ДҮЙНӨ
2 мүнөт окуу
Тайвань Кытай үчүн тыңчылык кылган төрт аскерди соттоду
Жергиликтүү соттун чечимине ылайык, төрт аскер "кытайлык чалгындоо агенттерине бир нече ай бою жашыруун ички аскердик маалыматтарды бергени" үчүн беш жыл он айдан жети жылга чейин эркинен ажыратылды.
Тайвань  Кытай үчүн тыңчылык кылган төрт аскерди соттоду
/ AFP
27 Март 2025

Тайванда үчөө президенттик аппараттын коопсузудугунан жооптуу бир департаментте кызмат кылган төрт аскер жашыруун маалыматтардын сүрөтүн тартып Кытайга берди деген негиз менен соттолду.

Шаршемби күнү Тайбэй райондук сотунун маалыматына ылайык, президенттик кеңсенин коопсуздугунан жооптуу аскердик бөлүктө кызмат кылган үч аскер менен коргоо министрлигинин маалымат жана телекоммуникация командирлигинде кызмат кылган бир аскердин улуттук коопсуздук мыйзамын бузуу менен айыпталгандыгы белгиленди.

Сот :“Бул кишилердин аракеттери өлкөгө чыккынчылык кылып, улуттук коопсуздукка коркунуч жаратты”, – деп билдирди.

Тайванда Пекин үчүн тыңчылык кылды деген негиз менен соттолгон киши саны акыркы жылдарда кескин түрдө көбйөгөндүгү байкалууда. Расмий маалыматтарга караганда, Кытайдын чалгындоо аракеттеринин негизги буталары Тайван армиясында азыр да иштеп жаткан же пенсияга чыккан аскерлер.

Бул окуя Тайвандын президенти Лай Чинг-тенин ушул айдын ичинде Кытай тыңчылыгы жана аскердик кызматкерлерине байланыштуу башка кылмыш иштерин кароо үчүн аскердик сотторду кайрадан киргизүү пландарын жарыялагандан кийин болду.

Сот төрт айыпталуучунун "кытайлык чалгындоо агенттерине бир нече ай бою жашыруун ички аскердик маалыматтарды бергени" үчүн беш жыл 10 айдан жети жылга чейин эркинен ажыратылгандыгын жарыялады.

Сот ошондой эле кылмыштардын 2022-2024-жылдар аралыгында жасалганын, айыпталуучулардын Кытайдан болжол менен 7850 доллардан 20 миң долларга чейин төлөмдөрдү алышканын белгиледи. Бирок берилген маалыматтын мазмуну тууралуу маалымат берилген жок.

“Абдан маанилүү маалыматтар

Соттун билдирүүсүндө айыпталуучулардын “абдан маанилүү жана жооптуу департаменттерде иштеп, пара алуу менен өз милдеттерин бузгандыгы, сүрөткө тартуу менен сырларды уурдагандыгы” белгиленди.

Прокурорлор аскерлердин аскердик маалыматтарды мобилдик телефондору менен сүрөткө тарткандарын аныкташкандарын маалымдашты.

Үч аскер өткөн жылы август айында коргоо министрлигине берилген маалыматтан кийин тергөө башталганга чейин бошотулса, төртүнчү аскер кызматтан четтетилди.

Тайвандын чалгындоо агенттиги 2024-жылы Кытай үчүн тыңчылык кылды деген негиз менен 64 кишинин соттолгондугун, бул сандын 2023-жылы 48, 2022-жылы 10 киши экендигин билдирди.

Пекин автономдуу өкмөткө ээ Тайванды өз аймагы катары көрүүдө жана керек болсо аралды күч менен көзөмөлгө аларын билдирди.

Тайвань кысыгынын эки тарабында ондогон жылдар бою тыңчылык иштерин аткарып келүүдө. Бирок аналисттер Кытайдын басып алуу коркунучу алдында турган Тайвань үчүн тыңчылыктын коопсуздук коркунучун жаратып жаткандыгын баса белгилешүүдө.

Иликте
АКШнын Жакынкы Чыгыш согушунда Иранга каршы дрон жоготуулары көбөйүүдө
Израиль Иранга каршы согушунда 10 800 абадан сокку урганын билдирди
Израиль Газада ок атышууну бузуп, текшерүү пунктунда кеминде 6 адамды өлтүрдү
Түркия Сомалиде биринчи чет элдик терең деңиз бургулоо операциясын баштады
Эрдоган Пезешкианга АКШ -  Иран сүйлөшүүлөрүнүн туруктуу тынчтыкты түзүшү керектигин айтты
Мусулмандар бир нече аптадан кийин кайра ачылган Аль-Акса мечитинде жума намазын окушту
Израиль Газага жасаган чабуулдарында беш палестиналык менен бирге 3 -  класстын окуучусун өлтүрдү
Зеленский Иран дрондору атылганын айтып, орус мунайына санкция талап кылды
Хаменеи Ормузду көзөмөлдөөдө жаңы этап башталаарын айтып, согуштук компенсация талап кылды
Орусия православдык Пасха майрамына карата Украина менен ок атышууну токтотууну жарыялады
Ирандык дипломат Камал Харази АКШ менен Израилдин террордук чабуулунан кийин каза болду
Иран байытуу программасына кандайдыр бир чектөө коюудан баш тартты
Россия украиналык 1000 аскердин сөөгүн   кайтарып берди
Грузия-Азербайжан чек арасына жакын жерге кулап түшкөн C-130 учагында жарылуучу заттар табылган жок
Түркиянын деңиз бургулоочу кемеси Сомалиде тарыхый миссиясын баштады