ДҮЙНӨ
1 мүнөт окуу
Сауд Арабиясынын баш муфтийи, шейх Абдулазиз бин Абдулла аль-Шейх, дүйнөдөн кайтты
Сауд Арабиянын Королдугунун сарайы королдуктун жана ислам дүйнөсүнүн исламга жана мусулмандарга чоң салым кошкон баалуу бир аалымын жоготкондугун жарыялады.
Сауд Арабиясынын баш муфтийи, шейх Абдулазиз бин Абдулла аль-Шейх, дүйнөдөн кайтты
2010-жылдын сентябрь айында, Эр-рияд шаарындагы Имам Турки бин Абдулла мечитинде, Сауд Аравиясынын башкы муфтийи шейх Абдулазиз аль-Шейх орозо айт намазын окууда. / AP

Сауд Арабиясынын башкы муфтийи жана чейрек кылымдан ашык убакыт өлкөнүн эң жогорку диний лидери катары кызмат кылган, 80 жаштагы Шейх Абдулазиз бин Абдуллах аль-Шейх шейшемби күнү каза болду.

Сауд Арабиясы, Мекке жана Медина сыяктуу мусулмандардын ыйык шаарлары жайгашкан өлкө, ар бир ден соолугу чың мусулмандын өмүрүндө бир жолу аткарууга милдеттүү болгон ажылык сапарын өткөрөт. Ошондуктан башкы муфтийдин билдирүүлөрү өзгөчө көңүл бурууга алынат.

Сауд династиясы менен тыгыз байланышы бар шейх Абдулазиз акыркы жылдары Сауд Арабияда аялдардын унаа айдашына уруксат берүү жана кинотеатрларды ачуу сыяктуу социалдык жактан либералдуу кадамдарды жасап, ДЕАШ жана Аль-Каида сыяктуу экстремисттик топторду сынга алган.

Падышалыктын күнүмдүк башкаруусун жүргүзгөн, 89 жаштагы падыша Салмандын уулу, мураскер ханзаада Мухаммед бин Салман, шейшемби күнү кечинде Эр-Риядда маркум муфтийдин жаназа намазына катышты.

“Анын дүйнөдөн кайтышы менен падышалык жана ислам дүйнөсү ислам жана мусулмандар үчүн чоң салым кошкон көрүнүктүү аалымынан айрылды,” – деп Сауд падышалыгынын падышалык соту билдирүү жасады.

Жаш кезинде көрүүсүнөн ажыраган шейх Абдулазиз 1999-жылы, Сауд падышасы Фахддын башкаруусу учурунда башкы муфтий болуп дайындалган.

Иликте
Улуттук Чалгындоо Уюму Сирияда операция жүргүзүп, 10 ДЕАШ мүчөсүн Түркияга алып келди
"Түркия кылымында инвестиция жана каржы" китеби басылып чыкты
Иран: Сүйлөшүүлөрдө жакынкы жумаларда же айларда так жыйынтыкка жетишүү күтүлбөйт
Кытайда көмүр кенинде жарылуу болуп 82 адам каза болду
Россия: Украинанын Лугансктагы колледжге жана жатаканага жасаган чабуулунан төрт киши каза болду
Президент Эрдоган Трабзонспорду Түркия кубогун жеңиши менен куттуктады
Сауд Арабиясы коопсуздукту камсыз кылуу үчүн дрондорду жана жасалма интеллектти колдонууда
Рютте: "НАТО күчтүү жолго түштү жана өнөктөштүккө болгон көз карандылык азаят"
Иран АКШнын Ливан элчисине киргизген санкцияларын айыптады
АКШ Иран согушуна байланыштуу Тайванга 14 миллиард долларлык курал-жарак сатууну токтотту
АКШ Украинага 108,1 миллион долларлык Hawk ракета системасы жабдууларын сатууну бекитти
Марокконун Фес шаарында имарат кулап, көп сандаган адамдар каза болду
Израиль Сириянын түштүгүндө Дараага жакын жердеги айыл чарба жерлерин бомбалады
SpaceX акыркы мүнөттөгү техникалык көйгөйдөн улам Starship сыноо учуусун кийинкиге калтырды
Эл аралык жарандык коом уюму: "Газада гуманитардык абал азыр да катастрофалык абалда"