ТҮРКИЯ
2 мүнөт окуу
Трамп: Эрдоган мыкты эле, НАТО узун жолду басып өттү
НАТОнун каржылык жүктү бөлүшүү маселесинде чоң ийгиликтерге жетишкендигин белгилеген Трамп, саммиттен кийин аймактык кризистерди чечүү жана жаңы соода келишимдери боюнча позитивдүү маанайын билдирди.
Трамп: Эрдоган мыкты эле, НАТО узун жолду басып өттү
АКШ президенти Трамп "Air Force One" учагынын пресс-кабинасында учуу учурунда журналисттерге билдирүү жасады (9-июль, 2026-жыл) [Reuters]

АКШнын президенти Дональд Трамп Түркиядан АКШга кайтып баратып Air Force One учагында журналисттерге берген маегинде, АКШнын Иранга каршы акыркы аскердик операциялары, НАТОнун Анкара саммити жана АКШ менен Түркиянын карым - катнаштары тууралуу баа берди.

Трамп АКШнын Иранга кол салуулары тууралуу: "Алар бизге ар бир сокку урган сайын, биз 20 эсе көп жооп кайтарарыбызды айткан элем жана кечээ түнү биз муну жасадык", — деди.

Ирандын бир нече кадам таштаганын бирок булардын АКШнын чабуулдарына жооп мүнөзүндө экенин белгилеп:"Аскердик жактан биз буга чейин эле жеңишке жетиштик. Аларда өтө аз нерсе калды", - деп кошумчалады.

Трамп : "Алар чындыыгнда келишим түзүүнү каалап жатышат. Жакында эле чалышты.Бирок мен алардын буга татыктуу же татыксыз экенине ишене албай турам. Ошондой эле түзүлө турган келишимди сактай турганына да ишеним жок. Маселе ушунда», — деп кошумчалады.

Ирандын коммерциялык кемелерге жасаган чабуулдары тууралуу суроолорго Трамп: "Чынын айтсам, бул бир аз акылсыздык. Алар бир аз туруксуз иш кылып жатышат, бирок ошентсе да келишим түзүүнү каалашат", - деп жооп берди.

"Түркия менен абдан жакшы соода келишимдерин түздүк"

Дональд Трамп Анкарадагы НАТО саммити абдан жемиштүү өткөнүн айтып, Түркия менен болгон карым - катнаштарды да мактады.

Трамп: "Биз мыкты эки күн өткөрдүк. Түркия менен абдан жакшы соода келишимдерин түздүк. Алар абдан жакшы өнөктөш болду",- деди. Түркиянын президенти Режеп Таййип Эрдоган тууралуу: "Өзү мыкты адам,- деп баа берди.

Трамп Сирия жана Украина лидерлери менен болгон сүйлөшүүлөрүнө ыраазы болду.

АКШ президенти саммит учурунда жолуккан Сириянын президенти Ахмед Шара жөнүндө да жакшы пикирлерин билдирди.

Трамп Шаранын өз өлкөсүн бириктирүүдө ийгиликтүү болгонун айтып: "Ал эң сонун иш жасады. Сирияны бириктирди",- деди.

Трамп ошондой эле Украинанын президенти Владимир Зеленский менен "абдан жакшы жолугушуу" өткөргөнүн айтты.

Анкарадагы НАТО саммитинде биримдик жана ынтымакка басым жасалды

Трамп саммитте европалык өнөктөштөрдүн коргонууга кеткен чыгымдар боюнча олуттуу кадамдарды жасаганын айтып: "Бүгүн чоң биримдик жана ынтымак болду. НАТО чындыгында узак жолду басып өттү",- деди.

АКШ көп жылдар бою альянстын ичинде адилетсиз каржылык жүктү көтөрүп келгенин айткан Трамп Европа өлкөлөрүнүн коргонууга кеткен чыгымдарын көбөйтүү жагынан жеңилдиктерге барганын айтты.

Трамп: "Бүгүнкү жыйында көптөгөн маселелер чечилди. Адамдар АКШга көптөн бери адилеттүү мамиле жасалбай жатканын түшүнүштү", - деди.

АКШнын президенти ошондой эле Иран маселеси "согуш маселеси эмес, Иранды ядролук куралдан арылтуу маселеси" экенин айтып: "Менимче, баары буга кубанышы керек",- деп кошумчалады.

Иликте
Министр Фидан: «Эгерде Израилдин экспансионизми токтотулбаса, кризис глобалдашат»
Сириянын тышкы иштер министри Шейбани Түркияга келет
Улуттук чалгындоо агенттигинин (MIT) башчысы Калын Анкарада Ливиянын расмий өкүлдөрү менен жолугушту
Министр Фидан Кудс боюнча министрлер жыйынына катышат
Түркия Кара деңизде кол салууга кабылган кемелердеги жарандарынын абалын кылдат көзөмөлдөп жатат
Президент Эрдоган Сауд Арабиясынын мураскер ханзаадасы Салман менен сүйлөштү
Жогорку аскердик кеңеш жыйналууда
Ибрахим Калын Газадагы тынчтык планын талкуулоо үчүн Хамастын лидери менен жолугушту
Түркия, Египет жана Катар  геноцидчи Израилди айыптады
Министр Фидандын дипломатиялык иш-аракеттери
Коргоо жана авиация тармагы 1,12 миллиард долларлык экспортту ишке ашырды
Түрк аба жолдору (THY) жүргүнчүлөрдүн жана учуулардын тарыхындагы рекорддорду жаңылады
HAVELSAN Азербайжанга маанилүү башкаруу жана башкаруу системаларын экспорттойт.
Тышкы иштер министрлиги: Нетаньяхунун максаты- аймакта тынчтыктын орношуна жол бербөө
Түркиянын F-16 учактары НАТОнун Күчөтүлгөн аба полициясынын 72-блогунда кароолун алды
Төңкөрүш аракети учурунда президент Эрдоганга кол салууга аракет кылган ФЕТӨ мүчөсү кармалды
Министр Болат: "Сарп чек ара өтмөгү Азия өлкөлөрүнө ачылуучу абдан маанилүү транзиттик коридор"
Президент Эрдоган Ливандын президенти Аун менен жолугушту
Президент Эрдоган Ирактын Жогорку сот кеңешинин төрагасы Зейданды кабыл алды
Министр Фидан Хамастын саясий бюросунун төрагасы Хайяны жана аны коштогон делегацияны кабыл алды