ДҮЙНӨ
1 мүнөт окуу
Трамп Газа тынчтык кеңеши түзүлгөнүн билдирди
АКШнын президенти Дональд Трамп кеңеште "эң маанилүү мамлекеттердин" лидерлери болорун айтты.
Трамп Газа тынчтык кеңеши түзүлгөнүн билдирди
Израиль 2023-жылдын октябрынан бери Газада 71 миңден ашык палестиналыкты, негизинен аялдар менен балдарды өлтүрдү. / AP
 

АКШнын президенти Дональд Трамп Газа тынчтык кеңеши түзүлүү процессинде экенин жана кеңеш"дүйнөдөгү эң маанилүү мамлекеттердин" лидерлеринен кураларын билдирди.

Жекшемби күнү президенттик учакта кабарчыларга маалымат берген Трамп: "Тынчтык кеңеши түзүлүүдө. Негизинен эң маанилүү мамлекеттердин лидерлери болот... Эгер эң маанилүү лидерлерди жана мамлекеттерди карасаңыздар, Тынчтык кеңеши да алардан түзүлөт", - деди.

Трамп демилгеге катышууга эл аралык деңгээлде чоң кызыгуу бар экенин кошумчалап, "Ар бир адам бул түзүлүштө болгусу келет" деди.

Трамп төрагалык кыла турган жана болжол менен 15 дүйнөлүк лидерди камтыган кеңеш кийинчерээк түзүлө турган Палестинанын технократиялык өкмөтүн көзөмөлдөйт жана Газадагы кайра куруу процессине байкоо салат.

Кеңешке кошулушу күтүлүп жаткан өлкөлөрдүн катарына Улуу Британия, Германия, Франция, Италия, Сауд Арабиясы, Катар, Египет жана Түркия кирет. БУУнун Жакынкы Чыгыш боюнча мурдагы атайын өкүлү Николай Младеновдун Тынчтык кеңешинин жергиликтүү өкүлү катары кызмат кыла аралы кабарланууда.

Кеңештин ушул аптада жарыялана турганы тууралуу маалыматтарга карабастан Трамп мөөнөттү айткан жок.

Трамптын администрациясы өткөн айда Тынчтык кеңешин киргизүүнү пландап жатканын билдирген, бирок жарыялоону бир нече жолу кийинкиге калтырган.

Израиль 2023-жылдын октябрынан бери Газада 71 000ден ашык палестиналыкты, көбүнчө аялдар менен балдарды өлтүрүп, 170 000ден ашык адамды жарадар кылды.

Иликте
Министр Болат: «Акыркы 6 айда биз ай сайын экспорттун бардык рекорддорун жаңыладык»
Украина: «Россиянын Кривой Рог шаарына жасаган чабуулунан 2 адам каза болуп, 52 адам жаракат алды»
Австралия, Канада жана Жаңы Зеландия Россияны Украинадагы согушту токтотууга чакырды
"Оруч реис" сейсмикалык изилдөө кемеси Пакистанга чалгындоо иштерин баштоо үчүн барды
Тышкы иштер министри Фидан Европа Комиссиясынын төрага орун басары Фитто менен Анкарада жолугушту
WSJ: АКШ "Украина Россияга аймактарды берүү менен НАТОго мүчөлүгүн" күн тартибине алып келүүдө
Трамп Путинди досу катары атап, Европаны Украинага жардамды токтотууга чакырды
KIZILELMA дүйнөлүк басылмаларда чоң кызыгуу жаратты
Израилдин чабуулдарынан улам 6 миңден ашуун палестиналык кайрадан жер которууга аргасыз болду
Йылмаз: "Түркия менен Өзбекстандын ортосунда ийгиликтүү инвестициялык чөйрөнү түзүшүбүз керек"
Россия: "Украинанын энергетикалык жана порттук инфраструктуралык объектилерине чабуул жасадык"
Трамп Си Цзиньпин жана Путин менен өтө турган тарыхый саммит баштала электе эле «жеңиш» деп мүнөздү
Эрдоган: "Израиль Газаны дүйнөдөгү эң ири концлагерге айландырууда"
Министр Курум: "Антальяда бирдиктүү жана бекем макулдашууга жетишүүгө чечкиндүүбүз"
ЕБдан Украинада  ыктымалдуу тынчтык келишими үчүн коопсуздук кепилдиктерин талап кылды