ДҮЙНӨ
1 мүнөт окуу
Трамп: "Иран менен эртең Дохада жолугушуу болот"
АКШнын президенти Дональд Трамп Ирандын сүйлөшүү талап кылганын айтып, эртең Догада жыйын болорун жарыялады.
Трамп: "Иран менен эртең Дохада жолугушуу болот"
Дональд Трамп (Архив)

Трамп социалдык медиадагы эсебинен бул тууралуу маалымат берди.

Президент Трамп: «Иран жыйын өткөрүүнү суранды. Дохада эртең жыйын өтөт», — деди.

АКШнын "Axios" маалымат сайты аты-жөнүн атагысы келбеген жогорку кызматтагы америкалык жетекчиге таянып, АКШ менен Иран бири-бирине жасаган чабуулдарды токтотуу боюнча макулдашып, Ормуз кысыгындагы пикир келишпестиктерди чечүү үчүн 30-июнда Катарда сүйлөшүүлөрдү пландап жатканын кабарлаган.

Иран менен АКШнын ортосунда Швейцарияда макулдашуу протоколу боюнча сүйлөшүүлөр

Катар менен Пакистандын ортомчулугунда Иран менен АКШнын ортосунда Швейцарияда өткөрүлгөн сүйлөшүүлөрдүн алгачкы айлампасы 21-июнда аяктады. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө 14 беренеден турган өз ара түшүнүшүү меморандумун ишке ашыруунун техникалык деталдары талкууланды.

Ортомчу өлкөлөр — Катар менен Пакистандын Тышкы иштер министрликтери жарыялаган биргелешкен билдирүүдө, тараптар кол коюлган меморандумга ылайык "ортомчулук аракеттердин саясий багыттарын көзөмөлдөө үчүн жогорку деңгээлдеги комитет түзүүнү макулдашканы" маалымдалды.

Ошондой эле тараптар 60 күндүн ичинде акыркы келишимге жетишүүнү көздөгөн жол картасын бир добуштан жактырышканы белгиленди.

Иликте
Орусиянын Ozon компаниясына таандык үч кампага дрондор менен чабуул жасалды
Украина: "Орусиядагы мунай иштетүүчү завод менен Мариновка аскердик аэродромуна чабуулдарды жасадык"
Нигерияда кеме оодарылып, 52 адам каза болду
Гутерриш Орусиянын Киев жана Украинанын башка шаарларына чабуулдарын катуу айыптады
Орусия Москва Иранга сүйлөшүүлөрдү кайра баштоого кысым көрсөтпөгөнүн айтты
Россия: "Киевдин позициясы кризисти тынчтык жолу менен чечүү мүмкүнчүлүгүн начарлатууда"
Израиль түнү менен Ливандын түштүгүнө абадан сокку урду
Ирандын Революциялык Гвардиясы: "Эгер жаңы согуш башталса, дагы да кыйратуучу куралдарды колдонобуз"
Зеленский Киевге жасалган кол салууларда каза болгондордун саны  12ге жеткенин билдирди
Түштүк Корея: "Түндүк Кореяда 80-120 ядролук курал бар деп болжолдонууда"
НАТО Орусиянын Калининград облусунуна жакын аймакта аба машыгуусун өткөрдү
Иран: АКШнын "Экономикалык D-Day операциясы" өзүнүн кризисин жашыруу аракети
Румыниянын Украина чек арасына жакын токойлуу аймакка бир жума ичинде экинчи жолу дрон кулап түштү
НАТО Ирандын Европадагы АКШ объектилерине карата ыктымалдуу кол салууларына даяр
Кытайдын түндүгүндөгү имаратта чыккан өрттөн 8 киши каза болуп, 3 киши жаракат алды
Пезешкиан: "Акылмандык, ар-намыс жана өз кызыкчылыктарыбызды эске алуу менен сүйлөшөбүз"
Израилдин Газадагы полиция пунктуна кол салуусунан каза болгондордун саны 9га жетти
Индонезиядагы жер титирөөдөн каза болгондордун саны 71ге жетти
Украина: "Орусиянын Киевге кол салуусунан 8 адам каза болуп, 33 адам жаракат алды"
Израиль 2 жылдан ашык убакыттан бери танып келген 5 жаштагы Хинд Ражабды өлтүргөнүн мойнуна алды