ТҮРКИЯ
2 мүнөт окуу
Президент Эрдоган : Адамзат Газадагы зулумчулукту токтотуу үчүн аракетке өтүшү керек
Эрдоган Газадагы ачка калтыруу жана жарандардын тартып жаткан кыйынчылыгынан улам Израилдин жарандарга карата уланып жаткан кол салууларын катуу айптады.
Президент Эрдоган : Адамзат Газадагы зулумчулукту токтотуу үчүн аракетке өтүшү керек
/ AA

Президент Режеп Таййип Эрдоган Израилдин Газага жасаган кол салууларын токтотуу жана курчоого алынган аймакка гуманитардык жардам жеткирүүгө артыкчылык берүү үчүн глобалдык чукул чара көрүүгө чакырды. Эрдоган дүйнөнүн сабырынын түгөнүп бара жаткандыгын эскертти.

Габондун президенти Брис Олиги Нгуема менен биргелешкен маалымат жыйынында сөз сүйлөгөн Эрдоган: “Негизги максатыбыз – Газадагы бир туугандарыбызга гуманитардык жардам жеткирүүнү камсыз кылуу,” – деди.

“Адамзаттын атынан биз бул зомбулукту токтотуу үчүн эмне керек болсо, баарын жасоого милдеттүүбүз,” – деп кошумчалады.

Президент Эрдоган Газадагы ачка калтыруу жана жарандардын башынан өткөрүп жаткан кыйынчылыктарды эске алуу менен Израилдин палестиналык жарандарга каршы уланып жаткан кол салууларын катуу айыптады.

“Күнөөсүз балдар ачкачылыктан каза болуп, азык-түлүк жардамын алуу үчүн чогулган адамдар атайылап атылган көрүнүштү эч ким унчукпай карап тура албайт”,- деди.

Израилге карата глобалдык кысым

Эрдоган Түркиянын алдыдагы күндөрдө Израиль өкмөтүнө карата кысымды күчөтүү жана Газадагы гуманитардык апаатты токтотуу үчүн дипломатиялык аракеттерин күчөтө турганын айтты.

«Газадагы гуманитардык апаатты алдын алуу үчүн алдыдагы күндөрдө Израиль өкмөтүнө болгон кысымды дагы да арттырууга аракет кылабыз»,-деп Түркиянын эл аралык өнөктөштөрү менен тыгыз координацияда экендигин баса белгиледи.

Түркиянын Палестина эли менен тилектештигин кайталаган Эрдоган: «Газадагы боордошторубуздун жалгыз эмес экенин күчтүү түрдө сездиребиз, ок атышпоо жана аймакта эң кыска убакытта туруктуу тынчтыктын орношу үчүн дагы көп аракет кылабыз»,-деди.

Эрдоган Европада Палестина мамлекетин таанууга колдоо көрсөтүүнү кубаттап, Түркиянын мындай кадамдарды «баалуу жана тайманбас» деп тапканын айтты.

"Европадагы гуманитардык реакцияларга баа беребиз. Палестина мамлекетин таанууга багытталган ар кандай кадамдарды кубануу менен кабыл алабыз", - деди.

Эрдогандын билдирүүлөрү Газанын заманбап тарыхтын эң оор гуманитардык кризистеринин бирин өткөрүп жаткан учурга туш келди. 2023-жылдын 7-октябрынан бери 60 миңден ашуун палестиналык каза болду жана тамак-аш, суу, медициналык каражаттардын жетишсиздиги күч алууда.

Эл аралык коомчулуктун ок атышууну токтотууга жана жоопкерчиликке тартуу чакырыктары күчөп, Израилге каршы Эл аралык кылмыш сотунда жана Эл аралык Сотто (ICJ) соттук териштирүүлөр уланууда.

Иликте
Фидан: Түркия менен Болгариянын бекем мамилелери жалпы келечекти калыптандырууда
ТКТРнын лидери президент Эрдогандын Чыгыш Жер Ортолук деңиз билдирүүлөрүнө колдоо көрсөттү
"Европа-Атлантика коопсуздугунун келечегин калыптандыруу" боюнча жыйын өттү
Бурханеттин Дуран: Түркия жаңы мүмкүнчүлүктөрдүн эшиктерин ачууну улантат
Тышкы иштер министри Фиданды Болгариянын премьер-министри Радев кабыл алды
Эрдоган Түрк Кызылайы дүйнөлүк гуманитардык жардам аракеттери менен өзгөчөлөнгөнүн айтты
Фидан: АКШ менен Иранга сүйлөшүүлөргө кайтууну сунуштайбыз
Улуттук коргоо министрлиги: Түндүк Кипр Түрк Республикасынын кызыкчылыктарын коргоону улантабыз
Президент Эрдоган Түрк Кызылайынын түптөлгөнүнө байланыштуу билдирүү жарыялады
Түркиянын БУУдагы туруктуу өкүлүнүн орун басары: Аймакта тынчтыкка жетүү "глобалдык зарылчылык"
Эрдоган Израилдин Сирияга жана Ливанга чабуулдары Түркияга да коркунуч туудурганын билдирди
Министр Фидан Болгарияга барат
Министр Байрактар Грузиянын Көз карандысыздык күнүндө сөз сүйлөдү
Түркия күзгү климаттык саммиттин алдында COP31 конференциясын өткөрүү келишимине кол койду
Министр Фидан эртең Түштүк-Чыгыш Европа Кызматташтык Процессинин саммитине катышат
Тышкы иштер министри SEEP саммитине президент Эрдогандын атынан катышат
Түркия менен Канада эркин соода келишими боюнча сүйлөшүүлөрдү башташат
Стамбул декларациясында кызматташтык жөнүндө билдирүү алдыңкы орунда турат
TUSAŞ башкы директору Демироглу: «Түркия согуштук учак долбоорлору боюнча Европадан алдыда»
Президент Эрдоган Венесуэланын президентинин милдетин аткаруучусу менен жолугушту