ДҮЙНӨ
3 мүнөт окуу
Түркиянын коргоо министринин орун басары: "Европанын коопсуздугу Түркиясыз чоң коркунучта"
Улуттук коргоо министринин орун басары Шуай Алпай билдирүүсүндө Түркиясыз Европа Биримдигинин толукталбай тургандыгын белгиледи.
Түркиянын коргоо министринин орун басары: "Европанын коопсуздугу Түркиясыз чоң коркунучта"
Шуай Алпай / TRT Global
31 Май 2025

Шуай Алпай Түркиянын катышуусусуз Европа Биримдиги жана континенттин коопсуздугу “чоң коркунучка” туш болушу мүмкүн экендигин эскертти.

2025 Кара деңиз жана Балкан коопсуздук форумунда Анадолу агенттигине маалымат берген Алпай, Түркиянын геосаясий абалы жана туруксуз аймакта туруктуу тынчтык жана ырааттуулук үчүн мүмкүнчүлүктөрү жагынан алмаштырылгыс өнөктөш болорун баса белгиледи.

Алпай :«Түркиясыз Европа Биримдиги толук эмес болбойт. Түркия болбостон Европа Биримдиги жана Европанын коопсуздугу чоң потенциалдуу коркунуч алдында турат»,-деди.

Алпай Европа Биримдигин Түркиянын коопсуздукка кошкон салымын толук таанууга чакырып, "Европа Биримдиги кучагын кенен ачып, баарын камтыган мамиле жасап, эски адаттарынан арылышы керек", - деди.

Бул көз караш Анкарадан келген ырааттуу жогорку деңгээлдеги чакырыктар менен да дал келүүдө. Президент Режеп Таййип Эрдоган Түркиянын Европанын коргонуусуна катышуусун "абдан маанилүү" деп мүнөздөсө, тышкы иштер министри Хакан Фидан жакында туруктуу коопсуздук архитектурасы "Түркиянын катышуусу менен гана мүмкүн" болорун айткан.

Алпай Түркиянын өзгөчө Европадагы эл аралык өнөктөштүктө активдүү позициясын баса белгиледи.

Түркиянын коргонуу технологияларындагы потенциалына көңүл буруп, Европа өлкөлөрүн кызматташууга чакырган Алпай : «Бул темада Европа менен дагы да жакын кызматташууга даярбыз. Мүмкүнчүлүктөрүбүздү жана потенциалыбызды чогуу карап чыга алабыз",- деди.

Туруктуу коопсуздук архитектурасы

Алпайдын билдирүүлөрүнө шайкеш, Европа Биримдиги тарабынан шаршемби күнү жарыяланган Кара деңиз стратегиясында "стратегиялык мааниге ээ Европа Биримдиги өнөктөшү жана талапкер өлкө болгон Түркия менен координациялуу бир мамиленин да маанилүү экендиги” белгиленди.

Алпайдын билдирүүлөрү АКШнын убадаларынын өзгөргөндүгүнө байланыштуу белгилер боюнча Европа Биримдигинин коопсуздук позициясын кайрадан карап жаткан учурга туш келди.

АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио Европа өлкөлөрүн коргонууга жумшаган каражаттын жетишсиздиги үчүн сындап, алардын улуттук потенциалына көбүрөөк инвестиция салууга чакырды. Ошол сыяктуу эле, коргоо министри Пит Хегсет Европанын АКШнын тынымсыз катышуусун болжолдобошу керектигин белгилеп, союздаштар арасында жүктү көбүрөөк бөлүшүүгө чакырды.

Шуай Алпай Кара деңиздеги ырааттуулуктун жээк өлкөлөрүнүн, өзгөчө НАТОго мүчө Түркия, Румыния жана Болгариянын аймактык ээлик кылуусу аркылуу корголушу керектигин, бул өлкөлөрдүн аймактык кыйынчылыктарды эл аралык укуктун, өзгөчө Түрк кысыктарынан өтүүнү жөнгө салган 1936-жылдагы Монтре конвенциясынын жетекчилиги астында чечүүлөрү керектигин айтты.

Түркиянын ишенимдүү ортомчу катары позициясы

Шуай Алпай келишимдин маанисине көңүл буруп, Түркиянын бул келишимге берилгендиги Россия - Украина согушунун башталышынан кийин ортого чыккандыгын айтты.

Анкаранын операция башталгандан төрт күн өткөндөн кийин кырдаалды расмий түрдө "согуш" деп аныктаганын, Стамбул жана Чанаккале босфорлорун согушуп жаткан тараптардын согуштук кемелери үчүн жабуу үчүн Конвенциянын 19-беренесине кайрылганын айтты.

Шуай Алпай: «Согуштун деңизге жайылбашы Түркиянын өзгөчө аракетинин натыйжасы»,-деди.

Түркиянын Москва жана Киевдин арасында “турктуу жана так тынчтыкты” каалагандыгын айткан министрдин орун басары Анкаранын “убактылуу ок атышпоонун маселени чечет деп ойлобогондугун” сөздөрүнө кошумчалады.

Түркиянын ишенимдүү ортомчу позициясы аймактык дипломатиясын калыптандырууну улантууда. Анкаранын Эфиопия менен Сомалинин ортосундагы ортомчулугу жана Босния жана Герцеговинадагы серб, хорват жана босняк коомдорунун үч тараптуу кызматташуусу аркылуу тынчтыкты курууга кошкон салымы бул ролдун кээ бир мисалдарын берүүдө.

Акыркы болуп, Стамбул согуштун алгачкы айларындан бери биирнчи түздөн - түз жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөр болгон Россия - Украина тынчтык сүйлөшүүлөрүн 16 - майда өткөрдү. Согушуп жаткан тараптар эки тараптан 1000 туткунду алмаштыруу боюнча макулдашты жана Россия сүйлөшүүлөрдүн экинчи айлампасын 2-июнда Стамбулда кайрадан өткөрүүнү сунуштады.

Алпай эл аралык коомчулуктун Түркиянын тынчтык орнотуучу ролуна болгон ишенимин өлкөнүн ырааттуу, «адилет жана тең укуктуу» мамилеси менен байланыштырды.

Алпай: «Согушуп жаткан өлкөлөр жана бул сүйлөшүүлөргө катышкан башка өлкөлөр Түркиянын эл аралык укукка берилгендигин жана милдеттенмелерин эң башынан эле баалашты», - деп кошумчалады.

Алпай Түркиянын аймактык кызматташтыкта ​​потенциалын жана эффективдүү ролун колдонуу менен тынчтыкка салым кошууну уланта тургандыгын айтты.

Иликте
Трамптын сынынан кийин Рим Папасы согушка каршы сөздөрүн улантаарына убада берди
АКШнын санкцияларына кабылган кытайлык танкер Ормуз кысыгы блокадасын бузуп өттү
Иран беш Араб өлкөсүн айыптады: "АКШ жана Израиль менен кызматташтыңар, кун төлөгүлө!
Израиль Түштүк Ливанда узак мөөнөттүү аскердик оккупациялоону сунуштады
Кытай Иранга курал-жарак өткөрүүнү пландап жатканы тууралуу маалыматтарды четке какты
Иран Ормуз кысыгындагы чыңалуудан улам Перс булуңундагы порттор коопсуз болбой турганын айтты
Судандагы ачкачылык кризиси тереңдеп жатат
Канцлер Мерц Нетаньяхуну Батыш Шериа темасында эскертти
Исламабадда өзөктүк соодалашуу: Ирандан 5 жылга тоңдуруу сунушу, АКШ 20 жылга чейин талап кылууда
Вэнс: Пакистандагы Иран тууралуу сүйлөшүүлөрдө "чоң ийгиликтерге" жетишилди
Украина менен Россия Пасхадан кийин дрон чабуулдарын кайра баштады
Европа Биримдиги Иран согушунан улам энергетикалык бааларды координациялоого чакырууда
Түштүк Корея менен Польша коргонуу жаатындагы байланыштарын тереңдетүүдө
Иран менен АКШ сүйлөшүүлөр үзгүлтүккө учураганга чейин келишимге жетишүү алдында турган
Орусия менен Украинанын ортосунда Пасхага карата ок атышпоо аяктады
АКШнын вице-президенти Вэнс АКШ-Ирандын маанилүү сүйлөшүүлөрүн баштоо үчүн Пакистанга барды
АКШнын Жакынкы Чыгыш согушунда Иранга каршы дрон жоготуулары көбөйүүдө
Израиль Иранга каршы согушунда 10 800 абадан сокку урганын билдирди
Израиль Газада ок атышууну бузуп, текшерүү пунктунда кеминде 6 адамды өлтүрдү
Мусулмандар бир нече аптадан кийин кайра ачылган Аль-Акса мечитинде жума намазын окушту