ТҮРКИЯ
1 мүнөт окуу
Түркия менен Британиянын ортосундагы сүйлөшүүлөр
Сүйлөшүүлөрдө Сириянын коопсуздугу, гуманитардык жана экономикалык көйгөйлөрү талкууланып, кризисти чечүүдө улуттук макулдашуу аракеттерин да камтыган ар тараптуу мамиленин зарылдыгы баса белгиленди.
00:00
Түркия менен Британиянын ортосундагы сүйлөшүүлөр
/ AA Archive
 

Түркия менен Улуу Британия Анкарада өткөн дипломатиялык сүйлөшүүлөрдө Сирияга карата санкциялардын шартсыз алып салынышын өзгөчө каржылык агымдардын калыбына келтирилиши максатында талкуулашты.

Түрк дипломатиялык булактарынан алынган маалыматка караганда, дүйшөмбү күнкү жыйынга Түркиянын тышкы иштер министринин орун басары Нух Йылмаз менен Улуу Британиянын Жакынкы Чыгыш, Түндүк Африка, Ооганстан жана Пакистан боюнча мамлекеттик министри Хамиш Фалконер жетекчилик кылды.

Сүйлөшүүлөрдө Сирия жана башка аймактык маселелер каралды. Йылмаз Сириянын коопсуздук, гуманитардык жана экономикалык абалына байланыштуу Түркиянын баалоолорун бөлүшүп, кризисти чечүү үчүн комплекстүү мамиленин зарылдыгын билдирди.

Улуттук макулдашуу аракеттерине колдоо көрсөтүүнүн маанилүүлүгүн баса белгилеп, бөлүнүүчүлүк кыймылдардын бул процессте орун албашы керектигин кайталады.

Йылмаз ошондой эле Сириянын кайрадан курулушу жана экономикалык өнүгүүсү темасын сүйлөштү. “Санкцияларды шартсыз жана толук алып салуу, өзгөчө өлкөгө каржылык агымдарды камсыз кылуу темасы көтөрүлдү”, - деп билдиришти булактар.

Түркия менен Улуу Британия Сирия жана башка аймактык маселелер боюнча консультацияларды улантууга макулдашышты.

Бул жыйын декабрь айында Башар Асад режими кулагандан кийин Сирияны азыр Ахмед Альшараа жетектеген убактылуу өкмөттүн башкаруусунда турган учурга туш келди.

Иликте
Министр Болат: «Акыркы 6 айда биз ай сайын экспорттун бардык рекорддорун жаңыладык»
Украина: «Россиянын Кривой Рог шаарына жасаган чабуулунан 2 адам каза болуп, 52 адам жаракат алды»
Австралия, Канада жана Жаңы Зеландия Россияны Украинадагы согушту токтотууга чакырды
"Оруч реис" сейсмикалык изилдөө кемеси Пакистанга чалгындоо иштерин баштоо үчүн барды
Тышкы иштер министри Фидан Европа Комиссиясынын төрага орун басары Фитто менен Анкарада жолугушту
WSJ: АКШ "Украина Россияга аймактарды берүү менен НАТОго мүчөлүгүн" күн тартибине алып келүүдө
Трамп Путинди досу катары атап, Европаны Украинага жардамды токтотууга чакырды
KIZILELMA дүйнөлүк басылмаларда чоң кызыгуу жаратты
Израилдин чабуулдарынан улам 6 миңден ашуун палестиналык кайрадан жер которууга аргасыз болду
Йылмаз: "Түркия менен Өзбекстандын ортосунда ийгиликтүү инвестициялык чөйрөнү түзүшүбүз керек"
Россия: "Украинанын энергетикалык жана порттук инфраструктуралык объектилерине чабуул жасадык"
Трамп Си Цзиньпин жана Путин менен өтө турган тарыхый саммит баштала электе эле «жеңиш» деп мүнөздү
Эрдоган: "Израиль Газаны дүйнөдөгү эң ири концлагерге айландырууда"
Министр Курум: "Антальяда бирдиктүү жана бекем макулдашууга жетишүүгө чечкиндүүбүз"
ЕБдан Украинада  ыктымалдуу тынчтык келишими үчүн коопсуздук кепилдиктерин талап кылды