Президент Эрдоган: "Түркия азыр өз спутниктерин өндүргөн 11 өлкөнүн бири"
Түркиянын президенти Режеп Таййип Эрдоган: "TURKSAT 6A спутнигинин ишке киргизилиши менен дүйнөдө түрк спутниктери камтыган калк 3,5 миллиардан 5 миллиардга жогорулайт" деди.
Turkish President Recep Tayyip Erdogan attends the Commissioning Ceremony of TURKSAT 6A at TURKSAT Golbasi Campus in Ankara, Türkiye. / AA
Президент Эрдоган Түркиянын өзүнүн байланыш спутнигин чыгара алган 11 өлкөнүн бири экенин билдирди.
Дүйшөмбү күнү өткөрүлгөн TURKSAT 6A спутнигин ишке киргизүү аземинде сүйлөгөн сөзүндө Эрдоган, TURKSAT 6A спутниги ишке киргизилгенден кийин дүйнө жүзү боюнча түрк спутниктери камтыган калктын саны 3,5 миллиарддан 5 миллиардга чейин көбөйөрүн айтты.
Эрдоган, Түркиянын жетишкендиктери менен бирге улуттук спутник брендин жана улуттук космос компаниясын түзүү үчүн маанилүү мүмкүнчүлүккө ээ болгонун кошумчалады.