ДҮЙНӨ
2 мүнөт окуу
Сирия менен Украина дипломатиялык мамилелерин калыбына келтирди
Дипломатиялык мамилелерди калыбына келтирүү боюнча декларацияга кол коюшканын айткан Зеленский, кызматташтыкты өнүктүрүүнүн келечектүү тармактарын жана коопсуздукка коркунучтарды талкуулашканын билдирди.
Сирия менен Украина дипломатиялык мамилелерин калыбына келтирди
Өз ара сый-урмат жана ишенимдин негизинде мамилелерди өнүктүрүү боюнча макулдашууга жетишти. / AA

Сириянын президенти Ахмед Шараа менен Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин Нью-Йоркто БУУнун Башкы ассамблеясынын 80-сессиясынын алкагындагы жолугушуусунан кийин Сирия менен Украина дипломатиялык мамилелерди калыбына келтирди.

Сириянын Тышкы иштер министри Асад Хассан аль-Шайбани жана аны коштогон делегация да бул жолугушууга катышканын Сириянын Тышкы иштер министрлиги шаршемби күнү кыска билдирүүдө маалымдады.

Зеленский Украина менен Сириянын дипломатиялык мамилелерди калыбына келтирүү боюнча декларацияга кол койгонун жарыялап, X платформасында: «Биз бул маанилүү кадамды кубаттайбыз жана Сирия элин стабилдүүлүккө алып баруучу жолдо колдоого даярбыз»,-деди.

Постто ошондой эле "Сириянын президенти Ахмед Шараа менен сүйлөшүүлөрдө кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн келечектүү тармактарды, эки өлкө туш болгон коопсуздук коркунучтарын жана булар менен күрөшүүнүн маанилүүлүгүн кеңири талкууладык" деп жазылды.

Зеленский эки өлкө мамилелерин өз ара урматтоонун жана ишенимдин негизинде курууну макулдашканын кошумчалады.

Сирия 2022-жылы Украинанын чыгышындагы орусиячыл жикчил Донецк жана Луганск республикаларын тааныгандан кийин Украина Сирия менен мамилесин үзгөн.

Сириянын президенти жекшемби күнү бир нече министрлер менен бирге жыл сайын өтүүчү БУУнун жыйындарына катышуу үчүн Нью-Йоркко барды. Сирия бул жыйындарга көптөгөн жылдар бою катышпай келген.

Шараа шаршемби күнү Башкы ассамблеядагы биринчи кайрылуусунда эл аралык санкцияларды алып салууга чакырды.

Шараа - Трамп жолугушуусу

Сириянын мамлекеттик маалымат агенттиги SANA, Шараа Нью-Йорктогу БУУнун Башкы Ассамблеясынын алкагында АКШнын президенти Дональд Трамп менен жолугушканын билдирди.

SANA Шараанын Трамп менен кол алышып жаткан фотосүрөтүн жарыялады, анда АКШнын биринчи айымы Мелания Трамп да катышкан. Агенттик кошумча маалымат берген жок.

Бул эки лидердин экинчи жолугушуусу болуп, алардын биринчи жолугушуусу май айында Сауд Арабиянын борбору Эр-Риядда өткөн.

Иликте
Кытайда көмүр кенинде жарылуу болуп 82 адам каза болду
Россия: Украинанын Лугансктагы колледжге жана жатаканага жасаган чабуулунан төрт киши каза болду
Президент Эрдоган Трабзонспорду Түркия кубогун жеңиши менен куттуктады
Сауд Арабиясы коопсуздукту камсыз кылуу үчүн дрондорду жана жасалма интеллектти колдонууда
Рютте: "НАТО күчтүү жолго түштү жана өнөктөштүккө болгон көз карандылык азаят"
Иран АКШнын Ливан элчисине киргизген санкцияларын айыптады
АКШ Иран согушуна байланыштуу Тайванга 14 миллиард долларлык курал-жарак сатууну токтотту
АКШ Украинага 108,1 миллион долларлык Hawk ракета системасы жабдууларын сатууну бекитти
Марокконун Фес шаарында имарат кулап, көп сандаган адамдар каза болду
Израиль Сириянын түштүгүндө Дараага жакын жердеги айыл чарба жерлерин бомбалады
SpaceX акыркы мүнөттөгү техникалык көйгөйдөн улам Starship сыноо учуусун кийинкиге калтырды
Эл аралык жарандык коом уюму: "Газада гуманитардык абал азыр да катастрофалык абалда"
Казакстанда Биринчи Баку түркология курултайынын 100 жылдыгына карата өткөрүлгөн симпозиум башталды
Израиль депортациялаган Газа активисттери Түркия аркылуу үйлөрүнө кайтышууда
Ирандын футболдук командасы Дүйнө чемпионатына катышуу үчүн АКШнын Түркиядагы өкүлчүлүгүнө кайрылды