ДҮЙНӨ
2 мүнөт окуу
Трамптын бири - бири менен дал келбеген билдирүүлөрү согуштун белгисиздигин күчөттү
Өкмөттөр согуштун кесепетин азайтуу үчүн чет өлкөлөргө карата расмий сапарларды кыскартуу, бардык тармактарда күйүүчү май керектөөнү кыскартуу сыяктуу бир топ чараларды жарыялады.
Трамптын  бири -  бири менен дал келбеген билдирүүлөрү согуштун белгисиздигин күчөттү
Трамп республикачыл мыйзам чыгаруучуларга согуш "кыска мөөнөттүү жортуул" болорун айтканына карабай, Иран коңшу Перс булуңу мамлекеттерине соңку кол салууларын жасады. / AP
 

Иран шейшемби күнү Сауд Арабиясы жана Кувейтке карата дрондорду учурду. АКШнын президенти Дональд Трамптын согуштун мөөнөтү тууралуу бири-бирине карама-каршы келген билдирүүлөрү рыноктордогу туруксуздукту жана белгисиздикти күчөттү.

Сауд Арабиясынын Коргоо министрлиги чыгыштагы мунайга бай аймакта дрондорду жок кылгандарын билдирди. Кувейттин Улуттук Гвардиясы түндүктө жана түштүктө айрым дрондорду атып түшүргөндөрүн жарыялады.

Бириккен Араб Эмирликтеринин Коргоо министрлиги Ирандан келген ракета жана дрондук коркунучтарга каршы абадан коргонуу системалары иштеп жатканын «X» социалдык тармагы аркылуу билдирди.

Ирандын Перс булуңундагы өлкөлөргө жасаган акыркы кол салуулары Трамптын дүйшөмбү күнү кечинде республикачыл мыйзам чыгаруучуларга согуш "кыска операция" болорун айткандан кийин болду. Бирок бир нече сааттан кийин ал социалдык тармактарда Иран Ормуз кысыгын жабууга аракет кыла турган болсо, АКШнын чабуулдары күчөй турганын билдирди.

Трамптын сөздөрүнө Иран мамлекеттик медиасында жооп катары берилген билдирүүдө Төңкөрүш Гвардиясынын катчысы Али Мохаммад Наини буга жооп катары: «Согуштун качан бүтөөрүн Иран өзү чечет», — деди.

Египет мунай бааларынын өсүшүнө байланыштуу күйүүчү май баасын жогорулатты

Жакынкы Чыгыштагы согуштун кесепетинен мунай баасы кымбаттап, Египетте күйүүчү майдын баасы 17%га чейин көтөрүлдү.

Каирдин маалыматы боюнча, коомдук транспортто кеңири колдонулган дизелдин баасы 17%дан ашык, ал эми бензиндин баасы 14-15%га өстү.

Согуш мунай импортуна көз каранды болгон Египетке катуу сокку урду. Египет фунту АКШ долларына карата рекорддук деңгээлде (52ден жогору) төмөндөдү.

Согуштун кесепетин азайтуу үчүн өкмөт бир катар чараларды жарыялады, анын ичинде чет өлкөлөргө карата расмий сапарларды кыскартуу жана тармактарда ​​ күйүүчү май керектөөнү азайтуу.

Трамп Иран мунай танкерлерин токтото турган болсо катаал сокку урарына убада берди.

Трамп социалдык тармактагы баракчасына: "Эгерде Иран Ормуз кысыгында мунай агымын токтотууга багытталган кандайдыр бир кадам жасаса, анда АКШ тарабынан буга чейинки соккуларынан жыйырма эсе катуу сокку урулат", - деп жазды.

Ал бул эскертүүсүнүн аймактагы мунайга көз каранды болгон өлкөлөр менен бирге Кытай үчүн да «белек» экенин кошумчалады.

Иликте
Министр Болат: «Акыркы 6 айда биз ай сайын экспорттун бардык рекорддорун жаңыладык»
Украина: «Россиянын Кривой Рог шаарына жасаган чабуулунан 2 адам каза болуп, 52 адам жаракат алды»
Австралия, Канада жана Жаңы Зеландия Россияны Украинадагы согушту токтотууга чакырды
"Оруч реис" сейсмикалык изилдөө кемеси Пакистанга чалгындоо иштерин баштоо үчүн барды
Тышкы иштер министри Фидан Европа Комиссиясынын төрага орун басары Фитто менен Анкарада жолугушту
WSJ: АКШ "Украина Россияга аймактарды берүү менен НАТОго мүчөлүгүн" күн тартибине алып келүүдө
Трамп Путинди досу катары атап, Европаны Украинага жардамды токтотууга чакырды
KIZILELMA дүйнөлүк басылмаларда чоң кызыгуу жаратты
Израилдин чабуулдарынан улам 6 миңден ашуун палестиналык кайрадан жер которууга аргасыз болду
Йылмаз: "Түркия менен Өзбекстандын ортосунда ийгиликтүү инвестициялык чөйрөнү түзүшүбүз керек"
Россия: "Украинанын энергетикалык жана порттук инфраструктуралык объектилерине чабуул жасадык"
Трамп Си Цзиньпин жана Путин менен өтө турган тарыхый саммит баштала электе эле «жеңиш» деп мүнөздү
Эрдоган: "Израиль Газаны дүйнөдөгү эң ири концлагерге айландырууда"
Министр Курум: "Антальяда бирдиктүү жана бекем макулдашууга жетишүүгө чечкиндүүбүз"
ЕБдан Украинада  ыктымалдуу тынчтык келишими үчүн коопсуздук кепилдиктерин талап кылды