Сауд Арабия Йемендин экономикалык кризисин жеңилдетүү үчүн 368 миллион доллар убада кылды
Каражат орчундуу кызматтарды, өзгөчө саламаттыкты сактоону, мамлекеттик бюджетти жана күйүүчү май менен камсыздоону турукташтырууга багытталат.
Сауд Арабия Йемендеги экономикалык кризисти жеңилдетүү максатында Йемендин президенттик кеңешинин төрагасы Рашад ал-Алими жетектеген Йемен өкмөтүнө болжол менен 368 миллион долларлык экономикалык жардам берерин жарыялады.
Сауд Арабиянын Тышкы иштер министрлиги ишемби күнү билдиргендей, Йеменди өнүктүрүү жана калыбына келтирүү программасынын алкагында жаңы экономикалык өнүгүү колдоосу катары 368 миллион доллар бөлүнөт.
Министрлик Йемендеги экономикалык абалдын начарлап баратканына көңүл буруп, чечимдин падыша Салман бин Абдулазиздин көрсөтмөсү жана мураскор принц Мухаммед бин Салмандын кеңеши менен кабыл алынганын маалымдады.
Бул жардам аль-Алиминин чакырыгына жооп катары берилип, Сауд Арабиянын Йемендин эл аралык коомчулук тарабынан таанылган өкмөтүнө колдоосунун бир бөлүгү болуп саналат.
Каражат маанилүү кызматтарды, өзгөчө саламаттыкты сактоону, мамлекеттик бюджетти жана күйүүчү май менен камсыздоону турукташтырууга багытталат.
Йеменде он жылдан ашуун убакыттан бери кагылышуулар уланууда. Хуситтер 2014-жылдын сентябрынан бери борбор шаар Сананы жана өлкөнүн айрым аймактарын көзөмөлдөп келет.
БУУнун маалыматы боюнча, Йемендин 30 миллион калкынын 22 миллиондон ашууну гуманитардык жардамга жана коргоого муктаж.
Таза суу, тамак-аш, дары-дармек жана медициналык жабдуулардын жетишсиздиги холера жана башка жугуштуу оорулардын жайылышына алып келип, карапайым калктын азабын ого бетер күчөтүүдө.