ТҮРКИЯ
2 мүнөт окуу
Түрк чалгындоо кызматы Стамбулда Моссад үчүн тыңчылык кылуу менен шектелген жеке детективди камады
Коопсуздук жетекчилери шектүүнүн Израилдин Моссад чалгындоо кызматында иштегенин жана Израилдин Онлайн операциялар борборунун мүчөсү Файсал Рашид менен байланышта экендигин айтышты.
Түрк чалгындоо кызматы Стамбулда Моссад үчүн тыңчылык кылуу менен шектелген жеке детективди камады
Cicek was reportedly paid $4,000 in cryptocurrency on August 1 to carry out the assignment. / Photo: Others / Others
 

Түркия жума күнү Израилдин улуттук чалгындоо уюму Моссад үчүн иштеген деп айыпталган жеке детективди кармагандыгын билдирди. Коопсуздук кызматкерлеринин айтымында, шектүү Стамбулда прокурорлор жана полиция менен биргелешкен операциянын натыйжасында колго түшүрүлгөн.

Улуттук Чалгындоо Уюму шектүүнүн Серкан Чичек экендиги аныкталып, Metron Activity код аты менен жүргүзүлгөн операцияда кармалганын билдирди.

Коопсуздук кызматкерлери Чичектин Моссад үчүн иштегенин жана Израилдин Онлайн операциялар борборунун мүчөсү Файсал Рашид менен байланышта болгонун билдирди.

Чичек Стамбулда Рашиддин талабы боюнча Израилдин Жакынкы Чыгыш саясаттарына каршы чыккан палестиналык активистке тыңчылык кылганын мойнуна алды.

Түрк чалгындоосунун маалыматы боюнча,  чыныгы аты Мухаммет Фатих Келеш болгон Чичек   чоң карызга баткандан кийин атын өзгөртүп, жумуш карьерасын таштап, 2020-жылы "Пандора Детективдик Агенттиги" аттуу жеке фирма курган.

Чичектин Израилдин пайдасына тыңчылык кылганы үчүн 19 жылга эркинен ажыратылган Муса Куш жана жеке маалыматтарын пайда көрүү максатында детективдерге саткан адвокат Тугрулхан Дип менен иштешкени билдирилди.

 Шектүү криптовалюта менен төлөм алган

Жетекчилердин айтымында, Чичек детективдик ишин баштагандан кийин Моссаддын көңүлүн бурган.  31-июлда Рашид аны менен WhatsApp аркылуу байланышып, өзүн чет элдик юридикалык фирманын кызматкеримин деп тааныштырган.

Рашид Чичекке Стамбулдун Башакшехир районунда жашаган палестиналык активистти төрт күн бою көзөмөлгө алууну тапшырган. Чичектин бул тапшырмасы үчүн 1-августта 4 миң доллар криптовалюта алганы билдирилди.

Чичек бутанын палестиналык активист экенин, аты-жөнүн интернеттен издегенден кийин билди. Өнөктөшү Куштун Израиль үчүн тыңчылык кылган деген негиз менен камалганын билгенине карабастан тапшырманы кабыл алган. 

Жетекчилер Чичектин Рашид айткан дарекке барганын, бирок бутаны таба албаганын билдирди.  1-2-август күндөрү батирди ижарага алуу шылтоосу менен турак жай комплексине кирип, чалгындоо иштерин жүргүзүп, бирок Моссад сураган маалыматты чогулта алган эмес.

Жетекчилердин айтымында, израилдик агент Рашид Чичек менен байланышын 3-августта токтоткон.

 

 

 

 

 

Иликте
Министр Болат: «Акыркы 6 айда биз ай сайын экспорттун бардык рекорддорун жаңыладык»
Украина: «Россиянын Кривой Рог шаарына жасаган чабуулунан 2 адам каза болуп, 52 адам жаракат алды»
Австралия, Канада жана Жаңы Зеландия Россияны Украинадагы согушту токтотууга чакырды
"Оруч реис" сейсмикалык изилдөө кемеси Пакистанга чалгындоо иштерин баштоо үчүн барды
Тышкы иштер министри Фидан Европа Комиссиясынын төрага орун басары Фитто менен Анкарада жолугушту
WSJ: АКШ "Украина Россияга аймактарды берүү менен НАТОго мүчөлүгүн" күн тартибине алып келүүдө
Трамп Путинди досу катары атап, Европаны Украинага жардамды токтотууга чакырды
KIZILELMA дүйнөлүк басылмаларда чоң кызыгуу жаратты
Израилдин чабуулдарынан улам 6 миңден ашуун палестиналык кайрадан жер которууга аргасыз болду
Йылмаз: "Түркия менен Өзбекстандын ортосунда ийгиликтүү инвестициялык чөйрөнү түзүшүбүз керек"
Россия: "Украинанын энергетикалык жана порттук инфраструктуралык объектилерине чабуул жасадык"
Трамп Си Цзиньпин жана Путин менен өтө турган тарыхый саммит баштала электе эле «жеңиш» деп мүнөздү
Эрдоган: "Израиль Газаны дүйнөдөгү эң ири концлагерге айландырууда"
Министр Курум: "Антальяда бирдиктүү жана бекем макулдашууга жетишүүгө чечкиндүүбүз"
ЕБдан Украинада  ыктымалдуу тынчтык келишими үчүн коопсуздук кепилдиктерин талап кылды