ТҮРКИЯ
1 мүнөт окуу
Вице-президент: Түркия коргоо өнөр жайы темасында компромисске барбайт
Жевдет Йылмаз Түркия барган сайын туруксуз болуп бараткан дүйнөдө сестентүүчү күч болушу керектигин айтып, "Сиз канчалык туура болсоңуз да эгер күчтүү болбосоңуз бул дүйнөдө башкалардын ырайымына таянып жашай албайсыз" деп баса белгиледи.
Вице-президент: Түркия коргоо өнөр жайы темасында компромисске барбайт
Вице-президент: Түркия коргоо өнөр жайы темасында компромисске барбайт / AA
 

Вице-президент Жевдет Йылмаз Түркиянын коргоо өнөр жайы темасында эч кандай компромисске барбай турганын билдирди.

Түркия Улуу Улуттук Жыйынында сөз сүйлөгөн Йылмаз Түркия коргоо өнөр жайына артыкчылык берүүнү уланта берерин айтты.

Йылмаз НАТОнун мүчөлөрү жыл сайын ИДПнын 5 пайызын коргонуу каржылоолоруна бөлүүнү максаттаганын, Европа Биримдиги “SAFE программасын" жарыялаган жана геосаясий тобокелдиктер күчөп жаткан бүгүнкү дүйнөдө Түркия сестентүүчү күч болушу керектигин баса белгилеп: "Коргонуу тармагында эч кандай компромисс болбойт", - деди.

"Түркия ар дайым дипломатияга жана тынчтыкка артыкчылык берип келген өлкө", - деген Йылмаз: "Бул анын Газадан Карабахка, Украинадан Сомалиге жана Эфиопияга чейинки көптөгөн маселелерде дипломатияга жана тынчтыкка артыкчылык бергенинин конкреттүү мисалы", - деди.

Вице-президент: “Бирок биз муну да үйрөндүк: канчалык туура болсоңуз да, эгер күчтүү болбосоңуз бул дүйнөдө башкалардын ырайымына таянып жашай албайсыз. Муну Газада көрдүк. Биз күчтүү да, туура да болушубуз керек. Экөөнү тең жасоого тийишпиз жана Түркия Республикасы катары муну аткарабыз” деп айтты.

Иликте
Министр Болат: «Акыркы 6 айда биз ай сайын экспорттун бардык рекорддорун жаңыладык»
Украина: «Россиянын Кривой Рог шаарына жасаган чабуулунан 2 адам каза болуп, 52 адам жаракат алды»
Австралия, Канада жана Жаңы Зеландия Россияны Украинадагы согушту токтотууга чакырды
"Оруч реис" сейсмикалык изилдөө кемеси Пакистанга чалгындоо иштерин баштоо үчүн барды
Тышкы иштер министри Фидан Европа Комиссиясынын төрага орун басары Фитто менен Анкарада жолугушту
WSJ: АКШ "Украина Россияга аймактарды берүү менен НАТОго мүчөлүгүн" күн тартибине алып келүүдө
Трамп Путинди досу катары атап, Европаны Украинага жардамды токтотууга чакырды
KIZILELMA дүйнөлүк басылмаларда чоң кызыгуу жаратты
Израилдин чабуулдарынан улам 6 миңден ашуун палестиналык кайрадан жер которууга аргасыз болду
Йылмаз: "Түркия менен Өзбекстандын ортосунда ийгиликтүү инвестициялык чөйрөнү түзүшүбүз керек"
Россия: "Украинанын энергетикалык жана порттук инфраструктуралык объектилерине чабуул жасадык"
Трамп Си Цзиньпин жана Путин менен өтө турган тарыхый саммит баштала электе эле «жеңиш» деп мүнөздү
Эрдоган: "Израиль Газаны дүйнөдөгү эң ири концлагерге айландырууда"
Министр Курум: "Антальяда бирдиктүү жана бекем макулдашууга жетишүүгө чечкиндүүбүз"
ЕБдан Украинада  ыктымалдуу тынчтык келишими үчүн коопсуздук кепилдиктерин талап кылды