ТҮРКИЯ
1 мүнөт окуу
Эрдоган: Түркия сириялыктардын кыйынчылыктарга карабастан өлкөсүн кайра куруу аракеттерине ыраазы
Президент Эрдоган: "Сирияда 10-март келишиминин ишке ашырылышы жаман ниеттүү актерлордун пландарын бузат".
Эрдоган: Түркия сириялыктардын кыйынчылыктарга карабастан өлкөсүн кайра куруу аракеттерине ыраазы
Түркия жана түрк эли Сириянын жана сирия элинин калыбына келтирүү аракеттерине ар тараптуу колдоо көрсөтөт. / AA
 

Президент Режеп Таййип Эрдоган Сирия элинин кыйынчылыктарга карабастан өлкөсүн кайра куруу аракеттерине кубанып жаткандарын жана Сириянын 10-марттагы келишимди ийгиликтүү ишке ашыруусу алсыз, бөлүнгөн жана туруксуз Сирияга инвестиция салган жаман ниеттүү актерлордун пландарын буза турганын билдирди.

Шейшемби күнү Анкарада өткөрүлгөн Адам укуктары күнүнө арналган иш-чарада сөз сүйлөгөн Эрдоган: "Асад диктатурасы калтырган бардык кыйынчылыктарга жана кыйроолорго карабастан Сирия элинин акыркы бир жылдагы өлкөсүн кайра куруу аракеттерине кубанып жатабыз", - деди.

Түркия жана түрк эли Сириянын жана сириялыктардын калыбына келтирүү, оңдоо жана кайра куруу аракеттерине бардык мүмкүнчүлүктөрү менен толук колдоо көрсөтөрүн баса белгиледи.

Эрдоган Палестинадагы күнөөсүз элдин "чыдамкайлыгы жеңиш менен бүтө турганын, борбор шаары Чыгыш Кудс болгон эгемендүү Палестина мамлекети менен эркиндик жана тынчтык келерин" кошумчалады.

10-мартта Сириянын президенттик аппараты, президент Ахмед аш-Шара менен YPG/PKK террордук тобу үстөмдүк кылган Сирия демократиялык күчтөрүнүн (SDF) ортосундагы келишимди жарыялаган.

Бул келишим өлкө аймагында жалпы ок атышпоону камсыз кылып, Сирия демократиялык күчтөрүнүн Сирия Араб Республикасы мекемелерине интеграцияланышын белгилейт; ошондой эле өлкөнүн аймактык бүтүндүгүн бекемдеп, ар кандай бөлүнүүчүлүк аракеттерин четке кагууда.

Иликте
Министр Болат: «Акыркы 6 айда биз ай сайын экспорттун бардык рекорддорун жаңыладык»
Украина: «Россиянын Кривой Рог шаарына жасаган чабуулунан 2 адам каза болуп, 52 адам жаракат алды»
Австралия, Канада жана Жаңы Зеландия Россияны Украинадагы согушту токтотууга чакырды
"Оруч реис" сейсмикалык изилдөө кемеси Пакистанга чалгындоо иштерин баштоо үчүн барды
Тышкы иштер министри Фидан Европа Комиссиясынын төрага орун басары Фитто менен Анкарада жолугушту
WSJ: АКШ "Украина Россияга аймактарды берүү менен НАТОго мүчөлүгүн" күн тартибине алып келүүдө
Трамп Путинди досу катары атап, Европаны Украинага жардамды токтотууга чакырды
KIZILELMA дүйнөлүк басылмаларда чоң кызыгуу жаратты
Израилдин чабуулдарынан улам 6 миңден ашуун палестиналык кайрадан жер которууга аргасыз болду
Йылмаз: "Түркия менен Өзбекстандын ортосунда ийгиликтүү инвестициялык чөйрөнү түзүшүбүз керек"
Россия: "Украинанын энергетикалык жана порттук инфраструктуралык объектилерине чабуул жасадык"
Трамп Си Цзиньпин жана Путин менен өтө турган тарыхый саммит баштала электе эле «жеңиш» деп мүнөздү
Эрдоган: "Израиль Газаны дүйнөдөгү эң ири концлагерге айландырууда"
Министр Курум: "Антальяда бирдиктүү жана бекем макулдашууга жетишүүгө чечкиндүүбүз"
ЕБдан Украинада  ыктымалдуу тынчтык келишими үчүн коопсуздук кепилдиктерин талап кылды