ТҮРКИЯ
2 мүнөт окуу
Британиялык дипломат Түркиянын ролун жогору баалады
Тышкы иштер министри Ламми Анкарага сапарында стратегиялык өнөктөштүк, соода байланыштары жана биргелешкен дипломатияга басым жасады.
Британиялык дипломат Түркиянын ролун жогору баалады
Turkish Foreign Minister Fidan and UK Foreign Secretary Lammy have held a joint press conference after their meeting in Ankara, Turkiye. (Photo: AA) / AA

Британиянын тышкы иштер министри Дэвид Ламми Түркиянын тышкы иштер министри Хакан Фидан менен Анкарада өткөргөн сүйлөшүүсүнөн кийинки маалымат жыйынында Түркиянын аймактык ролун жогору баалады.

Дүйшөмбү күнкү билдирүүсүндө Ламми Улуу Британия менен Түркиянын ортосундагы жакын дипломатиялык карым-катнаштарга токтолуп, бул карым-катнаштын тыгыз диалог, стратегиялык шайкештик жана терең маданий байланыштарга негизделгенин айтты.

“Мен кызматка келгенден бери 12 айдын ичинде Хакан Фидан менен жолукпаган же сүйлөшпөгөн ай болгон жок, көбүнчө бир нече жолу сүйлөшүү өткөрдүк,” – деген Ламми Улуу Британия менен Түркиянын ортосундагы кызматташуунун күчтүүлүгүн жана үзгүлтүксүздүгүн баса белгиледи.

Ламми быйыл Түркияга болжол менен беш миллион британ жаранынын саякат кылышы күтүлүп жатканын жана Улуу Британиядагы түрк тилдүү коомчулуктарды эки элдин ортосундагы бекем байланыштын далили катары көрсөттү.

Ал ошондой эле жылдык соода көлөмү 28 миллиард фунт стерлингди ($38.4 миллиард) түзгөн соода мамилелерин бекемдөө максатында жаңы Эркин Соода Макулдашуусу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын айтты.

Ламми: “Түрк өнөр жайы менен бизнесинин көбүнчө Улуу Британияда шериктештикте иштөөсү бул күчтүү иш мамилелеринин далили”, - деди.

Түркиянын Украина, Газа жана Сириядагы ролу

Ламми Түркиянын Украинада тынчтыкты орнотуу жана Орусиянын агрессиясына каршы аракеттерин жогору баалап, Кара деңиз аймагын стабилдештирүү жана көптөн бери күтүлгөн ок атышпоо аракеттерине көңүл бурду.

Украин жарандары менен орус аскерлеринин жоготууларына токтолгон Ламми: «Түркиянын тынчтыкты орнотуу жана эбегейсиз чоң жоготууларды токтотуу үчүн жасаган иштерине абдан ыраазымын»,-деди.

Газа темасында болсо Ламми эки өлкөнүн гуманитардык кризиске карата жалпы тынчсыздануусун баса белгилеп, эки мамлекеттүү чечимге бекем берилгендигин кайталады. Ошондой эле Сирия маселеси да талкууланганын тастыктап, регионалдык коопсуздук боюнча Түркиянын кызматташтыгын жогору баалаганын билдирди.

“Бизде абдан тыгыз иштиктүү карым-катнаш бар жана мен ойлойм бул оор жана татаал геосаясий мезгилде Улуу Британия менен Түркиянын ортосунда алдыдагы айларда көбүрөөк биргелешкен иштерди көрөсүздөр” деп жыйынтыктады.

Иликте
Президент Эрдоган Аясофия тууралуу пост жарыялады
Израиль армиясы Газадагы бир нече үйгө абадан сокку урду
Түркия израилдик министрдин Акса мечитинде жүргүзгөн рейдине каршылык көрсөттү
Украина лидери: "Россиянын Павлоград шаарына жасаган чабуулунда 3 адам каза болду"
Султандар жарым финалда
Россия менен АКШнын тышкы иштер министрлери Украина кризиси тууралуу сүйлөштү
Израиль Газадагы ок атышуу эрежесин бузуп, төрт палестиналыкты өлтүрдү
Түркиянын "AKYA" торпедосу чыныгы ок - дары менен атуу сыноосунда бутадагы кемени жок кылды
Кыргызстан менен Беларус соода көлөмүн 500 миллион долларга чейин көбөйтүүнү максат кылууда
Пакистан менен Иран терроризмге жана баңги затка каршы күрөшүүдө кызматташуусун күчөтөт
Иран: "АКШ менен маалымат алмашуу жана ортомчулук аракеттери уланууда"
Россиянын түштүгүндөгү Wildberries логистикалык борборлоруна дрон менен чабуул жасалды
Түрк аскерлеринин Сомалидеги миссиясынын мөөнөтү 2 жылга узартылды
АСЕАН Түркияга диалог өнөктөшү статусун берди
Түркия Жер Ортолук деңизиндеги байыркы шаарда 2000 жылдык негизги жолду ачыкка чыгарууда