Согушту токтотуу боюнча уланып жаткан аракеттерге токтолгон Зеленский украиналык сүйлөшүүчүлөр эртең АКШда болорун билдирди.
Анын айтымында, Украинанын президенттик аппаратынын башчысы Кирило Буданов, орун басары Сергей Кислица, Тышкы чалгындоо кызматынын башчысы Рустем Умеров жана парламенттин мүчөсү Давид Арахамия сүйлөшүүлөргө катышат.
Зеленский сүйлөшүүлөргө европалык расмий өкүлдөрдүн да катышары күтүлүп жатканын белгиледи. АКШдагы сүйлөшүүлөр эки күнгө созулушу мүмкүн экенин айткан Зеленский: «Акыркы күндөрү Америка менен үч жолу сүйлөштүм», — деди.
Зеленский Украина деңиз жана энергетикалык инфраструктурага багытталган ок атышууну токтотуу боюнча сунуштун үстүндө иштеп жатканын билдирди.
Орус армиясынын акыркы чабуулдарынан көптөгөн жайкын тургундадын, айрыкча балдардын каза болгонун белгилеген Зеленский Украинанын Россияда балдарды эч качан бутага албаганын жана келечекте да мындай кадамга барбай турганын айтты.
«Бирок чоңдор жакында жаңы жооп алышат. Кенен түрдө маалымат бере албаймын», — деди Зеленский.
Россиянын Рязань облусундагы «Яндекс» маалымат борборуна жасалган чабуул тууралуу сөз кылган Зеленский: «Биз ар дайым жооп кайтарабыз. Маалымат борборлоруна келсек, баарыңыздар билгендей, алар биздин маалымат борборлорубузга кол салышкан жана чабуулдарын улантып жатышат. Биз да жооп кайтардык», — деп кошумчалады.



















