ТҮРКИЯ
1 мүнөт окуу
АК партия Нетаньяхуну президент Эрдоган тууралуу айткан сөздөрүнөн улам айыптады
АК партиянын басма сөз катчысы Өмер Челик, мындай коркунучтарга керектүү жооптун "адамзат альянсынан" келиши керектигин баса белгиледи.
АК партия Нетаньяхуну президент Эрдоган тууралуу айткан сөздөрүнөн улам айыптады
/ AA
 

АК партиянын төрагасынын орун басары жана басма сөз катчысы Өмер Челик геноцидчи Биньямин Нетаньяхунун Түркиянын президенти Режеп Таййип Эрдоганга карата айткан сөздөрүн катуу айыптап, аларды "жараксыз жана негизсиз" деди.

Шейшемби күнү NSosyal аккаунтундагы билдирүүсүндө Челик Нетаньяхуну "геноцид тармагынын башчысы" деп сыпаттап, Кудс тууралуу "жалган кыялдарга" берилгенин айтты.

Челик кошумчалагандай, Нетаньяхунун сөздөрү жалпы адамзаттык баалуулуктарга каршы душмандыкты билдирет жана "адамзатка каршы фанатизмдин" натыйжасында адамдарга жана баалуулуктарга каршы жаңы геноцид кылмышын түзөт.

Ал мындай коркунучтарга каршы "адамзат биримдиги" тарабынан туура жооп кайтарылышы керектигин баса белгиледи.

Түркиянын президенти Режеп Таййип Эрдоган геноцидчи Биньямин Нетаньяхуну өткөн аптада Катардагы ХАМАС сүйлөшүү тобуна жасаган чабуулунан улам катуу сынга алып "Нетаньяху идеологиялык жактан Гитлердин тууганы", - деген эле.

Израилдин Катарга абадан кол салуусунан кийин Дохада өткөрүлгөн кезексиз Араб-Ислам саммитине катышып кайтып келе жатканда сөз сүйлөгөн Эрдоган «Гитлер өзүн күтүп турган жеңилүүнү алдын ала көрө албагандай эле, Нетаньяху да ошол эле тагдырга туш болот», - деп айткан.

Иликте
Украина: «Россиянын Кривой Рог шаарына жасаган чабуулунан 2 адам каза болуп, 52 адам жаракат алды»
Австралия, Канада жана Жаңы Зеландия Россияны Украинадагы согушту токтотууга чакырды
"Оруч реис" сейсмикалык изилдөө кемеси Пакистанга чалгындоо иштерин баштоо үчүн барды
Тышкы иштер министри Фидан Европа Комиссиясынын төрага орун басары Фитто менен Анкарада жолугушту
WSJ: АКШ "Украина Россияга аймактарды берүү менен НАТОго мүчөлүгүн" күн тартибине алып келүүдө
Трамп Путинди досу катары атап, Европаны Украинага жардамды токтотууга чакырды
KIZILELMA дүйнөлүк басылмаларда чоң кызыгуу жаратты
Израилдин чабуулдарынан улам 6 миңден ашуун палестиналык кайрадан жер которууга аргасыз болду
Йылмаз: "Түркия менен Өзбекстандын ортосунда ийгиликтүү инвестициялык чөйрөнү түзүшүбүз керек"
Россия: "Украинанын энергетикалык жана порттук инфраструктуралык объектилерине чабуул жасадык"
Трамп Си Цзиньпин жана Путин менен өтө турган тарыхый саммит баштала электе эле «жеңиш» деп мүнөздү
Эрдоган: "Израиль Газаны дүйнөдөгү эң ири концлагерге айландырууда"
Министр Курум: "Антальяда бирдиктүү жана бекем макулдашууга жетишүүгө чечкиндүүбүз"
ЕБдан Украинада  ыктымалдуу тынчтык келишими үчүн коопсуздук кепилдиктерин талап кылды
Путин APEC ишкер лидерлерине экономикалык кысымдын «артта калганын» айтты