Сириядагы ок атышпоону кубаттаган Эрдоган туруктуу чечим табууга чакырды
Түркиянын президенти Режеп Таййип Эрдоган Сирияда ушул учурдан тарта ар кандай провокациялык аракеттер ишке ашпай турганын эскертип, туруктуулукту сактоо зарылдыгын баса белгиледи.
Шейшемби күнү Сирияда жетишилген ок атышпоону кубаттаганын айткан президент Эрдоган, мунун мындан ары кан төгүлбөстөн туруктуу чечимге алып келерин үмүт кылганын билдирди.
Шаршемби күнү парламентте бийликтеги Адилеттик жана Өнүгүү (АК) партиясына кайрылуу жасаган Эрдоган Анкаранын "башынан эле эң күчтүү түрдө” бирдиктүү Сирия мамлекетинин толук аймактык бүтүндүгүн жана саясий биримдигин сактоону жактап келгенин айтты.
Сириянын Президенттиги шейшемби күнү YPG террордук уюму менен келишимге жетишилгенин; Хасекенин практикалык интеграциясы боюнча жол картасынын үстүндө иштөө максатында YPGга төрт күндүк мөөнөт берилгенин, бул убакыттын ичинде ок атышууну токтотуу күчүндө каларын билдирди. YPG болсо кийинчерээк ок атышпоону толук колдой тургандыгын маалымдады.
Эрдоган Сирияда мындан аркы провокация аракеттери "ишке ашпай турганын" айтып туруктуулукту сактоо зарылдыгын баса белгиледи.
Сириядагы толук интеграция "жаңы доордун башталышын" кабарлай турганын жана туруктуулуктун пайдасын сириялык күрттөр көбүрөөк сезерин кошумчалады.
«Биздин кандайдыр бир өлкөнүн аймагында эч кандай кызыкчылыгыбыз жок жана эч бир өлкөнүн ички иштерине кийлигишпейбиз, бирок биз өлкөбүздүн кызыкчылыктарына зыян келтирүүгө жол бербейбиз», - деди Эрдоган.
Түрк президенти ошондой эле АКШнын президенти Дональд Трамп менен телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө алар ар кандай көйгөйлөрдү, анын ичинде ДЕАШка каршы биргелешкен аракеттер сыяктуу Сириянын коопсуздугуна салым кошо турган маселелерди талкуулашканын айтты.