Эрдоган Иран менен Ливандагы мектептерди жана ооруканаларды бутага алган «канкор желени» айыптады
Президент Эрдоган жарандык инфраструктурага кол салуулар Газадагы кыйроолорду эске салганын белгилеп, АКШ менен Израилдин Иранга кол салууларынан кийинки чыңалуунун күчөшүнө көңүл бурду.
Түркиянын президенти Режеп Таййип Эрдоган ишемби күнкү билдирүүсүндө Иран менен Ливандагы мектептерди жана ооруканаларды бутага алган «канкор желени» айыптап, бул ага Газадагы кыйроолорду эске салганын айтты.
Стамбулда өткөн ифтар (орозо ачуу) иш-чарасында сүйлөгөн сөзүндө Эрдоган аймакта зомбулук күчөгөн сайын жарандык инфраструктура бутага алынууда деп билдирди.
Эрдоган: «Газадагыдай эле, канкор желе Иран менен Ливандагы мектептерди жана ооруканаларды талкалап, чабуулдарын улантууда», - деди.
Президент Түркия аймактагы чыңалуу күчөп турган мезгилде сабырдуулукка жана дипломатиялык чечимдерге чакырган өлкөлөрдүн катарында экенин баса белгиледи.
Президент Режеп Таййип Эрдоган: «Бул акылга сыйгыс алааматтуу чөйрөдө Түркия кризистерге чечим издөөдө акыл-эсти, диалогду жана дипломатияны жактаган алдыңкы өлкөлөрдүн катарында», - деди.
Жакынкы Чыгыштагы кризис Израиль менен АКШ 28-февралда Иранга биргелешкен чабуулдарды баштагандан кийин күчөдү.
Кол салууларда Ирандын мурдагы диний лидери Али Хаменеи жана 150дөн ашык мектеп окуучусун кошкондо 1200дөн ашык адам каза болуп, 10 000ден ашууну жаракат алганы кабарланууда.
Жооп катары Иран Израилге, Иорданияга, Иракка жана АКШнын аскер кызматкерлери жайгашкан айрым Перс булуңундагы мамлекеттерге учкучсуз учуучу аппараттар жана ракеталар менен сокку урду. Чыр-чатак башталгандан бери сегиз америкалык аскер каза болду.