ТҮРКИЯ
2 мүнөт окуу
Фидан Кара деңиздеги чыңалуу Европага да жайылышы мүмкүн деп эскертти
Түркиянын тышкы иштер министри Хакан Фидан акыркы жумаларда Анкаранын кемелердин бутага алынышы жана дрондордун аймакка кирип кетиши менен таасирленгенин айтты.
Фидан Кара деңиздеги чыңалуу Европага да жайылышы мүмкүн деп эскертти
Фидан: "Анкара согушту токтотуу аракеттерин толугу менен колдойт" / TRT World

Түркиянын тышкы иштер министри Хакан Фидан Кара деңизде Орусия менен Украинанын кол салууларынын көбөйүшү деңиз коопсуздугуна коркунуч келтиргенин жана анын натыйжасында пайда болгон туруксуздук аймактын сыртына да жайылып, Европанын кеңири бөлүктөрүнө таасир этиши мүмкүн экенин айтты.

TRT World каналына берген эксклюзивдүү маегинде Фидан акыркы жумаларда Түркияга бул окуялар түздөн-түз таасир эткенин, эки тараптын тең коммерциялык кемелери бутага алынып дрондор Түркиянын аба мейкиндигине кирип жатканын билдирди. Фидан ошондой эле ушул сыяктуу окуялар Румыния жана Болгария баш болгон коңшу өлкөлөргө да таасирин тийгизгенин баса белгиледи.

Түркиянын тышкы иштер министри: "Акыркы жумаларда биз катуу таасирлендик. Эки тарап тең кемелерди бутага алышты, эми дрондор согушуп жаткан тараптардын үстүнөн гана эмес, биздин аймактардын ичинде да учуп жатышат", - деди.

Фидан Кара деңиздеги коопсуздук коркунучтары бир нече жыл мурун деңиз миналарынан улам башталганын, алардын айрымдары Босфор кысыгына жетип, стратегиялык жактан маанилүү кысыктар аркылуу өтүүчү деңиз транспортуна олуттуу коркунуч келтиргенин түшүндүрдү. "Бир учурда ушунчалык кооптуу болуп кетип кемелердин кыймылы толугу менен жабылып калышы мүмкүн эле", - деди.

Хакан Фидан түрк армиясы деңиз жана коопсуздук коркунучтарынын көбөйүшүн башкаруу үчүн аймактык өнөктөштөр, өзгөчө Румыния жана Болгария менен тыгыз кызматташып жатканын кошумчалады. Бирок жалгыз аскердик координация кырдаалды чече албай турганын баса белгиледи.

"Бул көйгөйлөрдүн баарын токтотуунун эң тез жолу - ок атышууну токтотуу", - деген Фидан Анкаранын согушту токтотуу аракеттерин толугу менен колдой турганын кошумчалады.

Уланып жаткан чыңалуунун кеңири кесепеттерге алып келиши мүмкүн экенин эскерткен Фидан: "Аймактык чыңалуу абдан кооптуу жана бул аймак менен гана чектелбеши мүмкүн. Европанын ар кайсы бөлүктөрүнө да жайылышы мүмкүн", - деди.

Президент Режеп Таййип Эрдоган буга чейин Орусия менен Украинанын ортосундагы согуш учурунда Кара деңизде коммерциялык жана жарандык кемелерге кол салуу эч кимге пайда алып келбегенин жана деңиз коопсуздугуна коркунуч келтиргенин билдирген. Түркия эки тарапты тең ачык эскерткенин жана Анкара чыр-чатактын Кара деңизге жайылышына жол бербөө үчүн Монтрё конвенциясын аткарып жатканын баса белгиледи.

Түркиянын тышкы иштер министри Хакан Фидан менен болгон толук маек бейшемби күнү 18-декабрда саат 09:00дө (GMT боюнча) TRT World каналында көрсөтүлөт.

Иликте
Кытайдын Сычуань провинциясында үйдүн дубалы кулап, беш адам каза болду
Иран парламентинин төрагасы Калибаф Иракка сапарын Сүлейманинин эстелигин зыярат кылуу менен баштады
Индиянын Батыш Бенгалия штатындагы мейманканадагы өрттөн тогуз адам каза болду
Британияда сальмонеллез оорусунан 1 адам каза болуп, 207 учур катталды
Катар Газадагы ок атышууну токтотуу келишиминин толук аткарылышы үчүн кысымын күчөтүүдө
БУУ Газанын  2025 -  жылы да гуманитардык жардам кызматкерилери каза болгон аймак болгонун билдирди
Сирияда газ жеткирген газ түтүгүндө жарылуу болду
Лавров Россия менен Түндүк Кореянын жаңы көп полюстуу дүйнөлүк тартипти издеп жатканын айтты
Түркия 2026–2030-жылдарда глобалдык ЖИ борбору болуу максатындагы жол картасын жарыялады
Австралия менен Япониянын коргоо министрлери терең аскердик кызматташтык тууралуу сүйлөштү
Филиппиндеги  мектепте болгон куралдуу кол салууда  төрт адам каза болду
Украина Орусиянын чабуулдарына каршы бир нече жумадан бери Patriot ракеталарын колдоно албай жатат
Франция Түркияга да ыраазычылык билдирди
Түштүк Кореянын президенти 2030-жылга чейин аскердик командирликти АКШдан алууга аракет кылууда
Аракчи: "АКШ менен жетишилген келишимди ишке ашыруудагы эң чоң тоскоолдук - бул Израиль"