ТҮРКИЯ
2 мүнөт окуу
Эрдоган БУУнун Башкы ассамблеясында: «Газада согуш жок, бул геноцид»
Израилдин Газага кол салуусу эки жылга жакындап калганда Түркиянын президенти 23 айдан бери саат сайын бир бала каза болуп жатканын айтып, глобалдык чара көрүүгө чакырды.
Эрдоган БУУнун Башкы ассамблеясында: «Газада согуш жок, бул геноцид»
Эрдоган БУУнун Башкы ассамблеясында сөз сүйлөдү / AA

Түркиянын президенти Режеп Таййип Эрдоган Нью-Йоркто Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясында сүйлөгөн сөзүндө Израилди Газада геноцид кылып жатканы менен айыптап, эл аралык коомчулукту кан төгүүнү токтотуу үчүн чукул чара көрүүгө чакырды.

Эрдоган шейшемби күнү: «Газада 700 күндөн ашуун убакыттан бери көз алдыбызда геноцид кылынып жатат»,-деди.

«Акыркы 23 айдан бери Израиль саат сайын бир баланы өлтүрүп жатат. Булар жөн гана сандар эмес, алардын ар бири өмүр, бейкүнөө адам»,-деп айтты ал.

Эрдоган Газадагы гуманитардык апааттын заманбап тарыхта болуп көрбөгөндөй болгонун белгилеп, эки жана үч жаштагы балдардын наркозсуз буту-колунан ажырап жатканын айтты.

Ал дүйнөлүк лидерлерге кайрылып: «Бул адамзаттын эң төмөнкү чекити»,-деди. «Газада согуш жок, эки тарап жок. Бул басып алуу, геноцид, массалык өлтүрүү саясаты».

«Мен Палестина элинин атынан сүйлөп жатам»

Түркиянын президенти Палестина мамлекетин тааныган өлкөлөргө ыраазычылык билдирип, башкаларды «кечиктирбестен чара көрүүгө» чакырды.

Палестинанын президенти Махмуд Аббастын Нью-Йоркко келбей калганына өкүнүчүн билдирген Эрдоган, Түркиянын «үнү бастырылган Палестина элинин атынан» сүйлөгөнүн баса белгиледи. 

Эрдоган Газада ок атышууну токтоосуз токтотууга, гуманитардык жардамга тоскоолдуксуз жетүүгө жана Израилдин геноциддик кадрларынын жооп берүүсүнө чакырды.

Израиль Газадан жана басып алынган Батыш Шериадан Сирияга, Иранга, Йеменге, Ливанга жана Катарга карай агрессиясын кеңейтүү менен аймактык стабилдүүлүккө коркунуч келтирүүдө.

«Убада кылынган жерге болгон азгырыгынан улам Израиль өкмөтү экспансионисттик саясаты менен аймактык тынчтыкты жана адамзаттын орток жетишкендиктерин коркунучта калтырууда»,-деген Эрдоган, Нетаньяхунун «тынчтыкка же барымтадагыларды куткарууга эч кандай ниети жок»,-деди.

«Эзилген палестиналыктардын жанында болгула»

Түркия президенти дүйнө лидерлерин «адамзаттын атынан бүгүн эзилген палестиналыктардын жанында чечкиндүү турууга» чакырып, Израилдин чабуулдары эң негизги адам укуктарын, анын ичинде аялдардын жана балдардын укуктарын, сөз эркиндигин, теңдикти жана адилеттикти жок кылганын билдирди.

Эрдоган: «Балдар ачкачылыктан жана дары-дармексиздиктен өлүп жаткан дүйнөдө тынчтык болушу мүмкүнбү?», - деп сурады. Ал мындай деди: «Адамзат тарыхы өткөн кылымда мындай мыкаачылыкты көргөн эмес».

Иликте
Эрдоган: "Стамбул аэропортунун төртүнчү учуп-конуу тилкеси дүйнөлүк байланышты жогорулатат"
Эрдоган: «Түркияны дүйнөдөгү эң кеңири аба каттамдары тармагына ээ өлкөлөрдүн бирине айландырдык"
Израиль күчтөрү Сириянын түштүгүндө рейд жүргүздү
Түндүк Кореянын Орусиядагы заводдорго миңдеген жумушчуларды жөнөткөнү айтылууда
Конго Демократиялык Республикасында эболадан каза болгондордун саны 3577ге жетти
Пакистанда мечитке жакын жерде жардыруу болду: 15 киши каза болуп, 50дөн ашык киши жаракат алды
Скандинавия аба жолдору Израилге каттамдарды кайрадан жандандыруу планын жокко чыгарды
Филиппин: Мектепте болгон атышуудан эки окуучу каза болду
Бразилиянын лидери Трампты президенттик шайлоого кийлигишпөө жөнүндө эскертерин айтты
Африкада жаңы океан пайда болот
Орусия: Украинадагы согуштун көлөкөсүндө парламенттик шайлоо өткөрүлүүдө
Газада Израиль тарабынан талкаланган конуштан дагы 12 сөөк табылды
Кофенин жыты маанайды жана мээ толкундарын өзгөртө алары аныкталды
Трамп Польшада АКШнын базасын түзүү боюнча маанилүү ийгиликтерге жетишилгенин жарыялады
Словакиянын премьер-министри Фицо "Европа боюнча аскердик кагылышуу" тууралуу эскертти