөтүштү.

Үч өлкө тең машыгуулардан мурун коопсуздук чараларын күчөтүп, Польша машыгуу учурунда Белоруссия чек арасын толугу менен жабуу буйругун берди.

Россиянын коргоо министрлиги берген билдирүүсүндө : “Орус жана Белоруссия армияларынын биргелешкен стратегиялык маневрлери башталды”,- деп айтылды.

Польшанын премьер-министри Дональд Туск өлкөсү үчүн "оор күндөрдү" тууралуу эскертти.

Туск шаршемби күнү эрте сааттарда Польша жана НАТО союздаштарынын аба мейкиндигине кирген орус дрондорун атып түшүрүү үчүн аскердик учактарын эскерткенден кийин даярдагандан кийин, Экинчи дүйнөлүк согуштан бери биринчи жолу "ачык кагылышууга" ушунчалык жакын экендерин билдирди.

Москва бул кооптонууну четке какты.

Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков: «Бул пландалган машыгуулар, эч бир өлкөнү бутага албайт»,-деп, Польшанын машыгууларды «агрессивдүү» күч көрсөтүү катары мүнөздөшүн четке какты.

Украинанын президенти Владимир Зеленский да Москванын ниети тууралуу эскертип : “Россиянын мындай аракеттеринин мааниси эч кандай коргонуу эмес жана бир гана Украинага каршы багытталган эмес",- деп билдирди.

Россия болсо бир түндө өз жерлеринде 221 Украина дронунун атып түшүрлгөндүгүн айтты.

Жөн эле шоубу?

Төрт жылда бир өткөрүлгөн 2025 “Запад” машыгуулары Украинадагы согуш мезгилиндеги биринчи машыгуу болуп 16 - сентябрга чейин уланат.

Москва Укриана чабуулун баштагандан бир канча ай мурун 2021 - жылдагы ушуга кошогон машыгууларга 200 000ге жакын аскер жиберген.

Бирок бул жылкы “Запад” машыгуусунун аз масштабда болушу күтүлүүдө, анткени жүз миңдеген орус аскери Украинага жайгаштырылган.

Белоруссия январь айында машыгууларга 13 000 аскеринин катышарын билдирген бирок май айында бул сандын жарымга түшүрүлөрүн жарыялаган.

Тусктун айтымында, бул машыгуулар Польша менен Литванын ортосундагы чек араны бойлой, Беларус менен Россиянын Калининград облусу менен чектешкен Сувалки коридоруна басып кирүүнү симуляциялоо максатын көздөйт.

Бул коридор НАТО үчүн алсыздык катары каралууда жана Россиянын кандайдыр бир чабуулунда биринчи бута болушу мүмкүн.

Белоруссиянын президенти Александр Лукашенко бул кооптонууну “куру сөз” деп четке какты.

Үстүбүздөгү жылдын башында мамлекеттик маалымат каражаттары Беларустун коргоо министри машыгуулар “чыңалууну азайтуу үчүн” Польша менен Украинанын чек араларынан алыс жерде өткөрүлөрүн жарыялаганын кабарлашкан.

Бирок Польша Москванын чынына кабылып Белоруссия менен калган бир нече чек ара өткөөлдөрүн жаап, чыгыш чек арасындагы аба каттамдарын чектеди.

Литва менен Латвия да аба мейкиндигин жарым-жартылай жапканын жарыялады.

Россиянын Беларуссиядагы тактикалык өзөктүк куралын жайгаштырышы машыгууларга жаңы өңүт кошту.

Минск август айында машыгууларда Россиянын жаңы эксперименталдык өзөктүк дүрмөттүү "Орешник" ракеталары менен өзөктүк чабуул жасоо боюнча машыгуулардын да өткөрүлөрүн билдирген.

Иликте
Кытайдын Сычуань провинциясында үйдүн дубалы кулап, беш адам каза болду
Иран парламентинин төрагасы Калибаф Иракка сапарын Сүлейманинин эстелигин зыярат кылуу менен баштады
Индиянын Батыш Бенгалия штатындагы мейманканадагы өрттөн тогуз адам каза болду
Британияда сальмонеллез оорусунан 1 адам каза болуп, 207 учур катталды
Катар Газадагы ок атышууну токтотуу келишиминин толук аткарылышы үчүн кысымын күчөтүүдө
БУУ Газанын  2025 -  жылы да гуманитардык жардам кызматкерилери каза болгон аймак болгонун билдирди
Сирияда газ жеткирген газ түтүгүндө жарылуу болду
Лавров Россия менен Түндүк Кореянын жаңы көп полюстуу дүйнөлүк тартипти издеп жатканын айтты
Түркия 2026–2030-жылдарда глобалдык ЖИ борбору болуу максатындагы жол картасын жарыялады
Австралия менен Япониянын коргоо министрлери терең аскердик кызматташтык тууралуу сүйлөштү
Филиппиндеги  мектепте болгон куралдуу кол салууда  төрт адам каза болду
Украина Орусиянын чабуулдарына каршы бир нече жумадан бери Patriot ракеталарын колдоно албай жатат
Франция Түркияга да ыраазычылык билдирди
Түштүк Кореянын президенти 2030-жылга чейин аскердик командирликти АКШдан алууга аракет кылууда
Аракчи: "АКШ менен жетишилген келишимди ишке ашыруудагы эң чоң тоскоолдук - бул Израиль"