ТҮРКИЯ
2 мүнөт окуу
Анкара: Ким тараптан келсе келсин, кастык мамилеге жооп берүү укугубуз сакталат
Коргоо министрлиги АКШ-Израилдин Иранга каршы согушу уланып жаткан маалда Анкаранын чек араларында жана аба мейкиндигинде коопсуздук чаралары эң жогорку деңгээлге чыгарылганын билдирди.
Анкара: Ким тараптан келсе келсин, кастык мамилеге жооп берүү укугубуз сакталат
Түркия аймактык жаңжалдарды тынчтык жолу менен чечүүгө жана диалогго чакырат. [Архивдик сүрөт] / Anadolu Agency

Түркия Республикасынын Улуттук коргоо министрлигинин катчысы шаршемби күнү Ирандан учурулган бир баллистикалык ракетанын чыгыш Жер Ортолук деңиздеги НАТОнун абадан коргонуу бөлүктөрү тарабынан жардырылышынан кийин Түркиянын жарандарын жана улуттук аба мейкиндигин коргоо тууралуу чечкиндүүлүгүн баса белгиледи.

Министрлик кийинчерээк Хатайдын түштүгүндө табылган сыныктар ракетаны атып түшүрүү учурунда колдонулган абадан коргонуу куралдарынын калдыктары экенин тастыктады. Окуяда каза болгондор тууралуу маалымат берилген жок.

Улуттук коргоо министрлигинин басма сөз жана коомчулук менен байланыш боюнча кеңешчиси, контр-адмирал Зеки Ак түрк бейшемби күнү өткөн маалымат жыйынында: «Абалдарга тыкыр көз салуу менен бирге, НАТО жана өнөктөштөр менен тыгыз координацияда болуп, ар кандай булактардан келе турган кастык аракеттерге жооп берүү укугубузду дагы бир жолу кайталайбыз», — деди.

Актүрк Түркиянын баарынан мурда аймактык тынчтык менен туруктуулукту сактоону улантып жатканын белгиледи. Анкаранын Израиль-АКШ өнөктөштүгүндө Иранга каршы жасалган чабуулдарды жана Ирандын буга жооп катары үчүнчү өлкөлөрдү бутага алуусун кылдат байкап жатканын айткан Актүрк: «Кагылышуулардын тез арада токтотулушун каалайбыз», — деп кошумчалады.

Түркиянын аймактык келишпестиктерди тынчтык жолу менен чечүү аракеттерине салым кошууга даяр экенин кайталаган Актүрк: «Көйгөйлөр диалог аркылуу гана чечилиши мүмкүн», — деген пикирин билдирди.

«Түркия–Иран чек арасында адаттан тыш кыймыл жок»

Аталган ракетаны атып түшүрүү окуясы — ишемби күнү Израиль жана Америка Кошмо Штаттарынын Иранга каршы баштаган ири масштабдуу чабуулдары уланып жаткан учурда болду. Бул чабуулдардын натыйжасында, арасында диний лидер Али Хаменеи жана жогорку даражалуу аскер кызматкерлери да болгон, кеминде 926 адам каза болгон.

Иран бул чабуулдарга Израилден башка, АКШнын аскердик объекттери жайгашкан Булуң өлкөлөрүн да бутага алган дрон жана ракета соккулары менен жооп кайтарды.

Контр-адмирал Актүрк кагылышууга байланыштуу чыңалууга карабастан, Түркия–Иран чек арасында эч кандай адаттан тыш кыймыл байкалбаганын билдирди. Улуттук коргоо министрлигинин өкүлү технологияга негизделген жана көп катмарлуу коргонуу системалары менен бекемделген, күчөтүлгөн коопсуздук чараларынын бардык чек араларда колдонулуп жатканын белгиледи.

Актүрк ошондой эле жарандардын өмүрүнө жана туруктуулукка коркунуч келтирген аймактык кагылышуулардын тез арада токтотулушун каалаганын  билдирди.

Иликте
НАТОнун Анкара саммитинин билдирүүсү жарыяланды
Россия: "Украина эл аралык энергетикалык инфраструктурага каршы террордук аракеттерге барууда"
Эрдоган НАТО ичиндеги коргонуу боюнча кызматташтыкка карата чектөөлөрдү жоюга чакырды
Трамп: «Менин оюмча Иран менен ок атышпоо аяктады»
Иран АКШнын Исламабад ок атышпоо келишимин бузушун айыптады
АКШ Иранга каршы жаңы кол салууларды баштады
Сирия жана Франция он жылдан ашык убакыттан кийин дипломатиялык байланыштарды калыбына келтирүүгө макулдашты
Германия: НАТО өлкөлөрү Украинага 140 миллиард евро жардам берүүгө убада беришет
Президент Эрдоган: "Саммиттен күчтүү чыгабыз"
Трамп менен Эрдоган жолугушуусу: АКШ Түркияга каршы санкцияларды жойот, F-35 боюнча чечим жакында
Эрдоган НАТО саммитине келген  Трампты Анкарада тосуп алды
Кремль: "Анкарадагы НАТО саммитин жакындан көзөмөлдөп жатабыз"
НАТОнун Анкара саммитинде Коргонуу өнөр жай форуму башталды
Түркия курамасы («12 алп адам») Дүйнөлүк кубок жолунда 6 беттештин баарында жеңишке жетти
Министр Фидан: "Түркия Европа коопсуздугунун борбордук актерлорунун бири"