ДҮЙНӨ
2 мүнөт окуу
Трамп Нетаньяху Катарга кол салуудан мурун ага маалымат берген деген кабарларды четке какты
Трамп Катардын АКШнын жакшы шериктеши экенине басым жасап, Израилдин кайра Катарга кол салбай турганын айтты.
Трамп Нетаньяху Катарга кол салуудан мурун ага маалымат берген деген кабарларды четке какты
/ Reuters Archive

АКШнын президенти Дональд Трамп, геноцидчи Нетаньяхунун өткөн аптада Катарга кол салуу алдында ага жеке маалымат бергени тууралуу кабарларды четке какты.

“Жок, андай болгон жок”, – деди Трамп дүйшөмбү күнү. Чабуул тууралуу кантип билгенин сурашканда ал: “Силер билгендей эле билдим”, – деп жооп берди.

Бул билдирүү Axios агенттигинин Нетаньяху чабуулдун алдында Трампты кабардар кылган деген маалыматына жооп катары айтылды.

Ак үй АКШ армиясы администрацияны ракеталар учурулгандан кийин гана кабардар кылганын, Трамптын каршы чыгууга мүмкүнчүлүгү болбогонун билдирди.

Трамп ошондой эле Израиль Катарга мындан ары чабуул жасабай турганын айтты.

Овал кеңсесинде журналисттердин суроолоруна жооп берген Трамп: «Нетаньяху Катарга кол салбайт»,-деди.

Катардын «абдан жакшы шериктеш» экенин белгилеп, «Көптөгөн адамдар муну билбейт, бирок ал Катарга кол салбайт. Балким, башка бир нерсе жасашы мүмкүн»,-деди.

Президенттин бул сөздөрү так эмнени билдирери белгисиз, бирок Нетаньяху Катардагы ХАМАС өкүлдөрүнө каршы башка аракеттерди көрүшү мүмкүн деген ойду калтырат.

Аймактык айыптоолор

Дүйшөмбү күнү Дохада өткөн Араб-Ислам саммитинде лидерлер Израилдин Катарга жасаган чабуулдары аймак үчүн кооптуу кесепеттерге алып келерин эскертип, Израилдин Жакынкы Чыгышта жаңы чындыкты таңуулоо аракетине каршы биргелешип чара көрүүгө чакырышты.

Катардын расмий кабар агенттиги QNA тарабынан жарыяланган жыйынтыктоочу декларацияда, Дохага жасалган чабуул айыпталып, Катарга толук тилектештик билдирилди.

Саммитте Израилдин агрессиясы “аймакта тынчтыкка жетүү мүмкүнчүлүктөрүн жокко чыгарат” деп айтылды.

Билдирүүдө Израилдин аймакта жаңы реалдуулукту орнотуу пландарына каршы туруу зарылдыгы баса белгиленип, мындай аракеттер аймактык жана эл аралык коопсуздукка түздөн-түз коркунуч туудурары эскертилди.

Катар Египет жана АКШ менен бирге блокададагы Газа тилкесинде ок атышууну токтотууга ортомчулук кылып келе жаткан өлкөлөрдүн бири болуп саналат.

Иликте
Пезешкиан: Иран "согуш да, тынчтык да эмес" деген кырдаалдын токтошун каалайт,компромисске барбайт
Пакистан жана Малайзия коопсуздук чөйрөсүндө кызматташууну тереңдетүү боюнча макулдашты
Израилдин аскер кызматкерлери Нетаньяху шайлоону кийинкиге калтыруу үчүн чыңалууну күчөткөнүн айтат
Тордун ханышалары Словения менен беттешет
Украиналык дрондор Самара облусундагы өнөр жай объектисин жана Ozon платформасынын кампасын атты
Иран армиясынын өкүлү: Иран армиясы коргонуудан чабуулга өттү
Израилдин расмий өкүлдөрү: Нетаньяху Түркия менен чыңалуунун "керексиз" күчөшүнө алып келүүдө
Колумбиядагы жер титирөөдөн каза болгондордун саны өсүүдө; Түркия гуманитардык жардамды  көрсөтүүдө
Түркия Президент Эрдоганга карата айтылган пикирлерге байланыштуу Израилди сынга алды
Түркия жана 11 башка өлкө Сириядагы Израилдин соккуларына каршы чыкты
Түркия Интерполдон Нетаньяхуга каршы кызыл бюллетень чыгарууну суранды
Кыргызстан мунай импорттоо тармагын кеңейтүүдө
Индонезия менен Кытайдын тышкы иштер министрлери жолугушту
Украина: "Орусиядагы мунай иштетүүчү завод менен Мариновка аскердик аэродромуна чабуулдарды жасадык"
Пакистан менен Сирия коргонуу жана коопсуздук байланыштарын кеңейтүү боюнча талкуу жүргүздү