Индонезиянын чыгышындагы сел апаатынан кеминде 16 адам каза болду
Чыгыш Сулавеси провинциясынын түндүк аймагындагы көптөгөн жерлерди каптаган сел апааты аймактагы үйлөргө, инфраструктурага жана коомдук жайларга зыян келтирди.
Индонезиянын чыгышындагы Түндүк Сулавеси провинциясында болгон селде каза болгондордун саны 16га жетти, бийлик өкүлдөрү үч адамдын дайынсыз жоголгонун билдиришти.
Индонезиянын Улуттук кырсыктарды азайтуу агенттиги шейшемби күнү кечинде Сиау Тагуланданг Биаро аралдарынын аймагында дүйшөмбү күнү болгон селден кеминде 22 адамдын жаракат алып, 682 адамдын үй-жайсыз калганын жарыялады.
Агенттиктин билдирүүсүнө караганда, бийлик дүйшөмбүдөн баштап 14 күндүк өзгөчө кырдаал жарыялап, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына персонал, жабдууларды жана гуманитардык жардамдарды мобилизациялоону камтыган чукул чараларды көрүүгө уруксат берди.
Катуу жаан-чачындар арал аймагынын ар кайсы жерлерин суу каптап, үйлөргө, инфраструктурага жана коомдук жайларга зыян келтирди.
Агенттиктин айтымында, издөө-куткаруу топтору жоголгон үч адамды табуу аракеттерин улантууда.
Индонезия жаан-чачындын көп болушунан жана жер кыртышынын жукалыгынан улам жамгыр мезгилинде сел жана жер көчкүлөргө көп катталууда.
Ошол эле учурда Индонезиянын Суматра аралында ноябрь айынын аягынан бери болуп жаткан селде 1178 адам каза болуп, 148 адам дайынсыз жоголду.