Түркиянын атактуу Газиантеп лахмажуну Европа Биримдигинен географиялык көрсөткүч күбөлүгүн алды

Лахмажун Түркиянын түштүк-чыгышында жайгашкан Газиантеп шаарынын Европа Биримдиги тарабынан таанылган даамдуу тамактарынын катарына кошулду.

By
Түркиянын атактуу Газиантеп лахмажуну Европа Биримдигинен географиялык көрсөткүч күбөлүгүн алды

Газиантеп шаардык муниципалитетинин мэри Фатма Шахин шаардын уникалдуу даамы болгон лахмажундун географиялык көрсөткүч күбөлүгүнө ээ болуу менен Европа Биримдиги (ЕБ) тарабынан коргоого алынганын жарыялады. Лахмажун шаардын бул наамды алган бешинчи өнүмү болуп калды.

Акыркы каттоо менен бирге Түштүк-Чыгыш Анадолудагы маанилүү шаар Газиантептин Европа Биримдиги тарабынан таанылган 107 өнүмү бар жана бул категорияда түрк шаарларынын арасында биринчи орунда турат.

Жука нандын бетине татымалдуу эт аралашмасы капталган Лахмажун дүйнө жүзү боюнча "түрк пиццасы" катары белгилүү.

Шахиндин айтымында, ЕБ тарабынан таанылган башка жергиликтүү өнүмдөргө Газиантеп баклавасы, Арабан сарымсагы, мененгич кофеси жана Антеп мисте пастасы кирет.

X платформасындагы билдирүүсүндө Фатма Шахин: "Бул каттоолор биздин даамыбыздын аныктыгын сактап, брендибиздин баалуулугун дүйнөлүк көңүл чордонуна көтөрүп, шаарыбызга нарк кошот. Айыл чарба жана токой чарба министрибиз Ибрахим Юмаклы мырзага, өнөр жай жана технология министрибиз Мехмет Фатих Кажыр мырзага, Газиантеп Товар биржасына жана колдоо көрсөткөн бардык адамдарга ыраазычылык билдирем. Бул шаарыбызга ийгилик алып келсин", - деди.