САЯСАТ
3 мүнөт окуу
G7 Канадада Трамп менен Украина жана тарифтер тууралуу күч алган чыңалуу чөйрөсүндө чогулат
G7 тышкы иштер министрлери Трамп менен Украина, тарифтер жана альянстар арасындагы чыңалуу учурунда Канадада жолугушат.
G7 Канадада Трамп менен Украина жана тарифтер  тууралуу күч алган чыңалуу чөйрөсүндө чогулат
/ AFP

Батыштык демократиялардын тышкы иштер министрлери АКШнын прзиденти Дональд Трамптын Украина тууралуу саясатында өзгөрүүлөрдү  жасап жана бажы салыктары тууралуу киргизген тарифтерден улам союздаштары менен  арасындагы чыңалуу күч алган жети жумадан кийин бейшемби күнү Канадада чогулду.

Британия, Канада, Франция, Германия, Италия, Япония жана АКШдан турган G7 тобу менен Европа Биримдигинин жетекчилери, эки күнгө созула турган жолугушуулар үчүн Квебек штатынын туристтик Ла - Мальбея шаарында жолугушту. Буга чейинки жылдарда көпчүлүк учурда жалпы макулдашуу түзүлгөн  жыйындарда  бул жолу пикир келишпестиктер тереңдеди.

Вашингтондун өнөктөштөрү үчүн эң негизги тема АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубионун шейшемби күнү Сауд Арабиянын Жидда шаарында украиналык жетекчилер менен өткөргөн жолугушуулар тууралуу маалымат алуу болот. Киев башкаруусу бул жолугушуулардан кийин  30 күндүк ок атышпоо келишимине колдоо берүүгө даяр экендигин билдирген.

Бирок Канаданын кезектешкен башкаруучулугундагы биринчи G7 жыйынынан мурда макулдашылган, бардык тараптарды камтыган акыркы билдирүүнү даярдоо кыйынга турду.

АКШнын  болот жана алюминий экспортуна  25 пайыздык бажы салыгын алып келүү чечимине Канада жана Европа Биримдиги дароо жооп кайтаруу чараларын көрүп, чыңалууну ого бетер күчөттү.

Вашингтон Украина тууралуу билдирүүлөргө чектөө киргизилишин каалап, Россиянын  санкциялардан качышына мүмкүнчүлүк түзгөн жашыруун деңиз соода желесине карата башка декларацияга каршы чыкты жана Кытайга карата дагы катуу тилди талап кылды.

Рубио дүйшөмбү күнү Вашингтондун Россия жана Украинаны сүйлөшүү столуна отуртуу аракеттерине зыян алып келе турган бир тилдин колдонулушун каалабагандыгын белгиледи. Шаршемби күнү журналисттерге берген билдирүүсүндө : «G7 билдирүүсү АКШнын согушту токтотуу процессин алдыга жылдыргандыгын кабыл алган жакшы бир текст болот»,- деди.

G7 дипломаттары Жиддадагы сүйлөшүүлөрдөн чыккан оң жыйынтыктардын Украина тууралуу өткөрүлө турган сүйлөшүүлөрдү жеңилдете аларын белгиледи.

Трамптын кайтып келиши жана АКШнын Украина саясаты

Трамптын 20 -  январда  кызматка кайтып келишинен кийин АКШ Украинага карата кыйла алыс позицияны карманды. Вашингтон согуштун ылдам түрдө акырына чыгарылышын каалап, европалык союздаштарынын дагы көп жоопкерчилик алышын талап кылды бирок алардын келечекте сүйлөшүүлөрдөгү ролун ачыкча колдогон жок. Бир тараптан Москва менен карым – катнаштарын кайрадан чыңдай баштады.

Бажы салыктары жана ’51-  штат’ чыр  - чатагы

Япония сыяктуу АКШнын коопсуздук кепилдиктерине караштуу өлкөлөр да Трамптын катуу саясаттарынын бутасы болуудан кача алган жок.

Бир европалык дипломат Трамптын G8ди Россияны да камтый тургандай түрдө кайрадан жандандыруу сунушун тамашага салып : «Балким да G8ди күтүүбүз керек»,- деди. Россиянын мүчөлүгү  2014 -  жылы Крымды аннексиялоосунан улам токтотулган.

АКШнын союздаштары үчүн Трамптын саясатынын эң чоң көйгөйлөрүнүн бири Канада менен болгон чыңалуу болду. Трамптын Канаданын бардык импортуна бажы төлөмүн киргизем деп коркутуусу жана Канаданы “АКШнын 51-штаты” катары аннексиялоо жөнүндөгү сөздөрүнөн улам эки өлкөнүн мамилеси төмөндөдү.

Рубио журналисттерге берген билдирүүсүндө: «G7 жыйынында бул темаларга көңүл бурабыз. Бул жыйын Канаданы кантип колго аларыбыз тууралуу эмес»,- деп карым  - катнаштардын абалына басым жасады.

Бул билдирүүлөр Оттава администрациясы үчүн жетишсиз болушу мүмкүн. Канаданын тышкы иштер министри Мелани Жоли шаршемби күнү Чоң жетиликте катаал позицияны көрсөтө  тургандыгын айтып: «Ар бир жолугушууда бажы төлөмдөрү маселесин көтөрөм. Европа менен биргелешкен жоопту иштеп чыгып, АКШга кысым жасайбыз",- деди.

Европалык дипломаттар G7 саммитин Рубионун АКШнын тышкы саясатындагы  чыныгы таасирин карап чыгуу үчүн мүмкүнчүлүк катары карашуда.

Трамп Украинадан Жакынкы Чыгышка чейин кеңири чөйрөдө тышкы иштер министрлиги менен байланышы болбогон башка жетекчилерди сүйлөшүүлөргө кошту.  Бул абал союздаштарды Вашингтондон келген ыраатсыз билдирүүлөр тууралуу тынчсыздандырды.

 

Иликте
Министр Фидан: "Биринчи өзгөчөлүгүбүз  жүргүзгөн саясатыбызда туруктуу болуу"
Трамп Германиядагы АКШ аскерлерин кыскартууну карап жатат
АКШ  өнөктөштөрүн Ормуз кысыгын ачуу үчүн жаңы коалиция түзүүгө чакырууда
Трамп: АКШ менен Ирандын ортосундагы сүйлөшүүлөр телефон аркылуу жүргүзүлөт
Ирандын аскердик кеңешчиси: "АКШнын эмбаргосу ишке ашпайт"; Тегеран кагылышууну тандашы мүмкүн
Түркия менен Испания Израилдин флотилияга кийлигишүүсүнө каршылык көрсөтүүгө чакырышты
Түркия Израилдин флотилияга кийлигишүүсүн "каракчылык актысы" деп айыптады
Израиль оккупация астындагы Чыгыш Кудста кечил аялга кол салды
Иран депутаты өлкөдө көпкө созула турган согушка жетиштүү ракета жана дрон запасы бар экенин айтты
Израиль басып алынган Батыш Шериада 100дөн ашык мыйзамсыз конуштарды курууга уруксат берди
Израиль басып алган Батыш Шериада бир палестиналыкты өлтүрдү
Израиль полициясы Палестинанын желеги деп ойлоп  Венгриянын желегин тартып алды
Индияда катуу ысык болуп, жетекчилер жардам көрсөтүү чараларын карап жатат
Мексика өлкөдөгү ЦРУ агенттерин иликтейт
АКШнын согуш министри Иран менен болгон согуш боюнча биринчи жолу көрсөтмө берет