ДҮЙНӨ
2 мүнөт окуу
Пакистан менен Индияда сел жүрүп, муссон жамгырлары 73 адамдын өмүрүн алды
Ташыган дарыялар, тосулган трассалар жана ураган үйлөр Түштүк Азиянын муссон мезгилинин өсүп жаткан кесепеттерин көрсөтүүдө, куткаруучу топтор дайынсыз жоголгон туристтерди жана жергиликтүү тургундарды табуу үчүн убакыт менен жарышууда.
Пакистан менен Индияда сел жүрүп, муссон жамгырлары 73 адамдын өмүрүн алды
/ Reuters

Пакистан менен Индияда уланып жаткан муссон жамгырлары жана капыстан болгон селдерден улам каза болгондордун саны 73кө жетти. Жетекчилер алдыдагы күндөрдө жаан-чачындын уланарын жана сел коркунучунун жогорулай турганы боюнча эскертишүүдө.

Пакистан Улуттук өзгөчө кырдаалдар башкармалыгы (NDMA) 26-июндан бери жаан-чачынга байланыштуу окуяларда 63 адамдын каза болгонун,100дөн ашуун адамдын жаракат алганын билдирди. Акыркы 24 сааттын ичинде дагы 6 адам каза болду.

Пакистанда Пенжаб провинциясында жалпысынан 21 адам каза болду, анын ичинде 11 бала бар. Хайбер-Пахтунхвада 10 бала жана 5 аял болуп жалпысынан 22 адам каза болду.

Синдде да 15 адам, ал эми Белужистанда 5 адам каза тапкан. Муссон алдындагы жаан-чачындан улам пайда болгон сел Сват өрөөнүндө ондогон туристти агызып кеткен, натыйжада кеминде 7 адам каза болуп, бир нече адам дайынсыз болууда.

Издөө жана куткаруу иштери жүрүүдө

Кеңири масштабдагы издөө жана куткаруу иштери уланууда. Интернетте тараган видеолордо суунун деңгээли көтөрүлүп, адамдардын капсалаңда калган учурлары көрсөтүлгөн.

Премьер-министр Шахбаз Шариф окуяга байланыштуу терең кайгысын билдирип, бийликтерди дарыялар жана айланасындагы коопсуздук чараларын күчөтүүгө чакырды.

Ошол эле учурда Индиянын түндүгүндөгү Химачал-Прадеш штатында да кырдаал оор. 16 нөшөрлөгөн жамгыр жана күтүлбөгқн үч селден кийин 10 кишинин каза болгону, 34 кишинин дайынсыз жоголгону ырасталды.

Өзгөчө кырдаалдар борборунун маалыматына ылайык, акыркы 32 сааттын ичинде 350дөн ашуун адам куткарылды.

Жаан-чачындын уланышы күтүлүүдө’

Адатта июнь айынан сентябрь айына чейин созулган муссон мезгили аймакка өтө зарыл болгон жаан-чачынды алып келет, бирок көбүнчө өлүмгө алып келген катуу селдерге жана инфраструктуранын бузулушуна да себеп болот.

Быйылкы муссон жамгырларынын Пакистандын үчтөн бир бөлүгүн суу астында калган жана болжол менен 1,740 адам каза болгон 2022-жылдагы кырсык мезгилине караганда азыраак жаан алып келиши күтүлүүдө. Бирок тынымсыз жааган жамгырлар, айрыкча, төмөнкү жана кооптуу аймактарда азыртадан кеңири таралган үзгүлтүккө алып келди.

Аба ырайын маалымдоо кызматынын адистери жамгыр жакынкы күндөрү да улана турганын айтышууда.

Иликте
Министр Фидан: "Биринчи өзгөчөлүгүбүз  жүргүзгөн саясатыбызда туруктуу болуу"
Трамп Германиядагы АКШ аскерлерин кыскартууну карап жатат
АКШ  өнөктөштөрүн Ормуз кысыгын ачуу үчүн жаңы коалиция түзүүгө чакырууда
Трамп: АКШ менен Ирандын ортосундагы сүйлөшүүлөр телефон аркылуу жүргүзүлөт
Ирандын аскердик кеңешчиси: "АКШнын эмбаргосу ишке ашпайт"; Тегеран кагылышууну тандашы мүмкүн
Түркия менен Испания Израилдин флотилияга кийлигишүүсүнө каршылык көрсөтүүгө чакырышты
Түркия Израилдин флотилияга кийлигишүүсүн "каракчылык актысы" деп айыптады
Израиль оккупация астындагы Чыгыш Кудста кечил аялга кол салды
Иран депутаты өлкөдө көпкө созула турган согушка жетиштүү ракета жана дрон запасы бар экенин айтты
Израиль басып алынган Батыш Шериада 100дөн ашык мыйзамсыз конуштарды курууга уруксат берди
Израиль басып алган Батыш Шериада бир палестиналыкты өлтүрдү
Израиль полициясы Палестинанын желеги деп ойлоп  Венгриянын желегин тартып алды
Индияда катуу ысык болуп, жетекчилер жардам көрсөтүү чараларын карап жатат
Мексика өлкөдөгү ЦРУ агенттерин иликтейт
АКШнын согуш министри Иран менен болгон согуш боюнча биринчи жолу көрсөтмө берет