Палестинанын Билим берүү министрлиги шаршемби күнү билдиргендей, Израилдин үч жылдан бери жүргүзүп жаткан согушунда Газа жана оккупацияланган Батыш Шериада жалпысынан 20 миң 748 палестиналык окуучу жана 1058 билим берүү жана административдик кызматкер каза болду.
Министрлик Израилдин билим берүү тармагына каршы аракеттерине байланыштуу даярдаган статистикалык отчетунда бул көрсөткүчтөр мектептердеги жана университеттердеги окуучулар менен кызматкерлерди камтыганын билдирди. Андан тышкары он миңдеген киши жаракат алып, жүздөгөнү камакка алынганы маалымдалды.
Мындан тышкары, Газадагы билим берүү системасы дээрлик толугу менен талкаланган. Буга чейинки маалыматтарга караганда, аймактагы 12 университет жабыркап же талкаланган. Мектептердин көпчүлүгүнүн зыянга учурап, жүз миңдеген окуучу билим ала албагандыгын көрсөтүүдө.
БУУнун эксперттери билим берүү мекемелеринин, кызматкерлеринин жана интеллектуалдык чөйрөнүн системалуу түрдө жок кылынышын «сколастицид» (билим берүүнү жок кылуу) деп аныктады.
Бул термин коомдун билимди сактап, жаш муундарды окутуп жана интеллектуалдык жашоосун улантуусуна шарт түзгөн мекеме жана системалардын жок кылынышын билдирет.
Кыйроо класстар менен гана чектелген жок. Китепканалар, лабораториялар, архивдер жана башка билим берүү жайлары да жабыркап же толугу менен талкаланды.
Газа
Министрликтин маалыматына караганда, Газада 19 миң 189 башталгыч класстын окуучусу жана 1386 университеттин студенти каза болгон.
Мындан тышкары, 28 миң 586 башталгыч класстын окуучусу жана 3082 университеттин студенти жаракат алган.
Министрлик мектептерде иштеген 805 билим берүү жана административдик кызматкер менен 246 университет кызматкери каза болгонун билдирди.
Муну менен бирге 3298 мектеп кызматкери жана 1493 университет кызматкери жаракат алган.
Оккупацияга алынга Батыш Шериа
Отчетко ылайык, оккупацияланган Батыш Шериада 134 башталгыч класстын окуучусу жана 39 университет студенти каза болуп, 871 башталгыч класстын окуучусу жана 283 университет студенти жаракат алган.
Израиль 2023-жылдын октябрында Газага карата согушун баштагандан бери аймакта 74 миңден ашуун палестиналык каза болуп, 175 миңден ашууну жаракат алган. Палестина аймактарындагы инфраструктуранын болжол менен 90 пайызы жабыркаган же талкаланган.
Ошол эле мезгилде израилдик күчтөр жана мыйзамсыз отурукташуучулар оккупацияланган Батыш Шериадагы чабуулдарын күчөтүп, 1210 палестиналыкты өлтүрүп, болжол менен 13 миң 350 адамды жарадар кылган жана 24 миң 600дөн ашуун адамды камакка алган.






















