ДҮЙНӨ
1 мүнөт окуу
Колумбиядагы аскердик учак кырсыгындакеминде 66 киши каза болуп, ондогон киши жараланды
114 аскер кызматкерин жана 11 экипаж мүчөсүн ташып бара жаткан Hercules C-130 тибиндеги транспорттук учак Эквадор менен чектеш аймакта кулап, өрттөнүп жаткан учактын калдыктарынын арасында көптөгөн адамдар дайынсыз болууда.
Колумбиядагы аскердик учак кырсыгындакеминде  66 киши каза болуп, ондогон киши жараланды
Колумбия: Кулаган учакта 125 аскер болгон, көчүлүгүнүн каза болушунан кооптонуулар бар. / AFP

Колумбиянын түштүгүндө ичинде 125 адам болгон аскердик учак кырсыкка учурап, кеминде 66 адам каза болду. Аскердик жетекчилердин маалыматына караганда, ондогон адамдар оор жаракат алган.

Hercules C-130 тибиндеги учак Эквадор менен чектеш түштүк аймактагы Пуэрто-Легуизамодон абага көтөрүлгөндөн көп өтпөй кулап түшкөн. Өрттөнгөн учактын калдыктары токой арасына жайылды.

Колумбиянын аба күчтөрүнө таандык бул учак Пуэрто-Легуизамо менен Амазонкадагы башка бир базанын ортосунда 114 аскер кызматкерин жана 11 экипаж мүчөсүн ташып бараткан.

Генерал Карлос Фернандо Сильва Руэда учактагы жалпы адамдардын санын тастыктады, ал эми жетекчилер кырсыктан 48 адамдын аман калганын билдиришти.

21 адам азыр да дайынсыз.

Президент Густаво Петро алгачкы билдирүүсүндө кырсыктын себептери азырынча белгисиз экендигин айткан.

Коргоо министри Педро Санчес трагедиялуу кырсыкка байланыштуу "терең кайгыруу" билдирип, жабыркагандарга жардам берүү үчүн топ жөнөтүлгөнүн ырастады.

Санчес өзүнүн X баракчасында: "Каза болгондордун жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтам жана расмий маалыматтар чыкканга чейин ар кандай божомолдордон алыс болууну суранам", — деп жазды.

Окуя болгон жерден алынган видеолордо бак-дарактардын арасынан түтүн жана жалын чыгып жатканын, ал эми жай тургундар учактын талкаланган куйрук бөлүгүнүн айланасында жүргөнүн көрүүгө болот.

Иликте
Кыргызстан менен Беларус соода көлөмүн 500 миллион долларга чейин көбөйтүүнү максат кылууда
Пакистан менен Иран терроризмге жана баңги затка каршы күрөшүүдө кызматташуусун күчөтөт
Иран: "АКШ менен маалымат алмашуу жана ортомчулук аракеттери уланууда"
Россиянын түштүгүндөгү Wildberries логистикалык борборлоруна дрон менен чабуул жасалды
Түрк аскерлеринин Сомалидеги миссиясынын мөөнөтү 2 жылга узартылды
АСЕАН Түркияга диалог өнөктөшү статусун берди
Түркия Жер Ортолук деңизиндеги байыркы шаарда 2000 жылдык негизги жолду ачыкка чыгарууда
БУУ:2026-жылдын биринчи жарымында Россия-Украина согушунда карапайым калктын өлүмү 37% өстү
Дүйнөлүк башаламандык шартында АСЕАН биримдикке чакырган маанилүү саммит баштады
Лавров Түндүк Кореянын Тышкы иштер министри  Цой Сон Хи менен жолугушту
АКШ Иранга каршы жаңы чабуулдарды баштады жана Иранда көптөгөн жарылуулардын болгону билдирилди
Түркия: "90 жылдан бери Монтрё кысыктары конвенциясын кылдаттык менен ишке ашырып келе жатабыз"
Президент Эрдоган: "Биз Кипр түрк элин эч качан адилеттүү күрөшүндө жалгыз калтырбайбыз"
Түркия ТКТРнын кызыкчылыктарын коргоону улантарын билдирди
Хакан Фидан: «Каалообуз эртерээк Иран менен Американын  келишимге кайтып келиши»