ДҮЙНӨ
1 мүнөт окуу
Палестиналык фотограф Сахер Алгорра Газадагы эмгеги үчүн 2026 Пулитцер сыйлыгын алды
Алгорра бул сыйлыкка Газадагы гуманитардык кризисти "таасирдүү жана сезимтал" түрдө документтештирген эмгектери үчүн татыктуу болду.
Палестиналык фотограф Сахер Алгорра Газадагы эмгеги үчүн 2026 Пулитцер сыйлыгын алды
Палестиналык фотограф Сахер Алгорра тарабынан тартылган Израилдин Газадагы бомбалоосунан жаракат алган балдардын сүрөтү. (АРХИВ) / AP

Палестиналык фотограф Сахер Алгорра Газадагы гуманитардык кризисти чагылдырган эмгеги үчүн 2026 Пулитцер сыйлыгын жеңип алды.

The New York Times басылмасына салымын кошкон Алгорра Плутцер администратору Маржори Миллер "таасирдүү" жана "сезимтал" деп мүнөздөгөн бир катар эмгектери үчүн сыйлыкка ээ болду.

Алгорранын эмгектери 2023-жылдын октябрынан бери Газадагы кыйроолорду жана ачарчылыкты чагылдырууда.

Миллер тоскоолдуктар күчөп жаткан шартта көз карандысыз журналистиканын маанисин баса белгиледи.

Сахер Алгорра Пулитцер сыйлыгынан тышкары өткөн жылдын октябрь айында Францияда өткөн 32-«Prix Bayeux-Calvados-Normandie» сынагында «Согуш сүрөтү» номинациясында биринчи орунду алды.

Алгорранын «Газада камалуу: От менен ачарчылыктын ортосунда» аттуу сыйлыкка татыктуу болгон эмгеги курчоодогу жашоонун реалдуулугун, тактап айтканда, бомбалоо менен ачарчылыктын ортосунда калган жарандардын абалын чагылдырган.

Изилдөөчү жана улуттук журналистика

Reuters өкмөттөрдүн таасирин пайдаланганын документтештирип, улуттук журналистика категориясында сыйлыкка ээ болду.

Reuters агенттигинин кабарчылары Жефф Хорвиц жана Энген Там «Meta» компаниясынын колдонуучуларды «алдамчылыкка жана жасалма интеллект аркылуу манипуляцияга» дуушар кылуудагы ролун ачып беришкендиги үчүн тармактык кабарчылык сыйлыгын алышты.

Коомдук кызмат жана атайын сыйлыктар категориясында «Washington Post» басылмасы федералдык мекемелердин «башаламан реструктуризациясын» изилдеген эмгектери үчүн сыйлык алды.

Ал эми «Miami Herald» гезитинин кабарчысы Жули К. Браунга Жеффри Эпштейндин системалуу түрдө жасаган кылмыштарын ашкерелөөдө көрсөткөн туруктуулугу үчүн атайын ыраазычылык грамотасы берилди.

Иликте
Израиль Газадагы ок атышуу эрежесин бузуп, төрт палестиналыкты өлтүрдү
Түркиянын "AKYA" торпедосу чыныгы ок - дары менен атуу сыноосунда бутадагы кемени жок кылды
Кыргызстан менен Беларус соода көлөмүн 500 миллион долларга чейин көбөйтүүнү максат кылууда
Пакистан менен Иран терроризмге жана баңги затка каршы күрөшүүдө кызматташуусун күчөтөт
Иран: "АКШ менен маалымат алмашуу жана ортомчулук аракеттери уланууда"
Россиянын түштүгүндөгү Wildberries логистикалык борборлоруна дрон менен чабуул жасалды
Түрк аскерлеринин Сомалидеги миссиясынын мөөнөтү 2 жылга узартылды
АСЕАН Түркияга диалог өнөктөшү статусун берди
Түркия Жер Ортолук деңизиндеги байыркы шаарда 2000 жылдык негизги жолду ачыкка чыгарууда
БУУ:2026-жылдын биринчи жарымында Россия-Украина согушунда карапайым калктын өлүмү 37% өстү
Дүйнөлүк башаламандык шартында АСЕАН биримдикке чакырган маанилүү саммит баштады
Лавров Түндүк Кореянын Тышкы иштер министри  Цой Сон Хи менен жолугушту
АКШ Иранга каршы жаңы чабуулдарды баштады жана Иранда көптөгөн жарылуулардын болгону билдирилди
Түркия: "90 жылдан бери Монтрё кысыктары конвенциясын кылдаттык менен ишке ашырып келе жатабыз"
Президент Эрдоган: "Биз Кипр түрк элин эч качан адилеттүү күрөшүндө жалгыз калтырбайбыз"