ДҮЙНӨ
2 мүнөт окуу
Нигериядагы кеме кырсыгынан кеминде 60 адам каза тапты
Нигер штатында суу астында калган дарактын сөңгөгүнө урунуп оодарылып кеткен кемеде жүздөн ашуун адам болгон.
Нигериядагы кеме кырсыгынан кеминде 60 адам каза тапты
/ Reuters

Жергиликтүү бийликтин маалыматына караганда, Нигериянын түндүк-борбордук Нигер штатында 100дөн ашуун жүргүнчүнү ташыган кеменин оодарылып кетишинен кеминде 60 адам каза тапты.

Кеме шейшемби күнү эртең менен Малале районундагы Тунган Суледен Дугга кыштагына көңүл айтуу сапары үчүн жөнөп кеткен. Бирок Боргу жергиликтүү өз алдынча башкаруу аймагындагы Гаусава коомчулугуна жакын жерде суу астындагы дарактын сөңгөгүнө урунуп кырсыкка учураган.

Боргу жергиликтүү өз алдынча башкаруу аймагынын башчысы Абдуллахи Баба Ара шаршемби күнү Рейтер агенттигине: «Кеме кырсыгынан каза болгондордун саны 60ка жетти», - деп билдирди.

Кырсык жергиликтүү убакыт боюнча саат 11:00 чамасында болгон. Шагуми аймагынын башчысы Сааду Инува Мухаммад окуя болгон жерге тез эле барганын айтып "Кемеде 100дөн ашык адам болгон. Биз дарыядан 31 адамдын сөөгүн чыгара алдык", — деди. Ал каза болгондордун көбү аялдар жана балдар экенин кошумчалады. Каза болгон төрт киши шейшемби күнү Ислам ырым-жырымдары боюнча жерге берилди.

Нигер штатынын Өзгөчө кырдаалдарды башкаруу агенттиги (NSEMA) жергиликтүү суучулдар жана чукул жардам топторунун куткаруу иштерин улантып жатканын жарыялады. Агенттик 29 адам каза болгонун, 50 адам куткарылганын жана дагы эки адам изделип жатканын тастыктады. Бирок сөөктөр табылган сайын каза болгондордун саны көбөйүп жатканын белгиледи. Агенттиктин маалыматына караганда, кеме ашыкча жүктөлгөн жана дарактын сөңгөгүнө урунгандан кийин оодарылып кеткен.

Нигерияда өзгөчө жаан-чачындуу мезгилде, коопсуздук эрежелеринин сакталбагандыгынан, ашыкча жүктөөдөн жана начар абалдагы кемелердин колдонулушунан улам кеме кырсыктары көп кездешет. Акыркы жылдары өлкөнүн ички суу жолдорунда жүздөгөн адамдар ушундай кырсыктардан каза тапты.

Бийлик коопсуздук эрежелеринин сакталышын жана операторлордун аймактагы суу деңгээли боюнча эскертүүлөргө көңүл буруп бурбагандыгын иликтей турганын билдирди.

Иликте
Бельгиянын Коргоо министри Франкен: "Түрк коргоо өнөр жайы мен үчүн үлгү болуп саналат"
Түрк коргонуу компаниялары SAHA 2026да 8 миллиард долларга жакын экспорттук келишим түздү
Иран Ормуз кысыгындагы аралда болгон жардыруулардан кийин АКШнын деңиз флотуна ракета атты
АКШнын саламаттыкты сактоо агенттиги хантавирусту "3-деңгээлдеги" өзгөчө абал деп жарыялады
Индонезия жанар тоо атылгандан кийин куткаруу операциясын баштады
ДСCУ хантавирус оорусунун учурлары көбөйгөнүн эскертти жана эпидемиянын чектелүү болорун билдирди
Эрдоган: Израилдин экспансионисттик күн тартиби аймактык тынчтыкка коркунуч келтирүүдө
Өлкөлөр хантавирус эпидемиясынан жабыркаган круиздик кемеден түшкөн жүргүнчүлөрдү издеп жатышат
Түркия Эл аралык транспорт форумунун 2027-жылдагы төрагалыгына шайланды
Түрк коргонуу фирмасы учкучсуз учуучу аппараттарына каршы оор пулемётун экспорттой баштады
Медведев Берлинди "реваншизм" жана тарыхты кайра жазуу боюнча айыптады
Испания Израилдин ишенимдүү өкүлүн Тышкы иштер министрлигине чакырды
Түркия Иран менен АКШнын ортосунда туруктуу тынчтык үчүн "конструктивдүү" диалогду талап кылууда
Дүйнөлүк кубокко саналуу күндөр калды
Энергетикадагы жеткирүү коркунучтарына каршы Түркиянын кепилдиги ГЭСтер