ДҮЙНӨ
2 мүнөт окуу
Лондондун Хитроу аэропорту өрттүн кесепетинен электр жарыгы өчүп,толук бир күн иштебей калды
Жума күнү электрдик көмөкчордондо чыккан ири өрт Хитроу аэропортун жаап, каттамдарга таасирин тийгизип, миңдеген жүргүнчүлөрдү тыгынга учуратты.
Лондондун Хитроу аэропорту өрттүн кесепетинен электр жарыгы өчүп,толук бир күн иштебей калды
Лондондун Хитроу аэропорту өрттүн кесепетинен электр жарыгы өчүп,толук бир күн иштебей калды / AP
 

Улуу Британиянын Хитроу аэропорту электр подстанциясында өрт чыгып, электр энергиясы өчүрүлгөндөн кийин жума күнү жабылды. Кырдаал Европанын эң ири туристтик борборлорунун биринде жүз миңдеген жүргүнчүлөр үчүн каттамдарды үзгүлтүккө учуратты.

Каттамдар Гатвик аэропортуна, Париждеги Шарль де Голль аэропортуна жана Ирландиянын Шеннон аэропортуна бурулду. Бул маалыматты учактарды көзөмөлдөө кызматы тастыктады.

Хитроуга келген жана кеткен кеминде 1,350 каттам зыян тартты, анын ичинде АКШнын шаарларынан айрым каттамдар токтотулду. Бул маалымат менен учууга көз салуу кызматы FlightRadar 24 бөлүштү.

«Жүргүнчүлөрүбүздүн жана кызматкерлерибиздин коопсуздугун камсыз кылуу үчүн Хитроуну жума күнү толук бир күнгө жабуудан башка аргабыз жок», - деп айтылат аэропорттун билдирүүсүндө. «Биз жакынкы күндөрү олуттуу үзгүлтүккө учурашын күтөбүз жана жүргүнчүлөр аэропорт кайра ачылганга чейин саякатка чыкпашы керек».

Хитроу эл аралык саякат боюнча дүйнөдөгү эң көп каттаган аэропорттордун бири катары белгилүү. Ушул жылдын башында ал январь айында 6,3 миллиондон ашык жүргүнчү менен рекорддорду жаңырткан. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырганда 5 пайыздан ашык өскөндүгүн билдирет. Январь айы менен катар бул аэропорт 11 ай катары менен күнүнө орточо 200 000ден ашуун жүргүнчүнү кабыл алган мезгил болчу. Бул өсүшкө трансатлантикалык саякаттын чоң салым кошкону айтылды.

Бардык каттамдар токтотулган Хитроу анын иштери тууралуу көбүрөөк маалымат болгондо жаңыртуу берерин айтты. Улуттук темир жол аэропортуна баруучу жана кайра келген бардык поезддерди токтотту.

Лондондун өрт өчүрүү кызматы бейшемби күнү кечинде Лондондун батышындагы электр подстанциясында трансформатор күйүп кеткенден кийин чыккан өрткө 10 өрт өчүрүүчү машина жана 70тей өрт өчүрүүчү тартылганын билдирди. Миңдеген үйлөр жарыксыз калып, 150дөй адам эвакуацияланган.

Социалдык тармактарда бөлүшүлгөн сүрөттөрдө мекемеден чоң жалын жана коюу түтүн булуттары көтөрүлүп жатканын көрүүгө болот. Комиссардын жардамчысы Пэт Гулбурн: «Өрт көп сандаган үйлөргө жана жергиликтүү ишканаларга электр энергиясынын өчүрүлүшүнө алып келди жана биз үзгүлтүккө учураууну азайтуу үчүн өнөктөштөрүбүз менен тыгыз иштешип жатабыз»,-деди.

Шотландиялык жана Түштүк электр тармактары X платформасындагы билдирүүсүндө электр жарыгынын өчүрүлүшү 16,300дөн ашык үйгө таасирин тийгизгенин билдирди.

Окуя болгон жерге бейшемби күнү саат 23.23тө тез жардам бригадалары чакырылган. Өрттүн келип чыгуу себептери азырынча тактала элек. Гулбурн адамдарды коопсуздук чараларын көрүүгө жана өрттү өчүрүү үчүн экипаждар иштеп жаткан аймактан алыс болууга үндөдү.

 FlightAware сайты Хитроуга бир нече каттамдар токтотулганын көрсөттү. Алардын арасында Нью-Йорктогу Джон Кеннеди эл аралык аэропортунан Delta Airlines жана American Airlines авиакомпанияларынын учуусу жана Вашингтон Даллес эл аралык аэропортунан United Airlines учагы бар.

Хитроу адатта түнкү каттамга чектөөлөр киргизилгендиктен эртең мененки саат 6да каттамдарды ачат. Бирок жума күнү саат 23.59га чейин жабыла турганы айтылды.

Улуу Британиянын өкмөтү жыл башында экономиканы жана дүйнө менен байланышты көтөрүү максатында аэропортко үчүнчү учуу тилкесин курууну жактырган.

Иликте
Индонезиядагы өрт апааты: 24 адам каза таап, ондогон адамдан кабар жок
Трамп Иранга чабуулдар жаңы жылдан кийин кайра башталышы мүмкүн деп эскертти
Украина: "Орусиянын ар кандай чабуулдарынан 14 жаран каза болду"
Түрк Кызылайы Газадагы 25 миң адамга азык-түлүк жардамын жөнөттү
Баскынчы Израиль Батыш Шериадагы жөөт конуштарында 895 жаңы турак жай куруу планын жарыялады
Украина: «Россиянын Кривой Рог шаарына жасаган чабуулунан 2 адам каза болуп, 52 адам жаракат алды»
Австралия, Канада жана Жаңы Зеландия Россияны Украинадагы согушту токтотууга чакырды
WSJ: АКШ "Украина Россияга аймактарды берүү менен НАТОго мүчөлүгүн" күн тартибине алып келүүдө
Трамп Путинди досу катары атап, Европаны Украинага жардамды токтотууга чакырды
Израилдин чабуулдарынан улам 6 миңден ашуун палестиналык кайрадан жер которууга аргасыз болду
Россия: "Украинанын энергетикалык жана порттук инфраструктуралык объектилерине чабуул жасадык"
Трамп Си Цзиньпин жана Путин менен өтө турган тарыхый саммит баштала электе эле «жеңиш» деп мүнөздү
ЕБдан Украинада  ыктымалдуу тынчтык келишими үчүн коопсуздук кепилдиктерин талап кылды
Путин APEC ишкер лидерлерине экономикалык кысымдын «артта калганын» айтты
Россия: Украина Крым көпүрөсүнө кайрадан чабуул жасады
Мыйзамсыз израилдик отурукташуучулар Иерихонго жакын жерде палестиналык аялды өлтүрдү
Түштүк Кореяда 75 жыл мурда согушта курман болгон аскердин сөөгүнүн калдыгы үй-бүлөсүнө тапшырылды
Иран АКШнын аскердик учкучсуз учуучу аппаратын кармап алганын билдирди
Россия: Украинада убактылуу ок атышууну токтотууну эмес, көп жылдарга созулган тынчтыкты каалайбыз
Израиль Газанын түштүгүндө ХАМАСтын жогорку даражалуу командирин өлтүрдү