ТҮРКИЯ
1 мүнөт окуу
Түркия менен Вьетнам коргонуу кызматташтыгы келишимине кол коюшту
Улуттук коргоо министринин орун басары Түркиянын Вьетнамдын аба, кургактык, деңиз платформалары жана коргонуу өнөр жай компанияларына толук колдоо көрсөтө турганын айтты.
Түркия менен Вьетнам коргонуу кызматташтыгы келишимине кол коюшту
/ AA

Стамбулда өткөрүлгөн Эл аралык Коргоо өнөр жай жарманкеси (IDEF) 2025 алкагында Улуттук Коргоо министрлиги менен Вьетнам Социалисттик Республикасынын Коргоо министрлигинин ортосунда коргонуу тармагында кызматташуу протоколуна кол коюлду.

Шейшемби күнү улуттук коргоо министринин орун басары Муса Хейбет кол коюу аземинде сөз сүйлөп: «Вьетнамдын Коргоо министрлиги менен Улуттук Коргоо министрлигибиздин ортосундагы бул коргонуу жана коопсуздук кызматташтыгы бизге дагы көптөгөн башка өнөктөштөр менен келечекке багытталган долбоорлорду жана кызматташтыкты өнүктүрүүгө жол ачат деп ишенем»,-деди.

Хейбет Түркиянын коргоо өнөр жай иш каналары менен Улуттук Коргоо министрлигинин Вьетнамдын аба, кургактык жана деңиз платформаларына толук колдоо көрсөтө турганын айтты.

Вьетнамдын улуттук коргоо министринин орун басары генерал-лейтенант Хоанг Суан Чиен мунун Вьетнам жана Түркия үчүн тарыхый учур экендигин билдирди.

"Учурда Вьетнам менен Түркиянын ортосунда тарыхый учурду жашап жатабыз. Коргоо тармагындагы кызматташтык келишимибизге кол койдук. Мындан ары дагы көптөгөн темаларда кызматташуу тарыхына жана жаңы бөлүмгө күбө болобуз. Жарманкеңиздерде мындан ары да ийгиликтерди каалайбыз. Түркия менен союздаш болуу үчүн колубуздан келгендин баарын аткарууга даярбыз",- деди.

Шейшемби күнү башталган алты күндүк коргонуу жарманкеси бир убакта Стамбул жарманке борборунда (IFC), Ататүрк аэропортунда, Wow мейманканасында жана Атакөй Маринасында өтүүдө.

Жарманке Коргоо өнөр жайынын төрагалыгы (SSB) жана Түрк куралдуу күчтөрү фондунун (TSKGV) жетекчилиги жана жоопкерчилигинде KFA тарабынан уюштурулууда.

Иликте
Түркия менен Катар лидерлеринин Стамбулдагы жолугушуусунда тарыхый коргонуу келишимине кол коюлду
Рютте Түркиянын НАТОдогу ролун баса белгиледи
Россиянын Волгоград шаарында дрон чабуулунан 4 адам каза болду
Зеленский Россиянын бүгүнкү күнгө чейинки эң ири туткун алмашууну бекиткенин билдирди
Түрк министри COP31де эскертти: "Мөңгүлөрдүн жоголушу дүйнөлүк суу ресурстарына коркунуч келтирет"
Судандын Дарфур аймагында үч күндүн ичинде 5 275 адам жер которууга аргасыз болду
АКШнын президенти Трамптын атайын өкүлдөрү Москвада орус лидери Путин менен жолугушту
Израиль: "CENTCOM армияга Иранга каршы жаңы чабуул ыктымалдуулугуна даяр болуу билдирүүсүн жөнөттү"
Малатияда S-70 үлгүсүндөгү тик учак кырсыкка учурап, төрт аскер шейит болду
Кызыл Чырым: "Газадагы жер которгон үй-бүлөлөр катуу суукка туш болууда"
Түркиянын А улуттук баскетбол командасы Черногорияны 79-62 эсебинде жеңди
Ок атышпоого карабастан Израилдин Газага жасаган чабуулдарынан акыркы 24 саатта 8 адам каза болду
Президент Эрдоган БУУнун Башкы катчысы Гутеррешти кабыл алды
БУУнун Башкы катчысы Гутерриш Түркиянын COP 31ди уюштурганын мактады
Түркия жашыл жана санариптик өтүүнү тездетүү үчүн Жашыл келишим боюнча иш-аракеттер планын жаңылады