ДҮЙНӨ
1 мүнөт окуу
Израиль күчтөрү Сириянын Кунейтра элет жерине жаңы кургактагы операция жүргүздү
Расмий маалымат каражаттарынын билдирүүлөрүнө ылайык, алты израилдик унаа Саида аль-Ханут айылына жакындап барды.
Израиль күчтөрү Сириянын Кунейтра элет жерине жаңы кургактагы операция жүргүздү
Израилдин унаалары Саида аль-Ханут айылына жакындап барды. / Reuters
 

Сириянын мамлекеттик маалымат каражаттарынын кабарына караганда, өлкөнүн эгемендигин күн сайын бузган Израиль армиясы Кунейтранын түштүк элет жериндеги Саида аль-Ханут айылына каршы жаңы кургактагы операция жүргүздү.

Сирия Араб жаңылыктар агенттиги (SANA) жума күнү алты израилдик унаа, анын ичинде үч Humvee, эки ак жүк ташуучу унаа жана бир кара микроавтобус айылга карай жылып барышканын билдирди.

Бейшемби күнү үч унаадан турга израилдик патруль Кунейтренин түндүк аймагындагы Самдания ал-Шаркия жана ал-Ажраф шаарчаларына кирди.

Израиль күчтөрү шаарлардын ортосунда талкаланган суу сактагычтын жанына убактылуу аскердик текшерүү пунктун орнотушту.

Израилдик артиллерия ошондой эле Сириянын түштүк-батышындагы Дараанын батыш айыл жериндеги Коя шаарынын четине төрт артиллериялык снаряд атты.

Жабыркагандар тууралуу азырынча маалымат жок.

Израиль армиясы же Сириянын расмий өкүлдөрү бул маселе боюнча азырынча эч кандай билдирүү жасай элек.

Сирия өкмөтүнүн маалыматтары көрсөткөндөй, 2024-жылдын декабрынан бери Израиль Сирияга 1000ден ашык аба соккуларын жана түштүк провинцияларга 400дөн ашык чек ара рейддерин жүргүзгөн.

2024-жылдын аягында Башар Асад режими кулагандан кийин Израиль демилитаризацияланган буфердик зонаны жана Сириянын Голан дөңсөөлөрүн басып алууну кеңейтүү менен 1974-жылдагы Күчтөрдү бөлүү келишимин бузган.

Иликте
Аль Тани: "Жакынкы Чыгыш жаңы АКШ-Иран чыңалуусун көтөрө албайт"
Газа тилкесине Израилдин кол салууларынан дагы эки палестиналык каза болду
Греция Израиль менен 1 миллиард евролук жаңы курал-жарак келишимин даярдап жатат
Ливиянын жээгинде Орусиянын деңиз флотуна таандык корвет жана орус жүк ташуучу кемеси бутага алынды
Трамп Иранга чабуулдар жаңы жылдан кийин кайра башталышы мүмкүн деп эскертти
Берлиндеги ооруканада чыккан өрттөн 15 адам жабыркап, бир адамдын абалы оор
Министр Курум: "Жалпы үйүбүз дүйнө үчүн чечимдерди издөөдөн баш тартпайбыз"
Индонезиядагы өрт апааты: 24 адам каза таап, ондогон адамдан кабар жок
Түрк Кызылайы Газадагы 25 миң адамга азык-түлүк жардамын жөнөттү
Украина: "Орусиянын ар кандай чабуулдарынан 14 жаран каза болду"
Батыш Фракиядагы түрк азчылыгынын мектептеринин жабылышына нааразылык
Орусия: Германия менен Улуу Британиянын коргоо министрлери «акылынан адашып калышты»
Кытай АКШдан телекоммуникациялык чектөөлөрдү алып салууну суранды
Жаш улуттук дзюдочулар Дүйнө чемпионатынын 3-күнүндө 2 алтын, 3 медаль утушту
Иран Бахрейндеги АКШнын радарларына сокку урганын жарыяласа, Манама жарандык объект экенин билдирди