ТҮРКИЯ
1 мүнөт окуу
Түркия Сириядагы Израилдин аймактык мыйзам бузууларына катуу каршылык көрсөттү
Тышкы иштер министрлиги Израилдин Сириянын Кунейтра провинциясындагы "Суфа 53 линиясында" ишин кайра башташына каршы чыгып муну 1974-жылдагы чыңалууну басаңдатуу келишимин бузуу жана аймакта жаңы кылмыштарды жасоо аракети деп мүнөздөдү.
Түркия Сириядагы Израилдин аймактык мыйзам бузууларына катуу каршылык көрсөттү
Түркия Республикасынын Тышкы иштер министрлиги (Архив)

Министрликтин жазуу жүзүндөгү билдирүүсүндө Израилдин аймактагы экспансионисттик саясаты чыңалууну күчөтүп жатканы баса белгиленип, эл аралык коомчулук чара көрүүгө чакырылды.

Билдирүүдө Израилдин сөз болуп жаткан линия боюнча кылгандары 1974-жылдагы Күчтөрдү ажыратуу боюнча келишимге доо кетирип жатканы белгиленип, булар айтылды: "Израилдин Сириянын Кунейтра провинциясындагы "Суфа 53 линиясы" деп аталган жерде ишин кайрадан баштап, 1974- Күчтөрдү ажыратуу боюнча келишимди бузуп, Сирияда жаңы фактыларды жаратуу аракеттерин катуу айыптайбыз.

Израилдин аймакта чыңалууну күчөткөн экспансионисттик саясатын токтотуу жана оккупацияланган Сирия аймактарынан чыгып кетиши үчүн эл аралык коомчулукту кечиктирбестен натыйжалуу жана чечкиндүү кадам таштоого чакырабыз. Түркия Сириянын эгемендүүлүгүнө, саясий биримдигине жана аймактык бүтүндүгүнө бекем колдоо көрсөтүүнү, аймактагы өлкөлөр менен бирге бул багытта зарыл болгон кадамдарды таштоону улантат".

Иликте
Болгарияда бир нече мекемеге бомба коюлгандыгы тууралуу билдирүүлөр келди
Президент Эрдоган Үй-бүлө фестивалына барды
Aselsan гибриддик абадан коргонуу системалары үчүн 2,75 миллиард долларлык келишимдерге кол койду
Эл аралык космос конгресси Антальяда башталды
Актриса Анжелина Жоли геноцидчи Израилдин Газадагы кыйратуусунун сүрөттөрүн бөлүштү
Эрдоган: Жылдын алгачкы 5 айында экспорттун рекорддорун жаңыртуу менен тарыхый ийгиликке жетиштик
Түркия ТМУ мүчөлөрү менен 5 жылда 72,2 миллиард долларлык соода жүргүздү
Германиянын канцлери Мерц Украинага барды
Автоунаа тармагы сентябрь айында кайрадан алдыда
Орусия дипломаттарды жана чет элдик жарандарды Киевден чыгып кетүүгө чакырды
Стамбул аэропорту Европадагы эң көп жүргүнчү ташыган аэропорт болуп саналат
Эрдоган: Түркия коргоо өнөр жайында "толук өзгөрүүгө жетишүүдө"
Эболадан каза болгондордун саны 4000ден ашты
Түркия менен Франциянын ортосундагы коргоо кызматташтыгында маанилүү кадам
Израиль Газада бир турак жайды атты жана  беш киши каза болду