ДҮЙНӨ
2 мүнөт окуу
Глобалдык Сумуд флотилиясы жарылууларга, УУА чабуулдарына жана байланыш үзгүлтүгүнө учурап жатат
Активисттер Газага бараткан кемелер психологиялык операцияларга туш болуп жатканын, бирок гуманитардык миссиясын улантууга чечкиндүү экенин билдиришти.
Глобалдык Сумуд флотилиясы жарылууларга, УУА чабуулдарына жана байланыш үзгүлтүгүнө учурап жатат
Газага бара жаткан Бизерте портунан чыккан Глобал Сумуд флотилиясынын катышуучу кемеси / Reuters

Глобалдык Сумуд флотилиясы Газага карай багыт алган кемелеринин жапыз учкан учкучсуз учуучу аппараттар, жарылуулар жана байланыш үзгүлтүктөрү себептүү басым астында болгонун жарыяласа, активисттер болсо гуманитардык миссиясын таштабай турганын баса белгилешти.

Активист топ социалдык медиада бөлүшүлгөн билдирүүсүндө бул окуяларды конвойду коркутууга багытталган «психологиялык операциялар» деп мүнөздөдү.

"Жардыруулар, белгисиз учкучсуз учуучу аппараттар жана байланыш үзгүлтүктөрү: Биз бул психологиялык операцияларды өз башыбыздан өткөрүп жатабыз, бирок коркпойбуз", — деп айтылат билдирүүдө.

Билдирүүдө ошондой эле: «Израиль жана анын союздаштарынын Газадагы ачарчылык жана үрөйдү учурган геноцид кылмыштары чындап эле жийиркеничтүү. Бирок биздин чечкиндүүлүгүбүз болуп көрбөгөндөй күчтүү. Бул тактикалар бизди Газага жардам жеткирүү жана мыйзамсыз блокаданы бузуу миссиябыздан баш тарттыра албайт. Бизди коркутуу үчүн жасалган ар бир аракет биздин жолубузду бекемдейт»,деп айтылган.

Активист топ учурда флотилия эл аралык сууларда гуманитардык миссиясын аткарып жатканын билдирди.

Топ:«Аймакта ондогон учкучсуз учуучу аппараттар ​​байкалды. Эки парустук кеме учкучсуз учуучу аппараттар менен бутага алынды, бирок баары коопсуз жана эч ким жабыркаган жок. Учурда байланыш үзгүлтүккө учурап жатат, бул координациялоо жана жооп берүү жөндөмүбүзгө таасир этиши мүмкүн»,-деп кошумчалады.

Флотилия өзүнүн «Алма» аттуу кемелеринин бирөөнүн үстүнөн дүйшөмбү күнү бир нече саат бою 15тен ашык учкучсуз учуучу аппараттарды көргөнүн билдирди.

Уюмдун айтымында, учкучсуз учуучу аппараттар ​​«болжол менен ар бир 10 мүнөт сайын» пайда болуп, чалгындоо маалыматын чогултуу жана экипажды коркутуу үчүн колдонулган.

Блокаданы бузуу

Гуманитардык жардам ташыган ондогон кайыктардан турган кербен Израилдин мыйзамсыз блокадасына каршылык көрсөтүү үчүн Палестинанын Газа аймагына жетүүнү максат кылууда. Укук коргоочу уюмдар жана Бириккен Улуттар Уюму блокаданы жамааттык жазалоонун бир түрү катары сыпатташууда.

Глобалдык Сумуд флотилиясы гуманитардык кызматкерлер жана уюштуруучулар менен кошо эл аралык активисттер тарабынан уюштурулган. Бул акция Газадагы гуманитардык кырдаалды ачыкка чыгарууга багытталган тынчтык аракети катары сыпатталууда.

Израилдин бийликтери флотилия же учкучсуз учуучу аппараттар, жарылуулар же байланыш үзгүлтүктөрү тууралуу маалымат боюнча ачык комментарий бере элек.

Иликте
АКШнын президенти Трамптын атайын өкүлдөрү Москвада орус лидери Путин менен жолугушту
Израиль: "CENTCOM армияга Иранга каршы жаңы чабуул ыктымалдуулугуна даяр болуу билдирүүсүн жөнөттү"
Малатияда S-70 үлгүсүндөгү тик учак кырсыкка учурап, төрт аскер шейит болду
Кызыл Чырым: "Газадагы жер которгон үй-бүлөлөр катуу суукка туш болууда"
Түркиянын А улуттук баскетбол командасы Черногорияны 79-62 эсебинде жеңди
Ок атышпоого карабастан Израилдин Газага жасаган чабуулдарынан акыркы 24 саатта 8 адам каза болду
Президент Эрдоган БУУнун Башкы катчысы Гутеррешти кабыл алды
БУУнун Башкы катчысы Гутерриш Түркиянын COP 31ди уюштурганын мактады
Түркия жашыл жана санариптик өтүүнү тездетүү үчүн Жашыл келишим боюнча иш-аракеттер планын жаңылады
Түркия менен Өзбекстан айлана-чөйрөнү коргоо боюнча өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол коюшту
ASELSAN бардык энергетикалык муктаждыктарын күн энергиясынан канааттандырат
Эл аралык катышуучулар COP31де Ататүрктү бир мүнөттүк унчукпай туруу менен эскеришти
Президент Эрдоган Apple компаниясынын башкы директору Тим Кукту кабыл алды
Вице-президент Йылмаз Кытайдын вице-президенти Хан Чжэн менен жолугушту
Криттин жээгинде 12 мыйзамсыз мигрант каза болду