ДҮЙНӨ
2 мүнөт окуу
Сеул Пхеньяндын 7-ядролук сыноого даяр экенин айтты
Чалгындоо кызматкерлери парламенттик комитетке эгер Ким Чен Ын чечим кабыл алса, Пхеньян дагы бир ядролук сыноо өткөрө аларын билдиришти.
Сеул Пхеньяндын 7-ядролук сыноого даяр экенин айтты
Сеул Пхеньяндын 7-ядролук сыноо өткөрүүгө даяр экенин айтты / Reuters

Йонхап агенттигинин маалыматына караганда, Түштүк Кореянын чалгындоо кызматы шаршемби күнү Түндүк Корея жетинчи ядролук сыноосуна даяр экенин жана Ким Чен Ын чечим кабыл алса, аны тез арада ишке ашыра аларын билдирди.

Парламенттин Чалгындоо комитетинин жабык эшик артындагы жыйынында Коргонуу чалгындоо агенттигинин өкүлдөрү депутаттарга маалымат берип, өз баалоолорун бөлүшүштү.

«Эгер Ким Чен Пунгеридеги №3 туннелди колдонуп ядролук сыноо өткөрүү чечимин кабыл алса, бул кыска убакыттын ичинде ишке ашырылышы мүмкүн», – деп билдирди бийликтеги Демократиялык партиянын депутаты Пак Сон-вон жана оппозициядагы Элдик күч партиясынын өкүлү Ли Сон-квун жыйындан кийин журналисттерге.

Баалоого ылайык, Пхеньян ядролук материалдарды камсыздоо аракеттерин күчөтүп, ядролук дүрмөттөрдү өндүрүү үчүн ар кандай объектилерди түзүп жатат. Түндүк Корея акыркы жолу жер астындагы ядролук сыноону 2017-жылы өткөргөн.

Маалыматка караганда, Түндүк Корея ошондой эле жогорку чечилиштеги сүрөттөр үчүн дагы бир тыңчы спутнигин учурууга даярданып жатат.

2023-жылы Пхеньян өзүнүн биринчи аскердик тыңчы спутниги Маллигён-1ди учуруп, 2024-жылы дагы үч спутникти жайгаштырууну убада кылган. Бирок 2024-жылдын май айында спутникти ташыган ракета учурулгандан көп өтпөй жарылып кеткенден кийин башка спутник учурулган эмес.

Түндүк Корея ядролук программасы үчүн 2000-жылдардын ортосунан бери БУУнун санкцияларына туш болуп келет. Бирок бул программаны улуттук коопсуздук үчүн маанилүү деп эсептеп, аны токтотуудан баш тартууда.

Жекшемби күнү АКШнын президенти Дональд Трамп ядролук куралдарды сынаган жалгыз өлкө Түндүк Корея эмес экенин, Орусия жана Кытай да мындай сыноолорду өткөрүп жатканын айтты.

Өткөн айда Азияга сапарынын алдында Трамп Түндүк Кореяны «бир түрдөгү ядролук держава» деп атап, Түндүк Кореянын лидери Ким менен жолугушууга даяр экенин билдирген.

Иликте
Түрк аба жолдору Кытайдагы учуу желесине Чэндуну да кошту
АКШнын Коргоо министри Иранга каршы блокаданы "чексиз мөөнөткө" уланта ала тургандарын айтты
Нетаньяху Британияны "Ислам Республикасы" деп сыпаттады
АКШнын Иранга каршы согушу Кытайда электр жүк ташуучу унаалардын сатылышын көбөйттү
Ормуз кысыгында БАЭге таандык эки ADNOC танкери бутага алынды
ЦРУ Израилдин Иран Трампка каршы кутум уюштурган деген билдирүүсүнөн күмөн санап жатат
Латвияда аба мейкиндигин бузган дрон НАТОнун согуштук учактары тарабынан атып түшүрүлгөнү билдирилди
Индияда курулуп  жаткан туннелди суу каптап, 7 адам каза болуп, 10 адам жаракат алды
Нигерияда шахта урап, тогуз адам каза болду
Египеттеги соода борборундагы жарылуудан үч адам каза болуп, 17 адам жаракат алды
Ирак делегациясы "эки тараптуу коопсуздук маселелерин сүйлөшүү үчүн" Сауд Арабиясына барды
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри Ниязбеков Түркияга сапар жасады
Орусия менен Украина каза болгон жоокерлердин сөөктөрүн алмашты
Немрут тоосунда күндүн батышына кызыгуу
Алихан Куриш кылмыш уюмуна каршы операция