САЯСАТ
2 мүнөт окуу
Иран АКШны өзөктүк сүйлөшүүлөрдө Израилдин таасиринен арылууга чакырды
Тегеран өзүнүн өзөктүк программасы боюнча сүйлөшүүлөргө ачык экенин билдирип, ошол эле учурда Израилди процессти саботаждоого аракет кылып жатат деп айыптады.
Иран АКШны өзөктүк сүйлөшүүлөрдө Израилдин таасиринен арылууга чакырды
Ирандын Жогорку Улуттук коопсуздук кеңешинин катчысы Али Лариджани Иран сүйлөшүүлөрдө кызматташууга ачык бойдон кала берерин билдирди. / Reuters

Иран АКШдан Тегерандын өзөктүк программасы боюнча сүйлөшүүлөрдө Израилдин таасиринен көз карандысыз түрдө өз кызыкчылыктарын эске алууну суранды.

Ирандын Жогорку улуттук коопсуздук кеңешинин катчысы Али Ларижани «Аль-Жазира» телеканалына берген маегинде сүйлөшүү процесси уланып жатканын жана аймактык өлкөлөр да сүйлөшүүлөрдүн ийгилигин камсыз кылуу үчүн иштеп жатканын билдирди.

Ларижани Омандын тышкы иштер министри Бадр бин Хамед аль-Бусаиди аркылуу АКШга Тегерандын позициясы боюнча жөнөтүлгөн катка расмий жооп келе электигин билдирди.

Ларижани Иран сүйлөшүүлөрдө кызматташууга ачык бойдон кала берерин жана сүйлөшүүлөрдү колдоону улантып жатканын баса белгилеп, Ирандын өзөктүк куралы жок экенин жана аны ишке ашырууга умтулбай турганы боюнча Тегеран менен Вашингтондун ортосунда  жалпы түшүнүк бар экенин белгиледи.

Ал сүйлөшүү процессин ашыкча создуктурбоо керектигин баса белгилеп, Ирандын ракета программасы сүйлөшүүлөрдүн бир бөлүгү болбой турганын; башка маселелерди кошуу процессти үзгүлтүккө учуратышы мүмкүн экенин билдирди. Ларижани: «Биздин ракета программабыз өзөктүк программадан толугу менен бөлөк. Бул негизинен биздин улуттук коопсуздугубузга байланыштуу ички маселе. Ошондуктан ал бул сүйлөшүүлөрдүн бир бөлүгү боло албайт», - деди.

ТийиштүүTRT Кыргызча - Рубио: «Трамп Иран менен келишим түзүүнү артык көрөт»

 Ларижани ошондой эле Ирандын уранды байытуу деңгээлин нөлгө чейин кыскартуу идеясы «үстөлдө жок» деп билдирип, «бул технология боюнча тажрыйба топтогон өлкөнүн аны нөлгө чейин кыскартуусу мүмкүн эмес» деп кошумчалады жана байытылган уран саламаттыкты сактоо боюнча изилдөөлөр жана дарылоо сыяктуу максаттар үчүн керек экенин белгиледи.

Иран потенциалдуу коркунучтарга каршы даяр экенин баса белгилеген Ларижани Израилди сүйлөшүүлөргө кийлигишип, аймакты туруксуздаштырууга аракет кылып жатат деп айыптап: «Биздин сүйлөшүүлөр толугу менен АКШ менен. Биз Израиль менен эч кандай сүйлөшүүлөрдү жүргүзбөйбүз. Бирок, Израиль бул процесске кийлигишти; анын максаты - бул сүйлөшүүлөрдү бузуу жана саботаж кылуу», - деди.

Ларижани ошондой эле Иран аймактык туруктуулукту сактоо үчүн Сауд Арабиясы, Египет жана Түркия менен кызматташууга даяр экенин билдирди.

Өткөн жылдын июнь айында Израиль менен болгон 12 күндүк жаңжалга токтолгон Ларижани Ирандын чалгындоо кызматы сүрөттөлгөндөй күчтүү болбогонун мойнуна алса да, коопсуздук чаралары күчөтүлгөнүн жана Израилдин чабуулу улуттук биримдик сезимин бекемдегенин белгиледи.

Иликте
Эрдоган: "Стамбул аэропортунун төртүнчү учуп-конуу тилкеси дүйнөлүк байланышты жогорулатат"
Эрдоган: «Түркияны дүйнөдөгү эң кеңири аба каттамдары тармагына ээ өлкөлөрдүн бирине айландырдык"
Израиль күчтөрү Сириянын түштүгүндө рейд жүргүздү
Түндүк Кореянын Орусиядагы заводдорго миңдеген жумушчуларды жөнөткөнү айтылууда
Конго Демократиялык Республикасында эболадан каза болгондордун саны 3577ге жетти
Пакистанда мечитке жакын жерде жардыруу болду: 15 киши каза болуп, 50дөн ашык киши жаракат алды
Скандинавия аба жолдору Израилге каттамдарды кайрадан жандандыруу планын жокко чыгарды
Филиппин: Мектепте болгон атышуудан эки окуучу каза болду
Бразилиянын лидери Трампты президенттик шайлоого кийлигишпөө жөнүндө эскертерин айтты
Африкада жаңы океан пайда болот
Орусия: Украинадагы согуштун көлөкөсүндө парламенттик шайлоо өткөрүлүүдө
Газада Израиль тарабынан талкаланган конуштан дагы 12 сөөк табылды
Кофенин жыты маанайды жана мээ толкундарын өзгөртө алары аныкталды
Трамп Польшада АКШнын базасын түзүү боюнча маанилүү ийгиликтерге жетишилгенин жарыялады
Словакиянын премьер-министри Фицо "Европа боюнча аскердик кагылышуу" тууралуу эскертти