САЯСАТ
1 мүнөт окуу
Украинанын президенти Зеленский: «Согуштун башталган жерине кайра кайтып келиши логикалуу болот»
Украинанын президенти Владимир Зеленский Орусиядагы буталарга алыскы аралыкка атуучу куралдар менен чабуулдарды улантып жатканын белгилеп: «Согуштун башталган жерине кайра кайтып келиши логикалуу болот»,- деди.
Украинанын президенти Зеленский: «Согуштун башталган жерине кайра кайтып келиши логикалуу болот»
Украинанын президенти Владимир Зеленский

Зеленский социалдык медиа аккаунтунда Орусиядагы буталарга абадан сокку уруу уланып жатканын билдирди.

Ал Орусиянын Ярославль облусундагы мунай объектисине кол салуу болгонун айтып, бул объект Украинанын чек арасынан болжол менен 700 чакырым алыстыкта ​​​​жайгашканын белгиледи.

Зеленский ошондой эле Орусиянын Тула облусундагы «Азот» химиялык заводуна кол салууга токтолуп, бул завод жарылуучу заттарды өндүрүү үчүн маанилүү деп билдирди. Украинанын президенти Зеленский: «Кечээ кечтен бери Орусиянын 6 аэропортунда аба каттамдарына чектөөлөр киргизилди жана Орусиянын 28 аймагында абадан эскертүү жарыяланды», - деп билдирди.

Зеленский Украинада Орусия басып алган аймактардагы орусиялык аскердик инфраструктурага да чабуул коюлганрдыгы тууралуу маалымат менен бөлүшүп, мындай деди:

«Биз орусиялык жетекчиликке сүйлөшүүлөр үчүн бардык мүмкүн болгон форматтарды сунуштадык жана алардан бир гана жооп чабуулдарды улантуу жана кеңейтүү болду. Согуштун пайда болгон жерине кайра кайтып келиши логикалуу болот. Украинага тынчтык керек».

Зеленский ошондой эле орусиялык армия Украинага  абадан сокку уруусун улантып жатканын билдирди.

Акыркы бир жумада Орусия анын өлкөсүнө 1920 куралдуу учкучсуз учуучу аппарат (КУУА), 1790 башкарылуучу бомба жана 17 ракета колдонуп кол салганын белгилеген Зеленский: «Биз бул орус терроруна каршы коргонуубузду күчөтүү үчүн союздаштарыбыз менен сүйлөшүүлөргө даярданып жатабыз», - деди.

Зеленский ошондой эле өз бөлүшүүсүнө Орусияга карай чабуулдардын видеосун кошту.

Иликте
Тордун ханышалары Словения менен беттешет
Израилдин расмий өкүлдөрү: Нетаньяху Түркия менен чыңалуунун "керексиз" күчөшүнө алып келүүдө
Колумбиядагы жер титирөөдөн каза болгондордун саны өсүүдө; Түркия гуманитардык жардамды  көрсөтүүдө
Түркия Президент Эрдоганга карата айтылган пикирлерге байланыштуу Израилди сынга алды
Түркия жана 11 башка өлкө Сириядагы Израилдин соккуларына каршы чыкты
Түркия Интерполдон Нетаньяхуга каршы кызыл бюллетень чыгарууну суранды
Кыргызстан мунай импорттоо тармагын кеңейтүүдө
Индонезия менен Кытайдын тышкы иштер министрлери жолугушту
Украина: "Орусиядагы мунай иштетүүчү завод менен Мариновка аскердик аэродромуна чабуулдарды жасадык"
Пакистан менен Сирия коргонуу жана коопсуздук байланыштарын кеңейтүү боюнча талкуу жүргүздү
Батыш Шериада израилдик аскерлер атып салган палестиналык тез жардам унаасы келе албай каза болду
Нигерияда кеме оодарылып, 52 адам каза болду
Гутерриш Орусиянын Киев жана Украинанын башка шаарларына чабуулдарын катуу айыптады
Орусия Москва Иранга сүйлөшүүлөрдү кайра баштоого кысым көрсөтпөгөнүн айтты
Россия: "Киевдин позициясы кризисти тынчтык жолу менен чечүү мүмкүнчүлүгүн начарлатууда"