ТҮРКИЯ
1 мүнөт окуу
Фидан менен Аракчи аймактык чыңалуу күчөгөндүктөн 24 сааттын ичинде экинчи жолу сүйлөштү
Түркия менен Ирандын тышкы иштер министрлери аймактык чыңалууну азайтуунун жолу катары сүйлөшүүлөрдүн маанисин баса белгилешти.
Фидан менен Аракчи аймактык чыңалуу күчөгөндүктөн 24 сааттын ичинде экинчи жолу сүйлөштү
Түркиянын жана Ирандын тышкы иштер министрлери. / Reuters

Түркиянын тышкы иштер министри Хакан Фидан менен Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи шаршемби күнү аймактык чыңалууну азайтууга карата чараларды талкуулашты.

Эки тышкы иштер министри шейшемби күнкү сүйлөшүүдөн кийин 24 сааттын ичинде экинчи жолу байланышка чыгышты.

Түрк дипломатиялык булактардын маалыматына караганда, телефондук сүйлөшүү учурунда Фидан аймактык чыңалууну азайтуунун жолу катары сүйлөшүүлөрдүн маанисин баса белгиледи.

Өткөн айдан бери Иранда риалдын наркы кескин түшүп кеткенине жана экономикалык абалдын начарлашына байланыштуу 28-декабрда Тегерандын Чоң базарында башталган нааразылык акциялары уланып келе жатат.

Нааразычылык акциялары андан соң башка башка шаарларга да жайылды.

Өкмөт өкүлдөрү АКШ менен Израилди "башаламандыктарды" жана "терроризмди" колдогон деп айыпташты.

Расмий маалыматтар боюнча курмандыктар жарыялана элек болсо да, АКШдагы адам укуктары боюнча топ коопсуздук күчтөрүн жана демонстранттарды кошкондо каза болгондордун саны 2550дөн ашканын, ал эми 1134төн ашуун адам жаракат алганын билдирди.

Иликте
Коммуникация башкармалыгынын башчысы Дуран Азербайжанды куттуктады
АКШ Ормуз кысыгы аркылуу өтүү акысы үчүн санкция салды
Ирандын революция сакчылары Кувейттеги АКШнын аба базасын бутага алганын билдирди
Келерки жумалар Украинанын Европа Биримдигине мүчөлүк процесси үчүн абдан маанилүү
1,7 миллионго жакын мусулман ажылыкка барды
Хамас Кассам бригадасынын командири Авденин Израилдин чабуулунан каза болгонун ырастады
Израиль армиясы Газага кол салууда Хамастын аскердик лидерин өлтүргөнүн билдирди
БУУ Европадагы ысык аба ырайын климаттык кризистин "аёосуз эскертүүсү" деп мүнөздөдү
ДССУ:Испанияда жаңы учур катталып,круиздик кемедеги хантавирус жуктуруп алгандардын саны 13кө жетти
АКШнын аскерлери Ирандын түштүгүндөгү деңиз жана ракеталык буталарга сокку урду
Израилдин президенти Герцог Израиль коомун «желмогуз» деп мүнөздөдү
Орусия чет элдиктерди жана дипломаттарды Киевден чыгып кетүүгө чакырды
Британиянын коргоо министринин учагы Орусиянын чек арасына жакын жерде сигналдын бузулушуна кабылды
Түркиянын Тышкы иштер министрлиги "25-май Африка күнүнө" карата куттуктоо жарыялады
Израиль армиясы Батыш Шериада дүкөндөрдү жаптырды