ДҮЙНӨ
2 мүнөт окуу
Украина армиясы: Орусия тынчтык сүйлөшүүлөрү учурунда Киевге абадан сокку урду
Майамидеги сүйлөшүүлөрдөн кийин Украина тынчтыкты издөөнү улантып жатканда, орусиялык күчтөр шейшемби күнү эртең менен Киевге абадан сокку урду.
Украина армиясы: Орусия тынчтык сүйлөшүүлөрү учурунда Киевге абадан сокку урду
Орусия Киевге абадан сокку урду. / Reuters
 

Жекшемби күнү аяктаган Майамидеги АКШ жетектеген тынчтык сүйлөшүүлөрүнөн бир нече күн өткөндөн кийин Украина армиясы шейшемби күнү эртең менен Орусия Киевге абадан сокку урганын жарыялады.

Киевдин аскердик администрациясы Telegramдагы билдирүүсүндө: "Абадан коргонуу күчтөрү борбор калаанын асманындагы коркунучту жок кылуу үчүн аракет жатат", - деп айтып, коомчулукту эскертүү алып салынганга чейин баш калкалоочу жайларда болууга чакырды.

Расмий өкүлдөр азырынча эч кандай курмандыктар же зыяндар тууралуу маалымат бере элек жана чабуулдун толук көлөмү да азырынча белгисиз.

Майамиде дем алыш күндөрү өткөн сүйлөшүүлөрдө АКШнын расмий өкүлдөрү украин жана европалык делегациялар менен жолугушуп, ошондой эле орус өкүлдөрү менен өз-өзүнчө сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү. Вашингтон Орусиянын Украинадагы согушун токтотуу үчүн чечим табуу мүмкүнчүлүгү бар-жогун текшерди.

Сүйлөшүүлөрдөгү позитивдүү белгилер

Украина президенти Владимир Зеленский Орусия менен дээрлик төрт жылга созулган согушту токтотууга багытталган сүйлөшүүлөр "чыныгы жыйынтыкка абдан жакын" экенин билдирди.

Украин дипломаттарына багытталган жыйында сөз сүйлөгөн Зеленский Украина, АКШ жана европалык өнөктөштөр катышкан сүйлөшүүлөрдө олуттуу прогресске жетишилгенин айтып, "Баары абдан баалуу көрүнөт... Бул жердеги эң маанилүү нерсе биздин да, АКШнын да эмгеги. Бул биздин чыныгы жыйынтыкка абдан жакын экенибизди көрсөтүп турат" деди.

Жогорку кызматтагы Рустем Умеров жетектеген украин сүйлөшүүчүлөрү АКШ өкүлдөрү менен бир катар жолугушууларды өткөрүштү, анын ичинде Флоридадагы сүйлөшүүлөр да бар.

Президент Владимир Путиндин инвестициялык өкүлү орус сүйлөшүүчүсү Кирилл Дмитриев да ошол эле жерде АКШнын расмий өкүлдөрү менен өз-өзүнчө жолугушууларды өткөрдү.

Украина менен Орусиянын расмий өкүлдөрү алардын делегациялары сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы тууралуу отчет берүү үчүн дүйшөмбү күнү өз өлкөлөрүнө кайтып келишкенин билдиришти.

Иликте
Украина: "Орусиянын ар кандай чабуулдарынан 14 жаран каза болду"
Жаш улуттук дзюдочулар Дүйнө чемпионатынын 3-күнүндө 2 алтын, 3 медаль утушту
Иран Бахрейндеги АКШнын радарларына сокку урганын жарыяласа, Манама жарандык объект экенин билдирди
Баскынчы Израиль Батыш Шериадагы жөөт конуштарында 895 жаңы турак жай куруу планын жарыялады
Министр Фидан: «Йемендин ичине аскерлерди жайгаштыруу боюнча эч кандай чечим кабыл алына элек»
Министр Болат: «Акыркы 6 айда биз ай сайын экспорттун бардык рекорддорун жаңыладык»
Украина: «Россиянын Кривой Рог шаарына жасаган чабуулунан 2 адам каза болуп, 52 адам жаракат алды»
Австралия, Канада жана Жаңы Зеландия Россияны Украинадагы согушту токтотууга чакырды
"Оруч реис" сейсмикалык изилдөө кемеси Пакистанга чалгындоо иштерин баштоо үчүн барды
Тышкы иштер министри Фидан Европа Комиссиясынын төрага орун басары Фитто менен Анкарада жолугушту
WSJ: АКШ "Украина Россияга аймактарды берүү менен НАТОго мүчөлүгүн" күн тартибине алып келүүдө
Трамп Путинди досу катары атап, Европаны Украинага жардамды токтотууга чакырды
KIZILELMA дүйнөлүк басылмаларда чоң кызыгуу жаратты
Израилдин чабуулдарынан улам 6 миңден ашуун палестиналык кайрадан жер которууга аргасыз болду
Йылмаз: "Түркия менен Өзбекстандын ортосунда ийгиликтүү инвестициялык чөйрөнү түзүшүбүз керек"