ДҮЙНӨ
1 мүнөт окуу
Бенинде аскерлер бийликти басып алышканын жарыялап, президент Талонду кызматтан кетиришти
Бениндин тышкы иштер министри төңкөрүш аракети көзөмөлдө экенин жана армиянын жана улуттук гвардиянын көпчүлүк бөлүгү дагы эле бийликке берилген бойдон калганын билдирди.
Бенинде аскерлер бийликти басып алышканын жарыялап, президент Талонду кызматтан кетиришти
Президент Талон экинчи мөөнөтүн аяктагандан кийин эмдиги апрелде кызматтан кетмекчи болчу. [Архивдик сүрөт] / AP

Бенинде жекшемби күнү бир топ аскерлер бийликти басып алганын айтып, мамлекеттик телеканал аркылуу президент Патрис Талондун кызматтан алынганын жарыялашты.

Өздөрүн «Кайра түзүү үчүн аскер комитети» (CMR) деп атап, өлкөнү жетектөөгө подполковник Паскаль Тигри дайындалганын айтышты.

«Патрис Талон республика президенти кызматынан бошотулду», — деди CMR мамлекеттик телеберүүдө.

2016-жылдан бери бийликте болгон жана 2021-жылы кайра шайланган мурдагы ишкер Талон экинчи мөөнөтүнүн аягында, келерки жылдын апрелинде кызматтан кетиши керек эле; бул аймакта өз ыктыяры менен бийликти өткөрүп берүү сейрек көрүнүш.

Франция элчилиги Камп Гезо жайгашкан президент резиденциясынын жанында ок атылганын билдирип, жарандарды «абал толук такталмайынча» үйдө болууга үндөдү.

«Абал көзөмөлдө»

Талондун учурдагы жайгашкан жери дароо белгилүү болгон жок.

Бениндин тышкы иштер министри Шегун Аджади Бакари Reuters агенттигине:«Бир (төңкөрүш) аракет бар, бирок абал көзөмөлдө»,-деди.

Ал кошумчалап: «Аскердин жана улуттук гвардиянын ири бөлүгү бийликти колдоп, абалды көзөмөлдөп жатат»,-деди.

Бул билдирүү өлкө президенттик шайлоого даярданып жаткан маалда чыкты.

Бийликчил коалиция экономикалык саясаттын негизги архитектору болуп эсептелген финансы министри Ромуалд Вадагнини реформаларды улантуу үчүн талапкер катары көрсөткөн.

Гвинея-Бисаудагы акыркы төңкөрүш — 2020-жылдан берки аймактагы тогузунчу төңкөрүш жана Батыш Африканын башка өлкөлөрүндөгү окшош окуялар аймактык туруктуулукка тынчсызданууну күчөттү; жекшембидеги бул билдирүү демократиялык нормаларга басым жасалып жаткан өлкөлөрдө байкалган тынчсыздануучу тенденциянын бир бөлүгү болуп калды.

Иликте
АКШ менен Канаданын ортосундагы тарифтик чыңалуу: Трамп Оттава администрациясын катуу сынга алды
Израилдин Газага жасаган геноциддик чабуулдарынан каза болгондордун саны 73 419га жетти
Пезешкиан: Иран "согуш да, тынчтык да эмес" деген кырдаалдын токтошун каалайт,компромисске барбайт
Пакистан жана Малайзия коопсуздук чөйрөсүндө кызматташууну тереңдетүү боюнча макулдашты
Израилдин аскер кызматкерлери Нетаньяху шайлоону кийинкиге калтыруу үчүн чыңалууну күчөткөнүн айтат
Тордун ханышалары Словения менен беттешет
Украиналык дрондор Самара облусундагы өнөр жай объектисин жана Ozon платформасынын кампасын атты
Иран армиясынын өкүлү: Иран армиясы коргонуудан чабуулга өттү
Израилдин расмий өкүлдөрү: Нетаньяху Түркия менен чыңалуунун "керексиз" күчөшүнө алып келүүдө
Колумбиядагы жер титирөөдөн каза болгондордун саны өсүүдө; Түркия гуманитардык жардамды  көрсөтүүдө
Түркия Президент Эрдоганга карата айтылган пикирлерге байланыштуу Израилди сынга алды
Түркия жана 11 башка өлкө Сириядагы Израилдин соккуларына каршы чыкты
Түркия Интерполдон Нетаньяхуга каршы кызыл бюллетень чыгарууну суранды
Кыргызстан мунай импорттоо тармагын кеңейтүүдө
Индонезия менен Кытайдын тышкы иштер министрлери жолугушту