Бейшемби күнү жарыяланган аскердик билдирүүгө ылайык, Хайбер-Пахтунхва провинциясынын Мохманд уруу аймагындагы катуу салгылашуулардан кийин кеминде 14 террорист жок кылынды.
Коңшу Афганистан менен чектеш Түндүк Вазиристан уруулар жашаган аймактагы эки башка операцияда дагы беш террорист жок кылынды.
Операцияларда жок кылынган террористтерден курал жана ок-дарылар да алынды.
Кабул айыптоолорду четке кагууда
Армиянын берген билдирүүсүндө акыркы болуп Пакистандын коопсуздук күчтөрү өлкөдөгү терроризм коркунучун толугу менен жок кылуу чечкиндүүлүгү менен аймакта издөө операцияларын жүргүзүп жатканы айтылды.
Пакистан акыркы жылдары коопсуздук күчтөрүнө кол салуулардын көбөйгөнүн белгилеп, бул кол салуулар үчүн "Афганистанда жайгашкан" Техрик-и-Талибан Пакистан (ТТП) сыяктуу мыйзамсыз топторго байланыштуу согушкерлерди күнөөлөп жатат.
Кабул болсо бул айыптоону четке кагууда.











