АКШ Газа үчүн сунуштаган ISF планына Орусия, Кытай жана айрым араб өлкөлөрү каршы чыгышты
Дипломаттардын айтымында, каршы пикирлер Трамптын "Тынчтык кеңеши" сунушуна жана Палестина бийлигинин өткөөл процессте ролунун жоктугуна байланыштуу.
АКШнын Газада эл аралык коопсуздук күчүн түзүү үчүн Бириккен Улуттар Уюмунун уруксатын алуу сунушуна Орусия, Кытай жана айрым араб өлкөлөрү каршы чыгышты. Бул өлкөлөр геноцидден кийинки башкаруу механизминин түзүмүнө жана Палестина бийлигинин өткөөл процессте ролунун жоктугуна тынчсызданууларын билдиришти.
Сүйлөшүүлөр тууралуу маалымат алган БУУнун төрт дипломатынын айтымында, вето укугуна ээ Коопсуздук Кеңешинин туруктуу мүчөлөрү Москва жана Бээжин президент Дональд Трамптын ок атышууну токтотуу планынын алкагында сунушталган "Тынчтык кеңешин" долбоордон толугу менен алып салууну талап кылышты.
Шаршемби күнү кечинде таратылган кайра каралган текстте АКШ Палестинанын өз тагдырын өзү аныктоо укугуна шилтеме жасап, мурунку долбоордо саясий көз караштын жоктугу боюнча сын-пикирлерге жооп берүүгө аракет кылды.
Дипломаттар сүйлөшүүлөр сөз жүзүндөгү типтүү талаш-тартыштар болгонун айтышса да, каршы пикирлер Вашингтон менен БУУнун эң күчтүү мүчөлөрүнүн ортосундагы олуттуу айырмачылыктарды ортого салууда.
АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио мыйзам долбоорунун "тез арада" кабыл алынышы зарылдыгын баса белгилеп, процесстин темпин жоготпош керектигин билдирди.
G7 жыйынынын алдында журналисттерге маалымат берген Рубио: "Менимче, биз жакшы ийгиликтерге жетишип жатабыз", - деди.
Коопсуздук Кеңеши түзөтүүлөрдү карап жатат
Өткөн аптада таратылган АКШнын долбоорунда эл аралык күчтөргө 2027-жылга чейин Газада иштөө үчүн кеңири ыйгарым укуктарды берүү, ошондой эле али түзүлө элек Тынчтык Кеңеши каралган.
Аскердик салым кошууга кызыкдар болгон айрым араб өлкөлөрү мындай уруксаттын зарылдыгын айтышууда.
Орусия, Кытай жана Алжир долбоорду четке кагышты, ал эми Коопсуздук Кеңешинин эки гана мүчөсү түзөтүүлөрдү сунуштаган жок; башкалары мыйзам долбооруна түзөтүүлөрдү киргизишти.
Сынга алынган негизги маселелердин арасында Палестина мамлекеттүүлүгүнө карай жолдун так эместиги жана Израиль күчтөрүнүн Газадан качан чыгарына байланыштуу белгисиздик бар.
Жаңыртылган долбоордо Палестина бийлигинин реформалары "ишенимдүүлүк менен ишке ашырылып", кайра куруу иштери илгерилегенде, "палестиналыктардын өз алдынча чечим кабыл алуусу жана мамлекеттүүлүккө ишенимдүү өтүүсү" үчүн шарттар жагымдуу болушу мүмкүн экени айтылды.
Ошондой эле долбоордо Израилдин күчтөрү коопсуздук күчү "көзөмөлдү жана туруктуулукту камсыз кылгандан" кийин дароо чыгып кетери баса бегиленди.