ДҮЙНӨ
2 мүнөт окуу
Ирандын Сауд Арабиядагы базага жасаган чабуулунда 12 америкалык аскер жаракат алды
Эр-Рияддын Харж шаарындагы "Принц Султан" аба базасына чабуул жасалды. АКШ маалымат каражаттары аны Иран согушундагы америкалык коргонуу үчүн эң олуттуу бузуулардан бири катары карашууда.
Ирандын Сауд Арабиядагы базага жасаган чабуулунда  12 америкалык аскер жаракат алды
Иран ракетасы АКШ-Израиль менен Ирандын ортосундагы согуштун арасында учуп баратат. / Reuters

АКШ медиасынын маалыматына караганда, Ирандын Сауд Арабиясындагы «Принц Султан» авиабазасына жасаган ракеталык чабуулунан кеминде 12 америкалык аскер жаракат алды, алардын ичинен экөөсүнүн абалы оор. Ошондой эле АКШнын бир нече май куюучу учактары зыянга учурады.

«The Wall Street Journal» басылмасынын кабарына караганда, расмий өкүлдөр чабуулда дрондордун да колдонулганын билдиришти.

Бул чабуул АКШнын Борбордук командачылыгы (CENTCOM) Иран менен болгон согуштун төртүнчү аптасында 300дөн ашык америкалык аскер жаракат алганын билдирген, аймактагы чыңалуу курчуп турган маалда болду.

АКШнын Мамлекеттик катчысы Марко Рубио согуштун дагы «эки жумадан төрт жумага чейин» созулушу мүмкүн экенин белгиледи. Ал согуштан кийинки эң чоң кыйынчылык — Ирандын Ормуз кысыгынан өткөн кемелерден акы алуу аракетине бөгөт коюу болорун айтып, мындай аракетти «мыйзамсыз» жана «дүйнө үчүн кооптуу» деп мүнөздөдү.

Израиль Иранга дагы чоң масштабдуу чабуул жасады.

Бул окуялардан кийин мунайдын баасы баррелине 100 доллардан жогору көтөрүлдү, ал эми АКШнын фондулук рыноктору президент Дональд Трамп Ирандын энергетика тармагына кол салууларды токтоткондон кийин төмөндөдү.

Йеменде хуситтер согушту кеңейте аларын билдиришти. Өлкөнүн көпчүлүк бөлүгүн көзөмөлдөгөн топ, эгерде дагы көп мамлекет Тегеранга каршы согушка кошулса, АКШ же Израиль операциялары үчүн Кызыл деңизди колдоно турган болсо, түздөн - түз аскердик кийлигишүүгө даяр" болорун билдиришти.

Трамп АКШнын Тегеранга жолду кайра ачуу мөөнөтүн узарткандан бир күндөн кийин, Иран жума күнү үч кемени Ормуз кысыгынан өтпөө боюнча эскерткенин жарыялады.

АКШ менен Израилдин чабуулдарына жооп катары Иран АКШнын аскердик базалары жайгашкан Израилге, Иорданияга, Иракка жана Перс булуңундагы мамлекеттерге каршы дрон жана ракеталар менен сокку урду. Бул чабуулдар адам өлүмүнө жана инфраструктуранын зыянга учурашына алып келди.

Иликте
Россия: "Украина кризисти тынчтык жолу менен чечүүнү каалабайт"
Россия Украинанын 376 дронун атып түшүргөнүн жарыялады
Сабиха Гөкчен аэропорту алгачкы 6 айда 23,6 миллион жүргүнчүнү кабыл алды
Президент Эрдоган НАТО саммитинин алкагында Албаниянын премьер-министри Раманы кабыл алды
Президент Эрдоган Словакиянын президенти Пеллергини менен жолугушту
Түркия дүйнөдөгү калкы эң көп 18 -  өлкө болду
Трамп Иранды "чабуулдар катуу болушу мүмкүн" деп коркутту
Трамп: Эрдоган мыкты эле, НАТО узун жолду басып өттү
Иран жаңы чабуулдардан кийин АКШны эскертти жана Тегерандын Ормуз кысыгынын тагдырын чечерин айтты
Трамп НАТО саммити негизги маселелерди чечкенин айтып, альянстын биримдигин мактады
Президент Эрдоган НАТО саммитин тарыхый жетишкендик деп мүнөздөдү
Иран: Авантюралык аракеттерге дароо жооп берилет
Трамп: "Бүгүн кечинде Иранга  катуу сокку урабыз"
НАТОнун Анкара саммитинин билдирүүсү жарыяланды
Россия: "Украина эл аралык энергетикалык инфраструктурага каршы террордук аракеттерге барууда"